Сакофат
Trending

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (4)

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (4)

(калктардын тарыхы, сапаттары, макулдашуусу жана күрөшү)

Лукман Харзулла

Тарыхты үйрөнүүдө изилдөөчү ага пайдалуу болгон нерсени айырмалап алып, пайдасыз нерсени четке кагышы зарыл. Бул айырмалоо изилдөөчүнүн максатына жараша болот. Эгер адабият жана көркөм сөз илимин көздөгөн болсо, ал өз үммөтүнүн акын-жазуучуларынын тарыхына сүңгүп кирет. Эгер көңүл ачуу үчүн болсо, элдердин уламыштарына кирип кетет. Эгер, курулай кызыгуу жетелесе, тарыхтагы чечилбес суроолорду казып баштайт. Бирок саясатчы андай жолдорго түшпөйт. Ал өзүнүн максатына ылайык багыт менен жүрөт, ал – кечээки саясатты изилдөө.

Тарых:

Элдердин, мамлекеттердин жана жетекчилердин тарыхы – бул иштерди көзөмөлдөөгө жана абалды өзгөртүүгө байланышкан окуялар тууралуу кабарлар. Өз учурунда булар саясий окуялар болгон, бүгүн болсо тарых болуп калды. Элдердин, мамлекеттердин жана жетекчилердин тарыхын изилдөө ар кыл тараптан пайдалуу. Жетекчилердин тарыхы саясатты иш жүзүндө жүргүзгөн саясатчыга жол көрсөтөт. Анткени ал окуялардын жүрүшүн өзгөрткөн, өлкөлөрүн кризистен чыгарган, үммөттөрүн азаптардан сактап калган же аларды көтөрүп чыгып дүйнөлүк деңгээлдеги мамлекеттер катарына жеткирген жетекчилердин иш-аракеттерине көз жүгүртөт. Бул болсо саясатчыга саясатта мүмкүн болгон нерсе вакыйлык экенин, ошондой эле саясатчынын колуна тийгенде ошол вакыйлык кандай абалга айланышы мүмкүн экенин көрсөтөт.

Мамлекеттердин тарыхы саясатчыга эл аралык тең салмактын өнүгүшү, эл аралык салттар менен мыйзамдардын пайда болушу, саясий багыттарды ишке ашыруу жана белгиленген саясаттарды аткаруу үчүн убакыттын өтүшү менен колдонулган таасирдүү куралдар боюнча тажрыйба берет. Ал эми элдердин тарыхын изилдөө саясатчыга элдердин, үммөттөрдүн абалдары, касиеттери жана ошол элдер көтөрүп жүргөн сапаттар менен байланышкан окуялар кандайча өөрчүгөнүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы дүйнөдөгү жетекчилер көп учурда өз тажрыйбаларын өз элдеринин тарыхый жетекчилеринен үлгү алышат. Ислам үммөтүндөгү жетекчилер өздөрүнүн берешендигин Пайгамбарыбыз ﷺдан жана анын артынан келген хулафаи рошидиндер Абу Бакр, Умар, Усман жана Али رضي الله ععنهمдан алышкан. Ошондой эле үммөттү жана мамлекетти мыкты багып-көзөмөлдөгөн халифалардан, мисалы, Харун ар-Рашид жана Сулайман Канунийден رحمهما الله үлгү алышкан.

Америкада болсо жетекчилер Америка мамлекетин куруп, анын бүтүндүгүн сактап, дүйнөдөгү биринчи державага айланган негиздөөчү жетекчилери Жорж Вашингтон жана Авраам Линкольндон өздөрүнүн өжөрлүгүндө жана багыттарында үлгү кылышат.

Орусия жетекчилери болсо, өздөрүнүн күч-кубатын жана саясий багыттарын тарыхый жетекчилерден, мисалы, Пётр I жана Екатеринадан алышат.

Демек, тарыхты изилдөө шабаб жетекчилерге үлгү көрсөтүүдө жана ошол үлгү-мисалдарды колдонуп берешендик менен күч-кубатка жетүүдө өтө маанилүү.

