Өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу маселеси

Өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу маселеси
Суроо:
Биз билебиз, өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу (б.а. айрымдарын колдонуп, айрымдарын калтыруу) жаиз эмес. Исламдын бардык өкүмдөрүн толук колдонуу талап кылынат.
Ошондо төмөнкү эки хадисти кандай түшүнөбүз? Анткени айрымдар бул хадистерди далил кылып, өкүмдөрдүн бир бөлүгүн колдонуп, башкасын калтырса болот дешет.
Башкача айтканда, бул эки хадисти четке кагуу керекпи же алар менен Исламдын бардык өкүмдөрүн толук колдонуу зарылдыгын айкалыштырып түшүндүрүүгө болобу?
Хадистер мындай:
Му‘аз ибн Жабал رضي الله عنه хадиси:
Ибн Аббас رضي الله عنهما мындай дейт:
Пайгамбарыбыз ﷺ Му‘аз ибн Жабалды Йеменге жиберип жатып айтты:
سَتَأْتِي قَوْمًا أَهْلَ كِتَابٍ فَإِذَا جِئْتَهُمْ فَادْعُهُمْ إِلَى أَنْ يَشْهَدُوا أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لَكَ بِذَلِكَ فَأَخْبِرْهُمْ أَنَّ اللَّهَ قَدْ فَرَضَ عَلَيْهِمْ خَمْسَ صَلَوَاتٍ فِي كُلِّ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لَكَ بِذَلِكَ فَأَخْبِرْهُمْ أَنَّ اللَّهَ قَدْ فَرَضَ عَلَيْهِمْ صَدَقَةً تُؤْخَذُ مِنْ أَغْنِيَائِهِمْ فَتُرَدُّ عَلَى فُقَرَائِهِمْ فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لَكَ بِذَلِكَ فَإِيَّاكَ وَكَرَائِمَ أَمْوَالِهِمْ وَاتَّقِ دَعْوَةَ الْمَظْلُومِ فَإِنَّهُ لَيْسَ بَيْنَهُ وَبَيْنَ اللَّهِ حِجَابٌ
«Сен Китеп ээлерине барасың. Алардын жанына барганыңда, аларды Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад – Аллахтын элчиси экенине күбөлүк берүүгө чакыр. Эгерде алар муну кабыл алышса, анда Аллах аларга күнү-түнү беш убак намазды фарз кылганын кабарла. Эгер алар муну да кабыл алышса, анда Аллах алардын байларынан алынуучу жана кедейлерине таратылуучу садаканы фарз кылганын кабарла. Эгер алар муну да кабыл алышса, анда алардын эң жакшы мал-мүлкүнөн алысыраак бол жана зулумга дуушар болгон адамдын каргышынан сактан, анткени аны менен Аллахтын ортосунда парда жок». (Бухари, Муслим)
Усман ибн Абил-Ас رضي الله عنه хадиси:
Ал-Хасан аркылуу риваят кылынат:
عَنِ الْحَسَنِ عَنْ عُثْمَانَ بْنِ أَبِي الْعَاصِ أَنَّ وَفْدَ ثَقِيفٍ قَدِمُوا عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَنْزَلَهُمْ الْمَسْجِدَ لِيَكُونَ أَرَقَّ لِقُلُوبِهِمْ فَاشْتَرَطُوا عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ لَا يُحْشَرُوا وَلَا يُعْشَرُوا وَلَا يُجَبُّوا وَلَا يُسْتَعْمَلَ عَلَيْهِمْ غَيْرُهُمْ قَالَ فَقَالَ إِنَّ لَكُمْ أَنْ لَا تُحْشَرُوا وَلَا تُعْشَرُوا وَلَا يُسْتَعْمَلَ عَلَيْكُمْ غَيْرُكُمْ وَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا خَيْرَ فِي دِينٍ لَا رُكُوعَ فِيهِ قَالَ وَقَالَ عُثْمَانُ بْنُ أَبِي الْعَاصِ يَا رَسُولَ اللَّهِ عَلِّمْنِي الْقُرْآنَ وَاجْعَلْنِي إِمَامَ قَوْمِي
«Сакыф уруусунун элчилери Пайгамбарыбыз ﷺга келишти. Ал ﷺ аларды жүрөктөрү жумшарышы үчүн мечитке жайгаштырды. Алар Пайгамбарыбыз ﷺ га мындай шарт коюшту: “Биз жоого чакырылбайлы, бизден зекет алынбасын, руку кылбайлы (намаз окубайлы) жана бизге өзүбүздөн башка башкаруучу дайындалбасын.”
