Роя гезити

«Z мууну» Марокко тактысын титиретүүдө

«Z мууну» Марокко тактысын титиретүүдө

АКШ Араб чыгыш аймагында үстөмдүгүн күчөтүп, яхудий түзүмү аркылуу жер жүзүндө адам өлтүрүү, кыйратуу жана бузукулук иштерин улантууда, ал Мисир, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Катар, Түркия, Пакистан жана Индонезиядагы сегиз чыккынчы өкүмдарларга таянып жатат. Дал ошол өкүмдарлар Трамптын шайтандык планына — Палестина маселесин жоюу жана яхудий түзүмүн аймактын кожоюну кылууга — батасын беришкен.

Дал ушундай шартта араб өлкөлөрүнүн Батыш тарабында, тактап айтканда, Магрибде (Марокко) жаштардын көтөрүлүшү жарылып чыгып, ошол аймактагы эң катуу полициялык, эң зулум жана элине эң көп кысым көрсөткөн, Батышка эң көп кызмат көрсөткөн жана яхудий түзүмү менен эң ачык мамиле орноткон режимдердин тактысын солкулдатып жатат.

Марокко падышалыгы элдин көкүрөгүнө чейин отуруп алган деңгээлге жеткен эзүүчү түзүм болуп, Батыштын көз карашында дайыма туруктуулуктун үлгүсү жана колонизаторлордун таасирин узак жылдарга сактап калган эң ийгилик жараткан модел катары көрсөтүлүп келген. Марокко араб дүйнөсүндөгү 2011-жылкы элдик толкундоолордун биринчи толкунунан аман калган саналуу негизги мамлекеттердин бири болгон.

Бирок бүгүн бул түзүмдүн тынч уйкусун «Z мууну» деп аталган жаңы жаш муун бузуп жатат. Бул муун — жаш өспүрүмдөр менен жигиттердин катмары болуп, өз кызыкчылыктарын жаңы ыкмалар менен коргоону үйрөнгөн жана элди мобилизациялоодо жөнөкөй, бирок натыйжалуу электрондук тиркемелерди колдонгон катмар.

Алар колдонгон негизги тиркеме Discord, анын өзгөчөлүгү катышуучулардын инсандыгын жашыруу мүмкүнчүлүгү. Ал эми «Gen Z» же «Gen Z 212» деген аталыш — 1997-жылдан жана 2000-жылдан кийин туулган муунга берилген демографиялык түшүнүк. Демек, бул нааразылык кыймылын жетектеп жаткан жаштардын жаш курагы болжол менен 15тен 25 жашка чейин. Ал эми «212» саны — Марокконун эл аралык телефон коду.

Бул муун өзүнөн мурдагы муундар сыяктуу кордукка көнүп, «саясий реализм» деген ылайга чөгүп калган эмес. Ал мурдагы муундар башынан өткөргөн жеңилүүнүн күйүтүн да татып көргөн эмес. Ошондуктан бул муун азырынча булганбаган таза ак барак сыяктуу.

Z мууну өз аракетин так аныкталган максаттардан (пайда же талаптардан) баштайт. Алар бул максаттарды хэштегдер же тренддер түрүндө калыптандырып, социалдык тармактар аркылуу посттор жана чакырыктар кылып жайылтышат. Бул посттор адамдарды өкмөттүн саясатына каршы көчөгө чыгып нааразычылык билдирүүгө үндөйт. Бул чакырыктар эл ичинде чоң колдоо тапты, натыйжада агылып чыккан эл массалары Рабат, Касабланка, Марракеш, Мекнес, Танжер, Агадир сыяктуу Марокконун ири шаарларын каптады.

