Бейкапарлык жана кош көңүлдүү саясаттын он жылдык акысы

Басма сөз баянаты
Мисир кургакчылык менен суу ташкыны ортосунда!
Бейкапарлык жана кош көңүлдүү саясаттын он жылдык акысы
Мисирдин айрым айылдарын каптаган суу ташкындары ондогон үй-бүлөлөрдүн үйлөрүн кыйратты. Бул кырсык терең жана коркунучтуу кризистин бир өңүтү гана. Ал кризис Мисирдин суулар боюнча укуктарын режимдин колдон чыгарып жибергени жана элдин иштерин көзөмөлдөөгө, өлкөнүн ресурстарын коопсуздук менен элдин кызыкчылыгына жараша башкарууга болгон узакка созулган шалдыгынан келип чыккан. Бул кырдаал бүгүн эле пайда болгон жок. Ал жылдар бою жыйналган, натыйжада мамлекетти суу коопсуздугун коргой турган куралдарынан ажыраткан жана Эфиопияга Мисир менен Судандын жашоо булагы болгон Нил дарыясынын агымын көзөмөлдөөгө жол ачкан саясий каталардын натыйжасы.
Мисирдин моюн сунган саясаты Эфиопияга тарыхта теңдеши жок стратегиялык курал болгон Нилдин Көк дарыясын башкаруу укугун берди. Ал дарыя Мисир муктаждыгынын 80 пайыздан ашыгын камсыз кылат. ГЭС курулаарын Эфиопия жарыялаган алгачкы күндөн тартып эле Мисир чындыкка моюн сунган, эл аралык убадаларга ишенген, алсыз сүйлөшүү ыкмасын тандап алып, өз укуктарын жана коопсуздугун коргой турган чечкиндүү кадамдардан баш тарткан.
Эфиопия суу сактагычты этап-этабы менен эч кандай милдеттендирүүчү келишимсиз толтуруп келди жана азыр Мисир менен Суданга агып кирген сууну каалагандай ачып-жабат. Айрым эфиопиялык жооптуу адамдар айткандай, бул «Аддис-Абеба туура деп тапкандай» же «АКШнын көрсөтмөсүнө ылайык» ишке ашып жатат. Ошентип, бул суу сактагыч Мисирге каалаган учурда колдонулчу саясий, экономикалык жана коопсуздук басымдын куралына айланды.
Бул курал эки багытта тең колдонулушу мүмкүн:
Биринчи — кургакчылык. Эфиопия сууну токтоткондо же азайтканда, Мисир суу жетишсиздигине кабылат, анын кесепетинен айыл чарба, өнөр жай жабыркайт жана ичүүчү суу тартыш болот.
Экинчи — суу ташкыны. Эфиопия сууну кыска убакытта көп көлөмдө кое берген учурда, суу айылдарды каптап, үйлөр кыйрап, Асуан бөгөтүнө олуттуу коркунуч туулат. Нилдин агымын башкаруу эми Мисирдин колунда эмес, сырткы күчтөрдүн ырайымында калды. Буга себеп режимдин күч карталарын колдон чыгарып, Мисирдин суу укуктарынан өз ыктыяры менен баш тартканы.
Азыркы суу ташкындарынын кесепетин оорлоткон дагы бир жагдай — Мисир өзүнүн суу инфраструктурасын жок кылып салган. Илгери каналдар, кичи дарыялар жана дренаждык системалар ашыкча сууну агызуу жана бөлүштүрүүчү табигый-инженердик тармак түзүп, айыл чарба жерлерин жана айылдарды суу каптоодон сактап турчу. Бирок акыркы ондогон жылдар ичинде бул системалар такыр кароосуз калып, кээде атайылап көмүлүп же бузулган.
Расмий отчеттор көрсөткөндөй, акыркы жыйырма жылдын ичинде он миңдеген мыйзам бузуу жана суу каналдарын көмүү учурлары катталган. 2025-жылы эле Нил дарыясына каршы 18 миңден ашык мыйзамсыз кийлигишүү аныкталган. Мындан тышкары, 2021-жылдан бери дарыянын жээгинде жана анын сугат аймагында (“Тарх ан-Нахр” деп аталган тилкелерде) 20 миңден ашык уруксатсыз имарат курулган. Бул мыйзам бузуулар жашыруун жасалган жок — мамлекеттик органдардын көз алдында эле болуп өткөн, бирок алар бул аракеттерди токтотууга эрк көрсөтүшкөн эмес. Коррупция, тааныш-билиштик жана башкаруудагы алсыздык аркылуу кыйыр түрдө уруксат беришкен.
Мамлекет Нилдин нугун кеңейтип, эски каналдарды кайра ачып, суу ташкындарын өз пайдасына жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында пайдалануунун ордуна, тескери жол тандады: каналдар менен дренаж системаларын көмүп, айрым адамдарга Нилдин нугун айыл чарба же курулуш максатында пайдаланууга уруксат берди. Натыйжада, өлкөнүн суу системасы күтүүсүз суу ташкындарын сиңирип ала турган мүмкүнчүлүгүн жоготту.