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди:
“Силерге жоого чакырылбоо, зекет төлөбөө жана силерге өзүңөрдөн башка башкаруучу дайындабаганга уруксат”.
Андан кийин Ал ﷺ мындай деди:
“Рукусу (намазы) жок динде жакшылык жок”.
Усман ибн Абил-Ас айтты: “Эй Аллахтын Элчиси ﷺ , мага Куранды үйрөтүңүз жана мени элимдин имамы кылыңыз» (Абу Дауд, Ахмад).
Жооп: Жогоруда айтылган эки хадиске жооп берүүдөн мурун, өкүмдөрдүн бир бөлүгүн колдонуп, башкасын калтыруу маселесине байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилеп кетем:
1. Ар кандай маселе боюнча шаръий өкүм чыгарууда, алгач анын вакыйлыгы так изилденет. Андан соң ошол вакыйлыкка тиешелүү далилдер жыйналат жана бул далилдер усулий негизде изилденип, өкүм чыгарылат.
2. Эгер эки же андан көп далил бар болсо, алардын ортосун ылайыкташтырууга الجمع بين الأدلة) аракет кылынат. Анткени эки далилге тең амал кылуу – алардын бирин четке кагуудан артык.
3. Эгер жамдоо мүмкүн болбосо, анда таржих (күчтүүрөөк далилди тандап алуу) усулу колдонулат. Мында белгилүү эрежелер бар:
А) Мухкам (так маанилүү) далил – муташабихке (көп маанилүү) караганда үстөм.
Б) Катъий далил – зонний далилден үстөм.
В) Эгер экөө тең зонний болсо, анда иснад (чынжыр) жана маани жалпылыгы жагынан каралат:
– Ишенимдүү иснад күчтүүрөөк болсо, ошол тандалат;
– Хос (өзгөчө) далил – ‘амм (жалпы) далилден үстөм;
– Мукаййад (чектелген) далил – мутлак (чектөөсүз) далилден үстөм;
– Мантук (насстын ачык, түз мааниси) – мафхумдан (нассты түшүнүүдөн чыккан маанисинен) үстөм ж.б.у.с. Булардын баары усул китептеринде баяндалган.
Эми өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу же айрымдарын колдонуп, айрымдарын калтыруу маселесине өтсөк. Эки хадистин маанисин ошого карата түшүндүрөлү:
1. Өкүмдөрдүн бир бөлүгүн колдонуп, башкасын калтыруу жаиз эмес. Буга байланышкан далилдер субуту катъий (бизге жетип келүүсү анык) жана далалаты да катъий (мааниге далалат кылуусу кескин). Алардын айрымдарын келтиребиз:
Аллах Таала айтты:
﴿أَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللّهُ إِلَيْكَ﴾
“Демек, адамдар ортосунда Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, жана сага келген чындыктан жүз үйрүп, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе! Жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол!” (Маида: 49).
Бул аят Аллахтын Расулуна ﷺ жана андан кийинки бардык мусулман башкаруучуларга багытталган так буйрук. Аллах түшүргөн бардык өкүмдөр менен өкүм чыгаруу – фарз.
Аяттагы ما (Ма) сөзү умумду (жалпылыкты) билдирген сөздөрдөн, демек, бул буйрук бардык түшүрүлгөн өкүмдөрдү камтыйт.
Аллах Таала Өзүнүн Элчисине ﷺ жана андан кийинки бардык мусулман башкаруучуларга адамдардын каалоолоруна ээрчүүдөн жана алардын тилектерин канааттандырууга тыюу салган. Ал мындай дейт:
﴿وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ﴾
«Алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе!» (Маида: 49).
