Марокко режиминин зулуму менен коррупциясына каршы эл көтөрүлдү, режим болсо өзүнүн кысымы менен элге каршы чыкты!

Марокко режиминин зулуму менен коррупциясына каршы эл көтөрүлдү, режим болсо өзүнүн кысымы менен элге каршы чыкты!
Акыркы он жылдык ичинде Мароккодо чоң апааттар болду, анткени режим Батыш капитализмине жана анын трансулуттук компанияларына, ошондой эле Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык мекемелердин программаларына жооп кылып, уулуу капиталисттик саясаттарга кирип кеткен. Вакыйлыктын андан да оорлошкону, бул саясаттарды толук колдогон сарай жана анын тар чөйрөсү аларды тез арада ишке ашырган, анткени ушул саясаттардын негизги жергиликтүү пайда көрүүчүсү дал ошолор болуп эсептелет.
Ошентип, “жекечелештирүү”, “чет элдик инвестиция”, “валютанын эркин агымы” жана “карыз деңизи” деген аттар менен өлкө Батыш капитализминин жана анын компанияларынын жеке чарбасына айланып, режим менен анын жакын тегерегине да кызмат кылчу абалга келди. Өлкөнүн бардык байлыгы ушул тараптардын жеке эсебине тонолуп, чыгарылып кетти.
Бул уулуу капиталисттик саясаттардын негизинде өлкөнүн кен байлыктары толугу менен жана ар тараптуу түрдө басып алынды. Энергетика (мунай, газ, сланец мунайы) жана баалуу металдар (алтын, күмүш, жез жана кобальт сыяктуу технологиялык маанидеги сейрек кездешүүчү металлдар ж.б.) тармактарында келишимдер, изилдөөлөр, казуу жана сатуу иштеринин жүрүшү күчөдү. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия (шамал энергиясы жана күн панелдери), деңиз суусун тузсуздандыруу сыяктуу тармактар да капиталисттик ыкма менен мафиялык топтордун пайдасына айланып, товарга айлантылды.
Булардын натыйжасында Британиялык жана жалпы Батыш компаниялары, анын ичинде бийликке таандык “Манажим” компаниясы Мароккодогу жаңы мунай, газ жана кен казуу жерлерин тез арада ачып, өз пайдасына иштетип жатат.
Ал эми өлкөнүн айыл чарбасы Батыш капитализминин жана жергиликтүү тар чөйрөнүн менчигине айланды. Айыл чарба тармагына байланышкан бардык саясат Батыш капитализминин көз карашы жана долбоору боюнча жүргүзүлүп калды: 2008–2018-жылдардагы “Жашыл Марокко” планы, андан кийинки 2020–2030-жылдарга каралган “Жашыл муун” стратегиясы — мунун баары Батыш капиталисттик мекемелеринин, өзгөчө Дүйнөлүк банктын, уулуу жана айлакер диктатордук программалары болуп чыкты. Натыйжада өлкөнүн жерлери Батыш капитализминин талааларына айланып, анда Батыш базарына керек болгон нерселер өстүрүлүп, элдин азыгы жана жашоосу көз жаздымда калды. Элдин эгин-тегини, малы жана суулары түгөнүп, аларды кара жакырлыкка ташташты.
Мындан тышкары, режим өзүнүн коррупциясын улантып, 2009-жылы жарыяланган “Алиотис” балык чарбасынын планы аркылуу деңизди жана анын байлыктарын Батыш капиталисттик компанияларына өткөрүп берди.
Бул уулуу капиталисттик саясаттардын натыйжасында шаарларда, айылдарда жана айыл чарба менен балык чарбасында жумушсуздук кеңири жайылып, кедейлик күчөп, коомду каптап кетти. Бул кырсыктын жыйынтыгы коркунучтуу кыйроону көрсөттү: акыркы он жыл ичинде өсүш көрсөткүчтөрү тынымсыз төмөндөп, жумушсуздук жогорулап, өлкө карызга батты. Экономика кризиске түшүп, элдин жашоо деңгээли кескин начарлап, баанын өтө кымбатташы эл үчүн коркунучтуу түшкө айланды.
Ошентип, Марокко банкрот болуп, араб жана африкалык өлкөлөрдүн арасында карызы эң көп өлкөлөрдүн бири болуп калды. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы анын мамлекеттик карызы 107,9 миллиард долларга жеткен, ал эми 2025-жылга карата бул сумма 130 миллиард долларга жетери болжолдонууда. Тышкы карыздын көлөмү 85 миллиард долларды түзүп, бул ички дүң өндүрүштүн 85%ына барабар, 2024-жылга салыштырмалуу 3%га жогору.
Бул абдан коркунучтуу жана катастрофалык деңгээлдеги карыз. Акыркы он жылда режим карыздын сазына толук батып, банкроттук туңгуюкка түшүп калды. Бул чексиз карыздын натыйжасында Батыш каржы мекемелеринин көрсөтмөлөрүнө толук баш ийүү жана Батыш капитализминин алдында чөгөлөө пайда болуп, “үнөмдөө саясаты” деген ат менен (чындыгында болсо Батыш капиталисттерине байлыкты берип, элди жакырлатуу саясаты менен) элдин байлыгы тонолууда.
Бул уулуу жана айлакер саясаттын алкагында коомдун негизги муктаждыктарына кеткен башкаруу жана иштетүү чыгымдары кыскартылып, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана жумушчулардын бир бөлүгү жумуштан бошотулду. Айлык маяналар төмөндөтүлүп, пенсия жашы жогорулатылды. Ошол эле учурда айлыктан кармалган салык көлөмү көбөйтүлдү, товарларга жана кызматтарга салыктар жогорулатылды, элдин жашоосуна керектүү негизги азыктарга (буудай, шекер, май, күйүүчү май ж.б.) болгон мамлекеттик колдоо жоюлду. Баалар эркин коюлуп, капиталисттик базардын жана анын ач көз соодагерлеринин кымбатчылыгына жем болду.