Биз бул изилдөөдө тарыхтан саясий түшүнүк жана саясаттарды түзүүдө пайдалуу болгон нерселерге көңүл бурабыз. Ошондуктан өз үммөтүбүздүн тарыхын да, жер жүзүндө таасирдүү болгон үммөттөрдүн тарыхын да изилдөөбүз зарыл. Бул изилдөөдө ар бир үммөттүн жалпы тарыхын толук эмес, тескерисинче, негизги пункттарын карап чыгуу зарыл. Бул төмөнкүдөй жүргүзүлүшү керек:

Биринчиден: ар бир үммөттүн баштапкы пайда болушунан тартып жалпы тарыхын изилдөө. Бул изилдөө аркылуу ошол үммөттүн башынан бери коштоп келген сыпаттарынын айкын сүрөтү ачылат. Бул болсо ошол үммөттүн ойгонуу мезгилинде да, чөгүү мезгилинде да биздин ага болгон көз карашыбызга таасир берет. Эгерде бир үммөттө жетекчилик, бекемдик, жоопкерчилик жана башкалардын да жоопкерчилигин көтөрүү сапаттары топтолсо, анда бул үммөт жок болуп кетпейт. Эгерде ал урунуп жыгылса да, бат эле кайра чогулуп, өз жолуна түшөт да, дүйнөнү өзүнүн тарикатында тарбиялап кете берет.

Ал эми, эгерде бир үммөттө айлакерлик, амалкөйлүк, башкалар менен күчтүү байланышты түзүү, досторду оңой табуу жана душмандарды нейтралдаштыруу сыяктуу сапаттар топтолсо, анда бул үммөт дүйнөгө балээ болот, ал өзүнүн пайдасын көздөп дүйнөгө азап менен согуштан башка эч нерсе алып келбейт. Эгерде бир элде айлакерлик менен кошо коркоктук жана ач көз амалкөйлүк сапаттары жыйналса, анда бул эл ага үстөмдүк кылган ар кандай мамлекет үчүн башаламандыктын булагы болот. Ошондуктан аны башкарган мамлекет ичинде эч качан жетекчилик орунга жол берилбеши зарыл.

Экинчиден: үммөттөрдүн тарыхындагы бурулуш учурларды изилдөө зарыл. Бул учурлар алардын тарыхында негизги өзгөрүүлөрдү жараткан жана ошол өзгөрүүлөр үммөттүн пайдасына же зыянына болгонун, ошондой эле ошол учурларда дүйнөнүн абалы кандай болгонун изилдөө керек. Ушундайча саясатчы эл аралык абалдын өзгөрүшүн түшүнөт, бир үммөттүн көтөрүлүшүн жана экинчисинин кулашын алдын ала баамдай алат.

Мисалы, Худайбия келишими Ислам үммөтүнүн тарыхында бурулуш учур болгон, андан кийин дүйнөдөгү падышаларга каттар жөнөтүлгөн. Кадисия жана Ярмук салгылашуулары да мамлекеттин эл аралык деңгээлге чыгышында бурулуш учурлар болгон. Константинополдун фатх кылынуусу да ошондой. Ал эми, тескерисинче Петр Iнин Усман мамлекети менен Азов деңизинин аймагындагы согушу Россия падышачылыгынын тарыхындагы бурулуш согуштардан болгон. Бул согушта Россия Крым татарларынын деңизден пайдалануусун тосуу максатында порт куруп, тоскоолдук кылган. Ошондой эле америкалык революция, анын артынан АКШнын пайда болушу жана эки дүйнөлүк согуш, мунун баары тарыхтагы бурулуш учурлар.

Мына ушундай бурулуш учурлар эл аралык абал жөнүндө, анын өзгөрүшү жана өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө, айрым мамлекеттердин алсырашын жана башкаларынын күчтөнүшүн, ошондой эле мамлекеттер бири-бирине каршы курган саясий амалдарды жана тузактарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тарых ар дайым өзүн кайталап турат, болгону ар бир жолу башкача кийим кийип чыгат.

Үчүнчүдөн: үммөттөрдү курчаган коркунучтарды, аларга каршы жүргүзүлгөн негизги согуштарды, алардын тарыхый душмандарын жана согуштарда душмандары пайдаланып келген алсыз жактарын изилдөө зарыл.