Ошондой эле Аллах Таала Өзүнүн Элчисин ﷺ жана мусулмандарды адамдардын фитнасына алданып, Аллах түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан жүз буруп кетүүдөн катуу эскерткен. Тескерисинче, аларга Аллах түшүргөн бардык өкүмдөрдү, буйруктар болсун, тыюулар болсун, толук жана так ишке ашыруу буйрулган. Ал мындай дейт:
﴿وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللّهُ إِلَيْكَ﴾
«Жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол!” (Маида: 49).
Ошондой эле Аллах Таала мындай деди:
﴿وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ﴾
“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, алар каапырлар!” (Маида: 44).
﴿فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾
“Алар заалымдар” (Маида: 45)
﴿فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Алар фасыктар» (Маида: 47)
Бул үч аятта Аллах Таала Аллах түшүргөн өкүмдөрдүн баары менен өкүм кылбаган адамды — буйрук же тыюу болсун — каапыр, заалым жана фасык деп мүнөздөдү.
Анткени бул аяттарда келген ما сөзү умумий мааниде колдонулган, ошондуктан ал Аллах түшүргөн бардык өкүмдөрдү эч бирин калтырбай, баарын камтыйт.
Мына ушундай түшүнүктө жана ушул өкүмдөрдүн негизинде халифалар – Пайгамбарыбыз ﷺдан кийинки башкаруучулар – Ислам өкүмдөрүн колдонушкан. Алар Аллахтын Китебин эң жакшы билген жана Расулуллах ﷺ ахкамдарды кантип иш жүзүндө колдонгонун эң мыкты түшүнгөн адамдар болушкан.
Ошондуктан алар Ислам өкүмдөрүн дароо, толук, эч кечиктирбестен жана акырындап эмес, бир заматта колдонушкан.
Мисалы, Исламды кабыл алган элдерге «бир жыл арак ичүүгө, же зына кылууга уруксат берип, анан токтотуу» сыяктуу мамиле кылышкан эмес. Тескерисинче, алар Исламды кабыл алган замат бардык өкүмдөр дароо колдонулган.
Мунун бардыгы Ислам өкүмдөрү фатх кылынган жерлерде колдонулушу тууралуу кеңири таралган мутаватир даражасына жеткен кабарлар.
Демек, бул маселе боюнча эч бир зонний далил өкүмдү өзгөртө албайт.
Анткени ахкамдарды баскычма-баскыч колдонуу тыюу салынганы жана Исламдын бардык өкүмдөрүн толук колдонуу — катъий насстын негизинде аныкталган өкүм болуп саналат.
2. Бул эгер кандайдыр бир зонний далил катъий өкүмгө каршыдай көрүнсө, анда катъий далил ага үстөм болот дегенди билдирет. Башкача айтканда, зонний далилди катъийге каршы келбеген мааниде түшүнүү керек. Эгер бул мүмкүн болсо, экөөнү жамдап түшүндүрүү зарыл.
Эгер жамдоо мүмкүн болбосо, анда таржих (катъийди тандап алуу) жолу менен катъий далилди алып, зоннийди четке кагуу керек болот.
3. Эми суроо туулат: Бул эки далилди жамдап түшүнүүгө болобу? Башкача айтканда, зоннийди катъийге каршы келбеген мааниде түшүндүрүүгө мүмкүнбү?
Биринчи хадистен, Му‘аз ибн Жабал رضي الله عنه тууралуу хадистен баштайлы:
«… Аларга: “Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад – Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар муну кабыл алышса, анда Аллах аларга беш убак намазды фарз кылганын кабарла. Эгер алар муну да кабыл алышса, анда Аллах алардын байларынан алынуучу жана кедейлерине берилүүчү садаканы фарз кылганын кабарла. Эгер алар муну да кабыл алышса, анда алардын баалуу мүлкүнөн алысыраак бол жана зулумга дуушар болгон адамдын каргышынан сактан…». (Бухари риваят кылган)
А) Бул хадис иснад жагынан да, матн жагынан да сахих. Анткени аны Имам Бухари өзүнүн «Сахихинде» келтирген жана анда эч кандай карама-каршылык же күмөн жок.
