Макала
Trending

Күч кызматкерлери мусулмандарды кыйноо менен айып тагууда

Күч кызматкерлери мусулмандарды кыйноо менен айып тагууда

Күч кызматкерлери мусулмандарга карата кезектеги зулумдуктарын күчөтүп жатат. Маалыматка караганда, мусулмандарды уурдап кетип, ур-токмокко алуу, токко тарттыруу сыяктуу кылмыштуу аракеттер менен жасалма айыптарды тагуу адатка айланып жатат. Маселен, Жалгашев Аманкулдун жубайынын айтымында,  жолдошун Ички иштер кызматкерлери уурдап барып, 21-убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан. Ал жерде кылбаган кылмыш ишти мойнуна алдыруу үчүн СИЗО кызматкери Аманкулду адам чыдагыс кыйноого алган. Муну Акыйкатчы институту да, Кыйноолорду алдын алуу борбору да тастыктаган.

Мусулмандарга карата мындай зулумдуктар Роббим Аллах дегени үчүн гана жасалууда. Өздөрүн мусулман катары эсептеген бул жетекчилер кимдин буйругун аткарууда?

Адам чыдагыс кылмыштарды жасаган күч кызматкерлери кимге таянууда?! Же алар акыйкат менен батылдын ортосундагы күрөш Алланын нусраты менен аякташын унутушканбы?!

Аллах Таала айтат:

“Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга, алардан мурдагыларды жер жүзүндө халифа кылганы сыяктуу аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды. Алар үчүн Өзү тандап алган динин (исламды) бекем кылат жана алардын кооп коркунучтарын аманчылык, коопсуздукка алмаштырат.” (Нур: 55-57).

Андыктан, Алланын нусраты келгенде бүгүнкү бийликтин кожоюнуна айланган Россия да, Кытай да жардам бере албайт! Ал эми, бийликтин жүгүртөгүнө айланган күч кызматкерлерине айтаарыбыз, 2005, 2010 жана 2020-жылдагы төңкөрүштөрдө кандай кордук менен колдонулганыңарды эстегиле. Калк өзүнө карата адилетсиздик, зулумдукту эч качан кечирбейт! Андыктан, өтмүштөн ибрат алып, мусулмандарга жасап жаткан зулумдугуңарды токтоткула! Тескерисинче, калктын коопсуздугун коргоп, акыретиңердин камын көргүлө!

Бурана  

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button