Мисалы, Россия Европаны тарыхый душманы катары гана көрүп келген. Бул тарыхый факт менен далилденет: Европа тарыхта Россияны үч жолу ири согуш менен басып кирген. Биринчиси, Улуу Түндүк согушунда Швеция падышалыгынын жетекчилиги алдында; экинчиси, Наполеондун жетекчилигиндеги Бородино салгылашында; үчүнчүсү, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Гитлер басып киргенде.

Бул үч жолу тең Россияга батыш дарбазасы аркылуу кол салынгандыгы көңүл бурдурган жагдай. Ошондуктан Россия үчүн батыш дарбазасын коргоо тагдыр чечүүчү маселе болуп калган. Дал ушул себептен улам АКШнын шыктандыруусу менен Украина НАТОго мүчө болууну талап кылганда Россия абдан катуу каршы чыкты, натыйжада 2022-жылы бул аймакта катуу чыңалуу башталып кетти.

Төртүнчүдөн: жакынкы тарыхты изилдөө зарыл. Анткени ал азыркы окуялар менен түз байланышта болот. Ошондуктан мамлекеттер жүргүзгөн саясий долбоорлорду изилдөө зарыл. Алар дагы эле ошол долбоорлорду улантып ийгиликке жетип жатабы же ийгиликсиздикке дуушар болуп токтотулдубу? Мунун барын дыкат изилдөө керек.

Белгилүү бир маселеге карата жасалган ар кандай талдоо тарыхты эске албастан жүргүзүлсө, ал жарым-жартылай гана талдоо болот. Маселенин бардык жактары анын тарыхы белгилүү болмоюн толук ачылбайт. Мисалы, Палестина маселесин караганда, аны англиялыктар максат кылып койгон күндөн тартып, андан кийин басып алуусу, яхудийлерге берилиши, Иордания менен Мисирге анын бөлүктөрү үстүнөн бийлик берилген учурлар, андан кийинки бир мамлекеттүү жана эки мамлекеттүү чечим долбоорлору, яхудийлердин Иордания менен болгон мамилелери, яхудийлердин Иорданияга болгон көз карашы, америкалыктардын эки мамлекет чечимине жетүү үчүн жүргүзгөн пландары 1950-жылы Палестинаны экиге бөлүү демилгесинен тартып, 1959-жылы эки мамлекет долбоорун кабыл алуусу, 1994-жылы Осло келишимин өз кызыкчылыгына бурушу, андан кийин 2020-жылдагы «Кылым келишимине» (Deal of the Century) жетиши, Араб тынчтык демилгесинен нормалдашууга, андан соң «тынчтыкка» өтүүсү, яхудийлердин Иордания менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилеге болгон көз карашынын өзгөрүшү, Британия менен АКШ ортосундагы ишенимдин алмашуусу, АКШнын толук көзөмөлгө алышы, андан кийин америкалык эки партиянын бөлүнүп, ар бири яхудийлердин ичинде өз-өзүнчө тарапты колдошу, мунун баары тарыхый процесстер. Ушундайча, мындан кийинки ар бир жаңы окуянын контекстин түшүнүү мүмкүн болот.

Өтө маанилүү бир маселени байкап коюу зарыл, ал болсо – тарыхта болуп өткөн окуялар менен чыныгы фактылардын аралашып кетиши. Айрым окуялар белгилүү бир үммөт же мамлекет үчүн ошол учурдагы шарттарга байланыштуу болуп өткөн, ал эми тарыхый фактылар болсо шарттардан көз карандысыз болот. Ошондуктан фактыларды алуу, шарттарга байланган окуяларды болсо калтыруу керек.

Ислам Үммөтү кан төгүүчү үммөт эмес. Тарыхында ички келишпестиктерден улам каны төгүлгөн учурлар болгон күндө да, ошол келишпестиктердин вакыйлыгына кылдат көз чаптырсаң, алардын себеби пайда болгон шарттар менен абалдар же үммөттү аңдабай турган маалда адаштырып кеткен кирме топтор болгонун көрөсүң. Мунун мисалы – харижиттер менен болгон окуялар, Фатимий мамлекетинин түзүлүшү, карамиттердин Харамды ээлеп алышы. Бирок булардын баары үммөттүн тарыхын өз нукурасынан чыгара алган жок.