Б) Бирок бул хадистен ахкамдарды акырындап колдонууга уруксат бар деп түшүнүү туура эмес. Эгер мындай түшүнүк кабыл алынса, анда ал катъий далилдерге каршы келет, ал эми бул нерсе жол берилбеген иш. Анткени ахкамдарды акырындап колдонуу — катъий насс менен тыюу салынган.
Сахабалар да ушундай түшүнүктө болуп, жерлерди фатх кылганда Исламды толугу менен, бир эле учурда колдонушкан. Жана бул мутаватир даражасындагы кеңири белгилүү иш.
В) Бул хадис — намаз менен зекет тууралуу так насс болуп эсептелет. Бирок эч бир факих бул хадисти «намазга чакырып, зекетке чакырбоого болот» деген далил катары колдонгон эмес. Башкача айтканда, ахкамдарды акырындап колдонууга чакыргандар да бул хадистен «намаз милдеттүү, бирок зекет милдеттүү эмес» деген жыйынтык чыгарышкан эмес. Алар бул хадистеги намаз жана зекетке байланышкан маанини жалпы түрдө башка өкүмдөргө акырындап өтүү үчүн кыяс катары колдонушат.
Бирок бул жараксыз кыяс, анткени баштапкы негиз (асыл) б.а. намаз менен зекетте акырындап өтүү — алардын өздөрүндө да жок. Алар мындай акырындап өтүүнү намаз менен зекетке колдонушпайт, болгону башка өкүмдөргө гана жайылтышат, бул болсо кабыл алынбайт, анткени хадистин тексти дал ушул намаз менен зекет тууралуу.
Г) Ошондуктан бул хадис ахкамдарды акырындап колдонууга далил болууга жарабайт, анткени анда айтылган негиз — намаз менен зекеттеги акырындап өтүү — эч ким тарабынан иш жүзүндө колдонулган эмес, алардын өздөрү да аны колдонушпайт.
Д) Демек, бул хадистен ахкамдардын бир бөлүгүн колдонуп, башкаларын калтырууга уруксат бар деп түшүнүү эч кандай учурда туура эмес. Анткени мындай түшүнүк ахкамдарды акырындап колдонууга тыюу салган катъий далилдерге каршы келет.
Экинчиден, мындай кыяс да жараксыз, анткени хадистеги намаз жана зекет боюнча баскычма-баскыч амал кылуу өзү колдонулган эмес.
Е) Эми суроо: бул хадисти четке кагуу керекпи, же катъийге каршы келбеген мааниде түшүнүүгө болобу?
Жооп: аны катъийге каршы келбеген мааниде түшүнүүгө болот. Анткени хадистин ачык мааниси (мантук) — ахкамдарды акырындап колдонууга уруксат берүү эмес.
Баскычма-баскыч колдонуу хадистин мафхумунан (түшүнүүүдөн чыккан мааниден) гана алынган. Хадистин тексти мындай:
«… Аларга: “Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад — Аллахтын Элчиси” деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар муну кабыл алышса, анда Аллах аларга беш убак намазды фарз кылганын кабарла. Эгер алар муну да кабыл алышса, анда Аллах алардын байларынан алынуучу жана кедейлерине берилүүчү садаканы фарз кылганын кабарла…» Демек, хадистин ачык мааниси (мантуку) мындай:
Аларды ыйманга чакыр, эгер алар ыйман келтиришсе — намазга чакыр, эгер намаз окушса — зекет берүүгө чакыр.
Бирок ачык мааниде мындай делбейт: Эгер алар ыйман келтирбесе, анда намазга чакырба же эгер намаз окушпаса, анда зекетке чакырба.
Мындай түшүнүк мухалафа мафхуму (каршы түшүнүк) аркылуу гана алынат, башкача айтканда: Эгер алар ыйман келтирбесе — намазга чакырба, эгер намаз окубаса — зекетке чакырба деген жыйынтык шарттын мафхумунан чыгат.
Бирок усул илиминде белгилүү эрежеге ылайык, эгер бир мухалафа мафхуму башка ачык насска (мантукка) каршы келсе, Мафхумга амал кылынбайт (жокко чыгарылат).