Тышкы соода Батыш капитализминин кызыкчылыгы үчүн бажы төлөмдөрүнөн бошотулуп, жергиликтүү соода алсыздады. Мамлекеттик жана коомдук тармактар (билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт ж.б.) менчиктештирилди. Улуттук валютанын баасы атайылап түшүрүлүп, Батыш капиталист импортчулары пайда көрө тургандай абалга келтирилди. Элге болсо билим алуу, дарылануу, турак жай жана транспорт сыяктуу жашоо-тиричилик чыгымдарынын баары жүктөлдү.
Мындан тышкары, мамлекеттин карызынын үстөк пайызы жыл сайын билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармактарынын бириккен бюджетинен да көп каражатты жеп жатат. Натыйжада мамлекеттин кирешесинин негизги бөлүгү салыктар менен карыз алуу эсебинен гана түзүлүүдө. 2024-жылга карата мамлекеттик бюджет 311 миллиард дирхам деп бааланса, анын 245 миллиард дирхамы түз жана кыйыр салыктардан алынары көрсөтүлгөн.
Бул оор абал эл арасында кедейликтин тереңдөөсүнө жана кеңири жайылышына алып келди. Мындан тышкары, режим элге жакырчылыкты, салыктарды жана мамлекеттик каражатты оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар сыяктуу уулуу долбоорлорго коротууну кошуп салды. Мисалы, 2026-жылдагы Африка Кубогун жана 2030-жылдагы Дүйнө чемпионатын өткөрүү долбоорлору үчүн миллиарддаган суммалар коротулду. Натыйжада элди кыйнаган өтө кымбатчылык, кыйратуучу салык жүгү жана банкроттук туңгуюгу пайда болду.
Бул каргашалуу жана трагедиялуу абал коом ичинде катуу чыңалуу жаратып, жарылууга даяр болгон абалга жеткирди. Натыйжада өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ар түрдүү нааразылык акциялары жана митингдер башталды. Акыры бул толкун бүтүндөй шаарларды, андан соң айыл жерлерин да каптады. Эл режимдин зулумуна, коррупциясына жана жийиркеничтүү саясаттарына каршы көтөрүлдү. Бирок режим аларга өзүнүн кысым жана жазалоо аппараты менен жооп берди, анткени анын колунда калган акыркы куралы ошол зордук-зомбулук жана репрессия эле!
Эй Марокконун эзилип кыйналган калкы, колонизатордук режимдердин алдында жашагандар! Билип коюңуздар — силердин кайгы-муңуңар өзүнчө эмес, бул — өзүнүн Исламын жоготуп, Батыштын кафир колониализми тарабынан жашоосу башкарылып калган бүт үммөттүн чоң кайгысынын бир бөлүгү. Батыш капитализминин жана анын эл аралык монополиясынын уулуу жана айлакер тутумдары, ошондой эле мусулман өлкөлөрүндө орнотулган саткын жана кул режимдер менен кызматташуу аркылуу силерди ушул абалга жеткирди.
Бул кара жакырчылык, кыйраган экономика жана банкроттук — Батыш капитализминин уулуу түшүмү. Ал силердин жашооңорду ички куралдары болгон саясий агенттери аркылуу башкарууда.
Бул капиталисттик жахилият — жер жүзүн зулумдук, азап жана адамдык кайгы менен толтурган жахилият. Булар силердин кайгыңардын негизи. Ал эми саткын жана уятсыз режимдер — силердин кыйрооңордун жана кыйрашыңардын чыныгы жардыруучу куралдары. Алар адамзаттын тагдырынан жок болмоюнча токтобойт.
Эми силер үчүн ушул адашуудан чыгуу мезгили келди. Батыштын адаштырган караңгылыгынан, анын куфр системасынан жана капиталисттик жахилиятынын алдамчылыгынан, ошондой эле анын куралдары болгон саткын башкаруучуларынан ажыроо мезгили келди. Силер өзүңөрдү, үммөттү жана бүтүндөй адамзатты ушул маданий кыйроодон жана адашкан жолдордон куткарып калууга тийишсиңер.
Силер — адамдарга даъват жана күбөлүк берүү үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Бул болсо Батыштан жана анын куйруктарынан тартып алынган бийликти кайра кайтарып алуу менен гана мүмкүн болот. Алардын кудайчаларын жана буттарын кыйратып, жалган философиясын, системасын жана мыйзамдарын жок кылып, андан соң Раббиңердин шариатын орноткула — силердин араңардан бир эркекке байъат берип, ал силердин араңарда Аллахтын Китеби жана Пайгамбарыңардын ﷺ Сүннөтү менен өкүм кылсын.
Ошондо ал силерге сахабалардын, рашид халифалардын жолун кайра жандантат: Набинин ﷺ минхажы негизиндеги Рашид Халифалык орнотулат, ага ылайык Курандын өкүмдөрү кайрадан ишке ашат, узакка унутулган Сүннөт кайра тирилет, Исламий улуу жашоо кайра башталат. Ошондо силер улуу Исламдын даъватын дүйнөгө жеткирип, асман менен жерди байланыштырасыңар жана силерге Жер менен Асмандын Ээси ыраазы болот.
Биз силерди Аллахтын нуруна чакырабыз, андыктан жооп бергиле, кабыл алгыла, анткени анда силердин куткарылышыңар жана түбөлүктүү жашооңор бар.
﴿الٓر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَى صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾
“Алиф, Лам. Ра. (эй Мухаммад, бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп”. (Ибрахим: 1).
Устаз Мунажи Мухаммад
Роя гезити