Жалпысынан эки жумага жетпеген убакыт ичинде, бул жалпы элдик кыймылдын жүрүшүндө Z мууну төрт ири трендди биринин артынан бирин көтөрдү:

1.«Аль-Хауз зилзалаcы» — бул жер титирөө 2023-жылдын сентябрь айында Марокконун бир аймагында болгон. Ал өлкөнүн инфраструктурасынын канчалык алсыз экенин жана өкмөт жабыркагандарга жардам бере албай калганын ачыкка чыгарган. Үйлөрүн жоготкон көптөгөн адамдар бүгүнкү күнгө чейин чатырларда жашап келишет. Z мууну бул кырсыктын натыйжаларын колдонуп, жабыр тарткандар менен тилектештик көрсөтүп, өкмөттүн шалаакылыгын жана элдин муктаждыктарына көңүл бурбаганын ашкереледи. Алар бийликке басым көрсөтүп, мамлекетти жардам көрсөтүүгө мажбурлоо аракетин башташты. Ошентип Z мууну зилзалада үй-жайсыз калган, жабыр тарткан элдин үнүн чыгарып, элдик лидердик ролундагы кыймыл катары көрүнүп чыкты.

2.«Айт Бужмаз» — бул Атлас тоолорундагы Азилаал провинциясында жайгашкан өрөөн жана айыл. Ал жердин тургундары билим берүү, саламаттык сактоо жана инфраструктура сыяктуу негизги кызматтарды талап кылышкан. Z мууну алардын бул талаптарын өзүнө кабыл алып, Рабатка чейин чоң жүрүш уюштурду. Бул жүрүшкө көп адамдар кошулуп, өлкө ичинде чоң маалыматтык таасир жаратты.

3- Марокконун мамлекеттик ооруканасында алты кош бойлуу аялдын өлүмү – саламаттык сактоо кызматтарынын начар абалынын натыйжасы болуп, бул окуя эл арасында чоң нааразылыкты жаратты. Z мууну бул окуяны пайдаланып, аны үммөттүн негизги кызыкчылыктарынын бири катары кабыл алды. Алар бийликтин саламаттыкты сактоо тармагындагы шалаакылыгын ачыктап, эң жөнөкөй медициналык кызматтарды да көрсөтө албаганын ашкерелешти. Өкмөттү бул өлүмдөр үчүн толук жоопкер деп жарыялап, нааразылык акцияларын уюштурушту.

4- 115 миң көрүүчүгө эсептелген «Хасан II» атындагы спорт стадионунун курулушу — биринчи этабынын өзү 500 миллион АКШ долларына, ал эми экинчи этабы 320 миллион долларга бааланган. Z мууну бул каражаттар стадиондорго эмес, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу негизги жана жашоо үчүн маанилүү тармактарга жумшалышы керек болчу деп баса белгиледи, анткени бул тармактар өлкөдө дээрлик унутта калган. Ошентип, «Саламаттык биринчи… Биз дүйнө чемпионатын каалабайбыз» жана «Стадиондор бар, оорукана кайда?» деген ураандар көтөрүлдү.

Өкмөттүн коомго пайдасы жок, керексиз люкс долбоорлорго миллиондогон каражат коротуп, элдин негизги муктаждыктарын көңүл сыртында калтыруусу — бул чоң мамлекеттик ийгиликсиздиктин белгиси. Z мууну мындай абалды пайдаланып, коомду бул бузук түзүмгө каршы көтөрүп чыгууда.

Мына ушул төрт маселе же төрт кызыкчылык, Z мууну Мароккодо көтөрүп чыккан ураандар. Алар бул аркылуу марокколук коомду кыймылга келтирип, өкмөттү жана падышаны уят абалга салды. Натыйжада алар бул муундун эр жүрөк жана жаңыча мухасаба кылуу ыкмасына даяр эмес болуп, абдан тынчы кетти.

Алыс эмес келечекте, Z муунунун ушул «тирүүлүгү» акырындык менен өнүгүп, режимди кулатып, анын ордуна Ислам мамлекетин тикелөө максатына чейин жетиши мүмкүн.

Абу Хамза аль-Хатвани

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button