Бул — ачык мааниге артыкчылык берүү эрежеси. Ачык маанинин далили катъийге гана эмес, зоннийге да каршы келсе, мафхум иштетилбейт.
Ошондуктан бул хадисти анын ачык мааниси менен гана түшүнүү керек. Мухалафа мафхумуна таянууга болбойт, анткени ал Ислам өкүмдөрүнүн бардыгын толук колдонуу керектигин билдирген ачык далилдерге каршы келет. Бул — усул илиминде бекем орнотулган жана усул аалымдарынын баары макулдашкан (ижмаъ) эрежелердин бири. Мафхумду колдонгондор да, колдонбогондор да бул негизге макул.
Мисалы: Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَلَا تُكْرِهُوا فَتَيَاتِكُمْ عَلَى الْبِغَاءِ إِنْ أَرَدْنَ تَحَصُّنًا﴾
“Аруулукту эңсеген күңүңөрдү дүйнө турмушунун нерселерин (жыргалын) эңсеп зынаакерлик кылууга мажбурлабагыла”. (Нур: 33)
Бул аяттын мантугу: эгер алар аруулукту каалашса, зынага мажбурлоо – харам. Бирок бул аяттан мухалафа мафхуму боюнча мындай жыйынтык чыгат эле: эгер алар аруулукту каалабаса, анда зынага мажбурлоого болот.
Бирок мындай түшүнүк ачык насска каршы келет, анткени Аллах Таала башка аятта мындай деген:
﴿وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنَا إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَسَاءَ سَبِيلًا﴾
“Зынаага жакындашпагыла! Себеби (бул) бузукулук – эң жаман жол”. (Исра: 32).
Ошондуктан Нур сүрөсүндөгү “эгер алар аруулукту каалашса” деген аяттагы мухалафа мафхуму, башкача айтканда эгер каалашпаса, зынага мажбурлоо болот деген жыйынтык – жараксыз жана ага амал кылынбайт.
Бул аятта да мантук гана колдонулат, б.а. эгер алар аруулукту каалашса — зынага мажбурлоого болбойт, ал эми алар аруулукту каалабаса деген учурдун өкүмү — бул аяттагы мафхумдан эмес, башка аяттардагы жалпы зынага тыюу салуучу далилдерден алынат.
Мисалы, Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِي الأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلاَةِ إِنْ خِفْتُمْ…﴾
“Сапар кылып башка жерлерге барганыңарда, эгер каапырлардын фитнасынан (каарынан) корксоңор, намазыңарды касыр (кыска) кылып окушуңардын күнөөсү жок”. (Ниса: 101).
Бул аяттын мантугу — коркунуч бар учурда намазды кыскартууга уруксат берилет дегенди билдирет. Ал эми мухалафа мафхуму боюнча — эгер коркунуч жок болсо, анда кыскартууга болбойт деген жыйынтык чыкмак.
Бирок бул мухалафа мафхумуна амал кылынбайт, анткени аны ачык маанидеги хадис жокко чыгарат. Ал хадисте бир адам Пайгамбарыбыз ﷺдан коопсуз шартта намазды касыр кылып окуу болобу деп сураганда, ал ﷺ мындай деп жооп берген:
«Садака تصدق الله بها عليكم فاقبلوا صدقته»
(«Бул — Аллах силерге берген садака, андыктан Аллахтын садакасын кабыл алгыла») (Муслим риваят кылган).
Демек, аяттын мантугу боюнча — касыр кылуу коркунуч бар учурда уруксат. Ал эми коопсуз абалда касырга уруксат — бул аяттагы мухалафа мафхумдан эмес, Пайгамбарыбыз ﷺдын хадисинен алынат. Ошентип, коркунучта да, коопсуздукта да касыр кылып окуу жаиз, анткени бул Аллахтын кулдарына берген жеңилдиги (садакасы) болуп саналат.
Ушундай эле усулий түшүндүрмө Му‘аз ибн Жабал رضي الله عنه хадисине да тиешелүү: Хадистин мантугу боюнча амал кылынат, ал эми анын шартка байланыштуу мухалафа мафхуму колдонулбайт. Башкача айтканда, эгер алар намаз окубаса, анда зекеттин өкүмү башка далилдерден алынат, анткени зекетти фарз кылган далилдер — башка аяттар жана хадистер — анын жалпы, катъий түрдө фарз экенин билдирет. Намаз окуйбу же жокпу — зекет бардык мусулмандарга фарз.