Үммөт дүйнөгө өзүнүн мабдасын жеткирүү жоопкерчилигин тарых бою көтөрүп келген, мамлекет кулаганга чейин да ушундай абалда болгон. Эми болсо кайрадан өз мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылууда. Демек, шартка байланган окуялар, б.а Ислам үммөтүнүн ички чатактарындагы кандуу окуялар тарых катары алынбайт. Ал эми тарыхый факттар Үммөттүн өз мабдасын жайылтуудагы жоопкерчилиги болуп эсептелет жана алар алынат.

Демек, таасирдүү болгон же келечекте таасирдүү боло ала турган үммөттөр тууралуу тарыхый сүрөттү түзүү саясатчы үчүн маанилүү иш. Ал саясий түшүнүк менен алектенүүнү каалайбы же саясат түзүүнү каалайбы, айырмасы жок.

Элдердин сапаттары:

Элдердин сапаттары тууралуу изилдөө саясий изилдөөнүн да, ошондой эле белгилүү бир эл же үммөткө байланышкан саясат түзүүнүн да ажырагыс бөлүгү.

Анткени белгилүү бир өлкөдөгү саясий лидерлер жүргүзгөн саясат алардын өздөрү көтөрүп жүргөн сапаттардан ажырабайт. Ал эми бул сапаттар лидер келип чыккан элдин табиятынан келип чыгат. Максаттарды тандоо да элдердин сапаттарынан бөлүнбөйт. Мисалы, башкаларга үстөмдүк кылууга умтулган элдин максаты өзүнө гана кам көргөн элдин максатынан таптакыр башкача болот. Ошол сыяктуу эле, башкалар үчүн жоопкерчиликти сезген эл саясий максаттарды өзүмчүлдүгү күчтүү элден таптакыр башкача аныктайт.

Элдердин сапаттары коюлган максатка жетүүдө колдонулган пландарга жана ыкмаларга да таасир берет. Мисалы, зулумдукту жек көргөн эл менен зулумга көнүп калган элдин жүрүм-туруму бирдей болбойт, ал тургай алардын максаты бир болгон күндө да.

Дүйнөдөгү биринчи мамлекет тарабынан элдерге жана мамлекеттерге карата жүргүзүлгөн саясат сөзсүз түрдө элдердин сапаттарын эске алуу менен белгилениши керек. Маселен, Ислам мамлекети Шам жана Африка жерлерине кеңейгенде согуштук жол менен алды, ал эми Индонезияга болсо Исламды мусулман соодагерлер алып кирип, ал жерде кеңири жайылды. Демек, мамлекет эки башка элге алардын табиятын эске албай бир эле ыкманы колдонсо, натыйжасы бирдей болбойт, балким ийгиликсиздикке да алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле немис эли менен афган элинин айырмасы чоң. Америка Германияны көп жылдар бою басып турду, бирок немистер ага каршы таш да ыргыткан жок. Бирок АКШ Афганистанга киргенде, жыйырма жыл бою тынчтык көрбөй, акырында ар-намысын жоготуп, маскара абалда чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ошондуктан саясат түзгөн саясатчы элдерге байланыштуу саясатты белгилөөдө алардын сапаттарын сөзсүз эске алышы зарыл.

Мына ушуну Пайгамбарыбыз ﷺ бизге үйрөттү. Худайбия күнү курайштар ага ар түрдүү элчилерди жөнөткөндө, ал ар бирине өзүнө ылайык ыкманы колдонгон. Курайштар ахабиштерди жөнөткөндө, алардын башында Хулейс ибн Алкама аль-Кинани турган. Ал Кинанадан чыккан Абд Манат уулу Харистин уруусунан болгон ахабиштердин башчысы жана Курайштын союздашы болчу. Пайгамбарыбыз ﷺ аны көргөндө: «Бул Кудайга сыйынуучу элден, ага курмандыктарды жибергиле, көрсүн», деди.

