Акционердик коомдор менен иш алып баруу тууралуу

Баалуу кагаздар менен иштөө жана
Акционердик коомдор менен иш алып баруу тууралуу
Суроо: Ассаламу алейкум. Баалуу кагаздар менен иштегенде алтын жана күмүшкө тиешелүү өкүмдөрдү эске алуу керекпи? Акционердик компания менен түз эмес түрдө иштешүүгө болобу, башкача айтканда, акционердик компаниядан товар сатып алган дүкөн менен соода кылууга болобу? Бир адам мамлекетке таандык компания менен келишим түзүп, ага халал товар жеткирчү эле. Андан кийин ошол компания акционердик компанияга айланып кетти, ал киши келишимди улантып иштей береби же бул ишти токтотуу керекпи?
Жооп: Урматтуу бир тууган, саламдан кийин, бул суроолордун жооптору төмөндөгүчө:
Биринчи суроого жооп: Ооба, баалуу кагаздарга да алтын менен күмүшкө тиешелүү риба жана башка акчага байланышкан өкүмдөр тиешелүү болот. Анткени бул баалуу кагаздарда да себеп (иллат) бар, ал – «накдия», башкача айтканда аларды нарк жана акы катары колдонуу. Ошондуктан, риба түрлөрүнөн болгон баалуу кагаздар менен сатып алуу да хадистеги «колго-кол» шартына кирет, башкача айтканда карыз кылып алууга болбойт.
Маселе төмөндөгүчө:
1 – Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«الذهب بالذهب، والفضة بالفضة، والبر بالبر، والشعير بالشعير، والتمر بالتمر، والملح بالملح مثلاً بمثل سواءً بسواء يداً بيد. فإذا اختلفت هذه الأصناف فبيعوا كيف شئتم إذا كان يداً بيد»
«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга – теңме-тең, окшошуна окшош, колго-кол (алмаштыргыла). Эгер бул түрлөр ар башка болсо, анда каалагандай алып-саткыла, бирок колго-кол болсун».
(Бул хадисти Убада бин Сомит رضي الله عنهдан Бухарий жана Муслим риваят кылышкан).
Насста ачык айтылгандай: эгерде бул каражаттын түрлөр ар башка болсо, анда «каалаганыңардай алып-саткыла» – демек «теңине-тең» деген шарт жок, бирок «колго-кол берүү» шарты бар. “Аснаф – түрлөр” деген сөз умумий айтылган, башкача айтканда бардык түрлөргө тиешелүү, ага башка текст келмейинче эч нерсе чыгарылбайт жана бул маселеде андай текст жок, демек өкүмү мындай болот: буудайды арпага, же буудайды алтынга, же арпаны күмүшкө, же курманы тузга, же курманы алтынга, же тузду күмүшкө… айырмачылыгы канчалык болбосун, бааларынын ар башка болушу маанилүү эмес, бирок колго-кол болушу керек, карыз кылып алууга болбойт.
Ал эми алтын менен күмүшкө тиешелүү өкүмдөр баалуу кагаздарга да тиешелүү, анткени алардын ортосундагы жалпы иллат – накдия (б.а. нарк жана акы катары колдонулушу) бар.
2 – Жогоруда келген рибалуу нерселерди сатып алууда “колго-кол берүү зарыл жана карыз жараксыз” деген өкүмдөн истисна риваят кылынган. Бул – күрөөгө байланышкан өкүм. Пайгамбарыбыз ﷺ тууралуу хадисте айтылат:
«اشترى رسول الله صلى الله عليه وسلم من يهودي طعاماً بنسيئه وأعطاه درعاً له رهناً».
«Пайгамбар ﷺ бир яхудийден тамакты мөөнөт менен карызга алып, ага өзүнүн соотун күрөөгө берди».
Демек, Пайгамбарыбыз ﷺ тамакты карызга сатып алган, бирок күрөө менен. Ал кездеги тамак рибалуу түрлөрдөн эле. Хадисте:
«الطعام بالطعام مثلاً بمثل وكان طعامنا يومئذٍ الشعير»
«Тамакты тамакка – теңме-тең (алмаштыргыла). Ал кезде биздин тамагыбыз арпа эле» – деп айтылган (Ахмад жана Муслим Маъмар ибн Абдуллахтан риваят кылышкан).
Ошондуктан, эгер сатып алуучу товардын баасын кийин алып келем деп, сатуучунун колунда күрөө коюп кетсе, анда рибалуу түрлөрдү карызга алуу жаиз болот.
3 – Айрым фыкых аалымдары рибалуу нерселерди карызга сатып алууга уруксат беришкен. Бирок аларда Китептен, Сүннөттөн, сахабалардын ижмаъсынан жана шаръий кыястан жарактуу далил жок. Айрымдары бул маселени «аалымдардын ижмасы менен» деп да айтышкан. «Булуг ал-Марамдын шархы Субул ас-Салам» китебинде ошондой деп келтирилген. Бирок бизде бул «аалымдардын ижмасы» деп айтылган нерсе далил катары эсептелбейт.
Жыйынтык: Ражих болгон өкүм – рибалуу түрлөрдү карызга сатып алуу жаиз эмес. Эгер кимдир бирөө сатып алууну каалап, бирок жанында баасын төлөөгө акчасы жок болсо, анда ал адамдардын биринен акча карыз алып, ошону менен рибалуу түрдү колго-кол өткөрүп сатып алат.
Экинчи суроо: Акционердик компания менен түз эмес түрдө иштешүүгө болобу, башкача айтканда, акционердик компаниядан товар сатып алган дүкөн менен соода кылууга болобу?
Жооп: Акционердик компаниялар менен түздөн-түз соода кылуу – харам. Анткени акционердик компаниянын келишимдери батыл, демек мындай компанияда келишим түзүү жараксыз . Бирок эгер башка бир тарап акционердик компаниядан товар сатып алып, аны башкаларга сатса, анда анын сатуусу алар үчүн жарактуу болот. Бирок күнөө компаниядан түздөн-түз сатып алган тарапка гана тиешелүү болот. Себеби харам өкүм эки тарапка бирдей жүктөлбөйт.
Үчүнчү суроо: Бир адам мамлекетке таандык компания менен келишим түзүп, ага халал товар жеткирчү эле. Андан кийин ошол компания акционердик компанияга айланып кетти, ал киши келишимди улантып иштей береби же бул ишти токтотуу керекпи?
Жооп: Эгер компаниянын келишими жарактуу абалынан батыл абалга айланса, анда мындай учурда компания менен иштешүү да жараксыз болуп калат. Ошондуктан, мамлекетке таандык болуп турган учурда келишим түзгөн киши, ал компания акционердик компанияга айланганда бул келишимди токтотууга тийиш.
Урматтоо менен.
11/07/2004-ж.