Макала
Trending

БУУ – колонизтордун куралы

БУУ – колонизтордун куралы

Садыр Жапаров Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышып сөз сүйлөдү. Ал дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдарга токтолуп, бул кагылыштардан улам миллиондогон адамдар азап тартып, кырылып жатканын билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк саясатчылар бул жаңжалдарда набыт болуп жаткан адамдардын өлүмүнөн акча жасап жатат. Ошондой эле, Жапаров дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып бул маселелерде кош стандарттуу мамиле жасап жатканын ачыктады.

Ал Украинадагы жаңжал жана аны коштогон санкциялар жөнүндө сөз сүйлөп, анын жөнгө салынышына кызыкдар экенин билдирди. Себеби, Жапаров бул жаңжалдан улам Кыргызстан да зыян тартып – бир тараптуу санкцияларга дуушар болуп жатканын, бул санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары бааларын айтты.

Жапаров Газадагы үрөй учурган абалга кайрылып, бул маселеде «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруу керектигин жарыялады. Ошондой эле, ал Катар менен Иранга жасалган ракеталык чабуулдарды айыптады, Афганистанды эл аралык изоляцияга алуу, аны чет элдик жардамсыз калтыруу туура эмес экенин билдирди.

Жапаров: “БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келди”, – деди. Ал БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйнө мамлекеттеринин тагдырын чечип жатканын, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү ар кандай чечимдерге вето коюу укугуна ээ экенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюму Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңип чыккан ири мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында БУУну түзүшкөн. Мындан улам, учурда беш мамлекет (АКШ, Кытай, Россия, Франция, Британия) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Андыктан, кандай гана резолюция сунушталбасын, бул мамлекеттер аларга бөгөт (вето) коюу укугуна ээ. Башкача айтканда бул беш өлкө алардын кызыкчылыктарына туура келбей калган ар кандай резолюцияны кабыл алдырбай коё алат. Демек, аларга каршы же алардын кылмыштарына каршы резолюция кабыл алуу таптакыр мүмкүн эмес. Алар өздөрүнүн вето укугунан пайдаланып бул нерсеге таптакыр жол беришпейт.

Мунун мисалын акыркы окуялардан көрүүгө болот. Маселен, кече эле Газада ок атууну токтотууну талап кылган жана Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө “Израил” тарабынан коюлган чектөөнү алып салууну камтыган резолюция долбооруна АКШ вето коюп, резолюция кабыл алынбай калды. Демек, “Израил” кандай гана кылмыштарды жасабасын, БУУ тараптан анын иш-аракетин чектеген, тыйган реалдуу резолюцияны кабыл алуу мүмкүн эмес, себеби АКШ аны коргойт. Ошондой эле, Россияны алып карасак, ал да өзүнө каршы резолюцияларга бөгөт коёт. Мисалы, Украина маселесине байланыштуу Россияны сындаган же кандайдыр бир аракеттерин чектеген резолюция сунушталса, Россия Коопсуздук Кеңешиндеги өз укугунан пайдаланып, ага бөгөт коё алат. Коопсуздук Кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү да ушундай. Мына ушундайча бул колонизатор мамлекеттер өздөрүн жана аларга кызмат кылып жаткан малайларын ар кандай жоопко тартылуудан, ал тургай сындоолордон коргоп келишет. Андыктан, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана аларга таянган малай режимдер кылмышка баруудан коркушпайт.

Ушул көрүнүштө дүйнөлүк коомчулук өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып келүүдө. Ошондуктан, алардын ач көз саясатынан улам дүйнөнүн чар тарабындагы жаңжалдар токтобой жатат. Аларды өз кызыкчылыктарынан башка эч нерсе ойлондурбайт, башкача айтканда алар өз кызыкчылыктары үчүн каалаган кылмышка барышат жана аларды тыйган эч нерсе жок.

Кала берсе, бул колонизаторлор зарыл болгондо, кызыкчылыктары талап кылганда БУУнун эрежелерин да карманышпайт. Маселен миллиондогон адамдардын өмүрүн алган 2001-жылы Афганистандагы, кийин 2003-жылы Ирактагы согуш, тагырак айтканда АКШнын бул эки өлкөгө баскынчылыгы БУУнун эч бир резолюциясысыз башталган. Ошондой эле, бүгүнкү күндө АКШ жетектеген Батыш эч кандай резолюцияга таянбай эле каалаган өлкөлөргө каршы бир тараптуу санкцияларды колдонууда. Демек, колонизатор державалар Коопсуздук Кеңешинен пайдаланып, керек болгондо ага да кайрылып олтурбастан бир тараптуу аракеттерди жасап өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырышууда. Ошон үчүн дүйнөдө адилеттик жок, чар тарапты карамүртөздүк каптады. Дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдардын, кыргындардын, ачарчылыктардын себепкери – дал ушул колонизаторлор жана алардын түзгөн системасы.

Ачык-айкын көрүнүп тургандай, БУУ жана эл аралык система жалаң гана колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарына жол ачып, алардын саясатынан улам дүйнөнүн башка өлкөлөрүн эзилүүгө, азап тартууга, өлүмгө дуушар кылууда. БУУга кайрылуу же андан үмүт кылуу өзүн колонизатордун чеңгелине таштаганга барабар. БУУну реформалап чыңдоо – колонизаторлордун мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө дегени.

Андыктан, бүгүнкү эл аралык система жана анын институттарына катышуунун ордуна мусулмандар Исламга таянып адилеттүү эл аралык системаны куруу керек. Ошондо гана эки дүйнө бакытына жетебиз.

Аллах Таала айтат:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا﴾

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                   [4:65].

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button