Хулейс ибн Алкама өрөөндөн курмандыкка арналган малдардын моюнундагы тагы менен агылып келе жатканын, узакка өз ордуна жетпей кармалып тургандыктан жүндөрү да түшүп калганын көргөндө, Пайгамбарыбыз га жетпестен, көргөнүнө урмат кылып кайра курайштарга кайтты. Ал аларга болгонун айтып бергенде, алар ага: «Отур, сен бадавий арабсың, эч нерсени билбейсиң», дешти. Ошондо Хулейс ачууланып: «Эй, курайш жамааты! Аллахка ант, биз силер менен бул үчүн союздашкан эмеспиз жана бул үчүн келишим түзгөн эмеспиз. Аллахтын үйүнө Аны улуулап келген кишини тосуу мүмкүнбү?! Хулейстин жаны Анын колунда болгон Затка ант, силер Мухаммад жана ал келген нерсеге жол ачып бересиңер же болбосо мен ахабиштерди силерден жүз бурдуруп кетем!», деди. [«Сийра ан-Набавия», Ибн Хишам].

Элдердин сапаттарын алардын тарыхын изилдөө аркылуу түшүнүүгө болот. Бул жерде алардын тарыхын майда-чүйдөсүнө чейин окуу эмес, негизги бурулуш учурларын кароо жетиштүү. Тактап айтканда, алардын ойгонуу тарыхына, кулашына, душмандары менен болгон мамилесине, ошондой эле башынан өткөргөн кризистерге кылдат назар салыш керек. Ушул этаптарды изилдөө аркылуу элдердин жалпы сапаттары чыгарып алынат.

Элдердин сапаттары алардын жеринин табиятынан да байкалат. Деңиздерге, соода жана транспорт жолдоруна, балык уулоого ачык аймактарда жашаган элдерде ошол жердин шартына жана жалпы кесибине ылайык мүнөздөр калыптанат. Ошондуктан англичандар башка элдер менен мамиле түзүүдө жана байланышууда эң жөндөмдүү болуп, ошондой эле эң айлакер жана амалкөй элдердин бири болуп эсептелишкен.

Ал эми, арабдар чөлдөр менен бийик тоолордун ортосунда катаал шарттагы жерде жашашкан. Алардын жашоосу оор болгон, тамагы кургак болгон. Жашоодогу кыйынчылыктарга дуушар болуп жашашкан. Бирок алардын кеңири чөлдөрү ой-көрөңгөсүн да кеңейтип, Аллах аларды кыйын жашоодон соодага жетеледи. Натыйжада алар башка элдер менен байланыш түзүү жөндөмүн да, кайраттуулугун да бириктиришти. Алар эки жүздүүлүккө көнбөгөн жана жалганды жек көргөн эл болгон.

Пайгамбарыбыз алар жөнүндө Бану Шайбан уруусунан жардам сурап чыкканда мындай деген: «Эй, Абу Бакр! Жахилият доорунда кандай гана улуу ахлак бар! Ал сыпаттар аркылуу Аллах Таала алардын биринин зомбулугун экинчисинен тосот жана алар өз ара мыкты мамиле курушат». (Далаил ан-Нубува, Байхакий).

Демек, жердин табияты жана элдин жалпы кесиби элдик сапаттардын себептеринен болуп, тарых болсо ага далил болуп эсептелет.

Макулдашуу жана күрөш:

Тарыхта комдор да, мамлекеттер да бири-биринен обочолонуп жашашкан эмес. Эгер тарыхый коомдор менен мамлекеттер ушундай тыгыз мамиледе жашап келишкен болсо, анда бүгүнкү заманда мамлекеттердин башкалардан өзүнчө жашоосу андан да кыйын, айрыкча башкалар менен алака түзүүгө мажбур болгон мамлекеттер үчүн.

Биз бул изилдөөнү дүйнөнүн жыш токойлорунда бүгүнкү күнгө чейин обочолонуп жашаган айрым уруулар менен коомдордон тышкары алып барабыз. Анткени алар да чындыгында өздөрүнө окшогон уруулардан өзүнчө жашашпайт: бири-бири менен согушат, өз ара кызыкчылыктарын коргошот. Бирок аларды биз талкуудан тыш калтырабыз, себеби алардын эл аралык аренага таптакыр таасири жок.