Мурда ашыкча сууну агызууга каратылган жерлер эми уруксатсыз турак-жай кварталдарына же мыйзамсыз айыл чарба аянттарына айланып кетти. Ошондуктан, Нилдин деңгээли көтөрүлгөн сайын бул аймактар түздөн-түз коркунуч астында калууда. Эрте эскертүүчү ишенимдүү системалардын жоктугунан улам көптөгөн тургундар суунун күтүүсүз көтөрүлүшүнө жана үйлөрүнүн кыйрашына туш болуп, мамлекеттен эч кандай реалдуу коргоо ала алышкан жок.
Бул шалаакылык Мисирдин айыл чарбасына карата кеңири кош көңүлдүктүн бир бөлүгү болуп саналат. Өкмөт ирригациялык системаларды өнүктүрүп, дренаждык түйүндөрдү оңдоп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба жерлерин кеңейтүүнүн ордуна, иш жүзүндө жерди тирилтүүгө тиешеси жок жасалма долбоорлор менен алектенди. Тескерисинче, инвестициялык жана турак-жай долбоорлорунун пайдасына түшүмдүү жерлерди талкалоого жол берди. Натыйжада акыркы ондогон жылдар ичинде Мисир миллиондогон фаддан ашык (0.42 гектар) айыл чарба жерлерин жоготуп, суу тартыштыгына туруштук бере албай турган абалга келди.
Суу — бул жашоонун эң маанилүү тиреги, аны коргоо жана туура башкаруу мамлекетке Ислам тарабынан милдет катары жүктөлгөн. Ошондуктан мамлекет өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, суу булактарын сактоого жана элди коркунучтардан — суу ташкындарынан да, кургакчылыктан да — коргоого тийиш. Бул милдетти аткарбоо жөн гана башкаруучулуктагы ката эмес, Аллахтын аманатын кыянаттык менен колдонуу, ал эми анын жазасы бул дүйнөдө да, акыретте да өтө оор.
Ошондой эле, Ислам эч качан көз карандылыкты же чет элдик басымга баш ийүүнү кабыл албайт. Тескерисинче, үммөттүн байлыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн сактап калуу үчүн чечкиндүү саясий жана аскерий позицияларды кабыл алууну милдеттендирет, жана эч бир мамлекетке мусулмандардын жашоо булагынын тизгинин кармоого жол бербейт. Эфиопиянын колуна Нил дарыясынын «жашоо кранын» өткөрүп берүү — бул саясий жактан өтө кооптуу иш, ал башкаруучунун үммөт кызыкчылыктарын коргоо милдетине карама-каршы келет.
Натыйжада, Мисир азыр сырткы суу куралынын алдында жылаңач калды. Бүгүн Мисир оор теңдеменин алдында турат:
• Он жылдар бою унутулуп, коррупцияга баткан эскирген суу инфраструктурасы;
• Нил нугунун тарытылышы жана анын тармактарынын көмүлүшү;
• Дарыянын жээгине курулган айылдар жана кварталдар, аларды эч ким токтоткон эмес;
• Суу маселесинде өз күч карталарын жоготкон жана аларды Эфиопияга өткөрүп берген.
Бул абалдын улануусу — суу чыгарылган маалда чоң ташкын болот, ал эми суу токтотулган маалда катуу кургакчылык болот дегенди билдирет жана Аллах Мисир элине ырайым кылып берген дарыяны башкара турган тышкы күчтөргө андан да чоң көз карандылык алып келет.
Чыныгы чечим формалдуу сүйлөшүүлөрдө же эл аралык гранттар менен Дүйнөлүк банктын убадаларын күтүүдө эмес, тескерисинче, мамлекеттин өзүнүн шаръий жоопкерчилигин толук моюнга алышында. Өзүнүн суу тутумун туура негизде кайра курууда, саясий чечимин көз карандылыктан бошотууда, үммөттүн суу укуктарын коргоо үчүн бар болгон күчүн колдонууда, башкаруучулук коррупцияны жок кылууда, каналдар менен дренаждарды кайра ачууда, Нилдин жээгинде курулушка түбөлүк тыюу салууда жана сууну бардык элдин кызыкчылыгына ылайык башкарууда. Бирок муну бузулган капиталисттик түзүм эч качан жасай албайт — бул чындап Ислам менен камкордук кылган мамлекетти талап кылат.
Ислам мамлекетке сырткы күчтөрдүн жүгүн көтөрүүчү курал эмес, үммөттүн кызыкчылыктарынын сакчысы болушу керек деп буйруйт. Ал өз долбоорлорун донор мамлекеттердин буйругуна эмес, “бийлик шариатка таандык, жетекчилик үммөткө таандык” деген негизде кайра курушу зарыл. Бул болсо чыныгы Ислам менен башкарган түзүмсүз ишке ашпайт — ал саясатты мабда менен кайра байланыштырып, медиа үчүн жасалма ураан эмес, үммөт иштерин башкарууну негизги максаты кылат.
Оо Аллах, бизге кайрадан Өз шариятың менен башкарган Ислам мамлекетин, анын бийлигин жана мыйзамдарын кайтарып бер, биз кайра анын көлөкөсүндө жашайлы — Пайгамбарыбыз ﷺ алып келген жол менен курулган Халифалык болсун.
﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَى آمَنُواْ وَاتَّقَواْ لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ وَلَـكِن كَذَّبُواْ فَأَخَذْنَاهُم بِمَا كَانُواْ يَكْسِبُونَ﴾
«Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек. Бирок алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык». (Аъраф: 96).
Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү