Имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Имам Муслимдин шархы ан-Нававиде “имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы” бөлүмүндө айтылат.
حَدَّثَنَا إِسْحَقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ الْحَنْظَلِيُّ عَنْ عَوْفِ بْنِ مَالِكٍ، عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:” خِيَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُحِبُّونَهُمْ وَيُحِبُّونَكُمْ وَيُصَلُّونَ عَلَيْكُمْ وَتُصَلُّونَ عَلَيْهِمْ، وَشِرَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُبْغِضُونَهُمْ وَيُبْغِضُونَكُمْ وَتَلْعَنُونَهُمْ وَيَلْعَنُونَكُمْ، قِيلَ يَا رَسُولَ اللَّهِ أَفَلَا نُنَابِذُهُمْ بِالسَّيْفِ فَقَالَ لَا مَا أَقَامُوا فِيكُمْ الصَّلَاةَ، وَإِذَا رَأَيْتُمْ مِنْ وُلَاتِكُمْ شَيْئًا تَكْرَهُونَهُ فَاكْرَهُوا عَمَلَهُ وَلَا تَنْزِعُوا يَدًا مِنْ طَاعَةٍ“
Исхак ибн Ибрахим аль-Ханзалий бизге Авф ибн Маликтен риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силердин башчыларыңардын эң жакшылары – силер аларды жакшы көргөнүңөр жана алар силерди жакшы көргөндөрү, силер үчүн дуба кылгандар жана силер алар үчүн дуба кылгандарыңар. Силердин башчыларыңардын эң жаманы – силер аларды жек көргөнүңөр жана алар силерди жек көргөндөрү, силер аларды каргаган жана алар силерди каргагандары. Оо, Аллахтын Элчиси, биз алар менен кылыч менен согушпайлыбы? – деп айтылды. Ал айтты: “Жок, эгер алар силердин араңарда намаз окушса, эгер силер өзүңөрдүн акимдериңерден жакпаган нерсени көрсөңөр, анда анын амалын жактырбагыла жана баш ийүүдөн колуңарды тартпагыла”.
Урматтуу бир туугандар
Мусулман өлкөлөрүнүн, чыгыш жана батышында болуп жаткан окуяларды угуп, көрүп таң каласың. Бийликке, чыккынчылыкка берилген акимдер үммөттүн жолун тороп, уулдарын өлтүрүп, карыларын кемсинтип, аялдарын зордуктап, ыйыктарын бузуп жатышат. Алар үммөттүн денесин бөлүп, байлыгын уурдап кетишти, кордуктун тизмеси узун жана түгөнгүс, анткени бул алардын жашоосун улантат. Бирок суроо туулат, канча убакытка чейин? Качанкыга чейин үммөттүн кордугу басынгандыгы уланат? Жыйырма жылдан кийин же андан да көп жылдардан кийин биздин балдар бул тарыхты кантип окушат? Демек, алар асыл хадисте айтылган каргышка татыктуу болушкан. Оо, Аллах саткын башчыларга, алардын тобуна, жалаачыларына жана бардык саткын, мусулман башкаруучуларына чара көр, элди алардын жамандыктарынан куткар. Алар ушул замандын шайтандары. Оо, Кудайым, биз Сенин алдыңда аларды жек көрүп жатканыбызга күбөбүз жана аларды кубалап бийлигин талкалагандан кийин өз өлкөбүздөн шыпырып чыгарууга аракет кылабыз. Оо Аллахым, бизди алардын сарайларына киргизип, бизге колдоо көрсөтө көр. Бизди да ушунча ондогон жылдар бою өкүмдарлары тарабынан үммөттүн эзилген инсандарына колдоо көрсөтө тургандардын катарына кош, аларды жок кылуу менен жаңы доордун башталышын даңк жана бийиктик тамгалары менен жазалы. Пайгамбарлык жолундагы халифалык келишими, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүнчүсү жана Раббибиздин баалуу китебинде берген убадасы менен, дүйнө жүзүнө акыйкат нурун чачалы. Дүйнөгө алданбагыла, эй мусулмандар. Эгер дүйнөгө алдансаңар бул дүйнөдөгү жана акыреттеги улуу сооптон куру каласыңар.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 11-робиул саани.
2025-ж, 05–октябрь.