Бул дүйнөдөгү мамлекеттер таасир этүүчү же таасир алдында калуучу болот. Ошондуктан дүйнөдөн обочолонуп жашоону чечкен коомдор да таасир этүүчү мамлекеттердин ач көздүгүнөн сөзсүз таасирленет.

Дүйнөдөгү мамлекеттер башкалар менен алака түзүүгө эки түрткү менен барат: үстөмдүк үчүн же колониялаштыруу үчүн. Үстөмдүккө болгон түрткү улуттун үстөмдүгү, же этностун үстөмдүгү, же мабданын үстөмдүгү болсун, баары ушул алкакка кирет. Ал эми колониялаштыруунун түрткүсүнө мамлекеттердин ресурстарын жана байлыктарын аскердик баскынчылык аркылуу же саясий жана экономикалык келишимдер аркылуу эксплуатациялоо кирет.

Бул эки түрткү эл аралык аренадагы оюнчуларды келишимге же каршылыкка түртөт.

Үстөмдүк түрткүсү Гитлер колдонгон курал болгон. Ал арийлердин үстөмдүгүн көтөрүп чыгып, Европаны басып алуу үчүн согуштарды жүргүзгөн. Ал Дания жана Норвегия тарапка жылганда Швециядан келип турган темир жүктөрүн коргоо максатын көздөгөнү менен, анын жалпы багыты өз расасынын үстөмдүгүн орнотуу болгон. Демек, бул түрткү аны түздөн-түз каршылыкка алып барган.

Ислам мамлекети болсо өзүнүн жерлерин кеңейтүүдө, байлык жана ресурстарды көздөбөстөн, Ислам мабдасынын үстөмдүгү менен жүргөн. Египет менен Шамды фатх кылуу кандай болсо, Араб жарым аралындагы кедей жерлерди фатх кылуу да ошондой болгон. Демек, үстөмдүккө болгон түрткү башка үстөмдүк менен узакка жарыша албайт, болгону убактылуу келишим түзөт да, кайра өзүнүн мабдасын, расасын же улутун үстөм кылуу үчүн күрөштү улантат.

Колониялаштыруу түрткүсү – бул жийиркеничтүү түрткү. Ал күчтүүлөр алсыздарды эзүүгө, кул кылууга, алардын жер байлыктарын өз пайдасына тартып алууга жетелейт. Ушундан улам Батыш капиталисттик мамлекеттери дүйнөнүн Ислам өлкөлөрүн жана Африканы колония кылган доордо бардык башка түрткүлөрдөн жогору коюп, согуштарды жана каршылыктарды дал ушул колониялаштыруу үчүн жүргүзүшкөн.

Мисалы, Франция Нигерди колония кылып, нигерлик балдарды уран кендеринде иштеткен. Ал уран Францияга ташылып, ал жакта атомдук реакторлорду иштетүүгө жумшалган. Ошол реакторлор Францияны электр жарыгы менен камсыз кылып турган учурда нигерликтер кен казууда өлүп, түн киргенде жарыксыз калышкан.

Ошондой эле колониялаштыруу түрткүсү Бельгия падышасы Леопольд IIни Африкадагы Конго Республикасын басып алып, он миллиондой африкалыктын өмүрүн кыйышына жетелеген. Мындан тышкары, кул соодасы да европалыктар үчүн кечээ эле кадыресе көрүнүш болчу.

Ал эми үстөмдүк түрткүсү менен козголгондордун ортосундагы кармаш мамлекеттерди өз чек арасынан ашкан согушка алып келет. Натыйжада тараптардын бири моюн сунмайынча, согуш уланат. Жыйынтыгында күчтүүсү жеңип чыгып, алсыздын үстүнө өзүнүн үстөмдүгүн орнотот.

Бирок улуттук чек аралар ыйык нерсе катары кабыл алынгандан бери мындай түрдөгү кармаш эл аралык деңгээлде жек көрүлүп калды. Ошондуктан мамлекеттер бул эл аралык багытты айланып өтүү үчүн элдик референдумдарга таянган. Мисалы, Австрияда Германия менен биригүүгө болгон элдик көз караш күчтүү болгон, андан соң Аншлюс деп аталган процесс аркылуу Австрия Германияга кошулган. Ошо сыяктуу эле, Россия Украинанын чыгышындагы жикчил кыймылдарды колдоп, андан кийин өзүнчө «республикалар» деп жарыяланган Донецк менен Луганскты тааныды. Андан соң бул республикалар Россиядан Украина тарабынан болгон «чабуулдардан коргоону» суранышты. Бул көрүнүш орустар үчүн абдан маанилүү болгон, себеби аларды эл аралык мыйзамды бузган тарап катары көрсөтпөө үчүн ушундай саясий айла-амал колдонулган.

Каршылык бир багыттагы тараптардын ортосунда да чыгат. Бул белгилүү бир мамлекеттин өз аймагында жана дүйнөдө үстөмдүк кылууга умтулушунан, ошондой эле байлыктар үчүн болгон күрөштөн келип чыгат.

Батыштагы капиталисттик мамлекеттер мусулман өлкөлөрүндө катуу тирешүүгө барышкан. Анын натыйжасында Америка Англиянын эски колонияларындагы таасирин жок кылып, үстөмдүгүн орнотууга жетишти. Бул аймактарда чыр-чатакты тутантып, агенттерди жок кылуу аркылуу болду. Маселен, 2015-жылы Америка Саудиянын Йеменге каршы соккуларын уюштуруп, ошол убакта америкалыктардын багытына кирип кеткен хусийлерге бийлик үстөлүнө отурууга шарт түзүп берди. Ошентип, алар Али Абдулла Салихти жана анын тарапкерлерин жок кылып, бийликти өздөрүнө каратып алышты. Ошондой эле Америка Ирактын ичинде согуш отун тутантып, аны Англиянын көз карандылыгынан чыгарып, анын байлыктарына ээ болду.

Бирок мамлекеттерди каршылыкка түрткөн кызыкчылыктары аларды келишимге да алып келет. Маселен, 1961-жылы Америка өз кызыкчылыгы үчүн Советтер Союзу менен детант (жылуу мамиле) баскычына өттү. Себеби ал башка чоң мамлекеттердин амбицияларын чектөөнү көздөгөн. Бирок кызыкчылыгы бүткөндө ал 1979-жылы бул келишимди таштады.

Ошондой эле душманчылыкка негизделген кагылыш менен атаандаштыкка негизделген кагылыштын айырмасын байкоо зарыл. Анткени Европа мамлекеттери Америка менен кагылышканда алардын кагылышы дүйнөнүн олжолоруна болгон атаандаштык түрүндө болот. Себеби Европа өзүн да, Американы да бир эле баалуулуктарга жана бир эле маданий багытка ээ деп эсептейт жана Америка Европадан келип чыккан “туунду” катары каралат. Ошондуктан алар бир фронт болуп, башкаларга каршы биригишет да, өз ара атаандашат. Ал эми Россия менен Европанын ортосундагы кагылыш атаандаштык менен эмес, душмандык менен болот. Бул душманчылык ушул эки фронттун ортосунда тарыхый болуп келген.

Кагылыш жана макулдашуу маселесин изилдөө дүйнөдө таасирдүү мамлекеттер үчүн зарыл же аларга байланыштуу маселелер үчүн зарыл. Ошондой эле бул изилдөө ири мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ элдер жана үммөттөр үчүн зарыл. Ал эми башкаларды изилдөөнүн эч кандай мааниси жок.

Тарыхта кагылышуу жана макулдашуу мамлекеттерди жалпы таанылган салттарды кабыл алууга, андан кийин болсо бардык тараптар урматтаган мыйзамдарды кабыл алууга жеткирген. Ошондой эле бул кагылышуу жана макулдашуу мамлекеттерди союздарды, альянстарды түзүүгө жана эл аралык конференцияларды өткөрүүгө да түрткү берген.

[уландысы бар]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button