Ахкамдарды баскычма-баскыч колдонууга тыюу салган катъий далилдер — алардын мантугуна да, мафхумуна да амал кылынат. Ошондой эле Му‘аз хадиси мантугу боюнча гана амал кылынат, ал эми мухалафа мафхуму ташталат.
Мына ушундай жол менен, усулул-фикх эрежелерине ылайык, далилдердин бардыгы жамдаштырылып, бири-бирине каршы келбеген формада колдонулат.
Эми экинчи хадиске өтөлү:
Бул Усман ибн Абил-Ас رضي الله عنه риваят кылган хадис. Ал мындай дейт:
«Сакыф уруусунун элчилери Пайгамбарыбыз ﷺга келишти. Ал ﷺ аларды жүрөктөрү жумшарышы үчүн мечитке жайгаштырды. Алар Пайгамбарыбыз ﷺ га мындай шарт коюшту: “Биз жоого чакырылбайлы, бизден зекет алынбасын, биз руку кылбайлы (намаз окубайлы) жана бизге өзүбүздөн башка башкаруучу дайындалбасын.”
Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди: “Силерге жоого чакырылбоо, зекет төлөбөө жана силерге өзүңөрдөн башка башкаруучу дайындабоого уруксат”. Андан кийин Ал ﷺ мындай деди: “Рукусу (намазы) жок динде жакшылык жок”.
Усман ибн Абил-Ас айтты: “Эй Аллахтын Элчиси ﷺ , мага Куранды үйрөтүңүз жана мени элимдин имамы кылыңыз». Хадистеги:
«لا يُجَبّوا» деген сөз «тежбия» сөзүнөн, башкача айтканда, руку маанисиндеги сөздөн келип чыккан, ошондуктан бул — намазды түшүндүрүү үчүн мажаз түрүндө колдонулган.
Бул хадис боюнча түшүндүрмө:
А) Хадиске амал кылууга болот, анткени ал-Мунзири мындай деген: «Бул хадис боюнча: Хасан Басрий Усман ибн Абил-Аастан уккан эмес деп айтылган». Бирок бул белгисиз (сийга мажхул) түрүндө айтылган, ошондуктан хадис негиз катары колдонулушу мүмкүн.
Мурунку хадисте колдонулган усулий түшүндүрмө ыкмасы бул хадиске да тиешелүү. Бул хадистен ахкамдарды акырындап колдонууга уруксат бар деп түшүнүү туура эмес, анткени ахкамдарды акырындап колдонууга тыюу салуу — катъий далил менен бекемделген. Мунун негизинде эки мүмкүнчүлүк бар:
1. Хадис катъий далилдерге каршы келбеген мааниде түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, эки далилди тең жамдап колдонууга аракет кылынат, б.а. катъий далил да, зонний далил да иштетилет.
2. Эгер жамдоо мүмкүн болбосо — катъий далилге таянып, зонний далилди четке кагып, таржих кылынат. Бул усулул-фикхтин негизги эрежеси:
«Катъий далил зонний далилге үстөм» — القطعي قاضٍ على الظني.
Бул хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ Сакыф уруусунун элчилеринен кээ бир талаптарды кабыл алган: «Биз жоого чакырылбайлы, бизден зекет алынбасын жана бизге өзүбүздөн башка башкаруучу дайындалбасын».
Пайгамбарыбыз ﷺ булардын ичинен айрымдарын кабыл алган, бирок намазды таштоо талабын кабыл алган эмес.
1. «Силерге өзүңөрдөн башка башкаруучу дайындалбасын» деген талап — алардын жеринде өз эли арасынан башкаруучу болсун деген шарт. Эгер алардын арасынан мындай ишке татыктуу, адилет адам болсо, анда бул шариатка ылайык жана жаиз. Ошондуктан бул бөлүккө эч кандай тыюу жок.
2. لا يُحشرون деген сөздүн мааниси
Лисан аль-Арабда мындай түшүндүрмө берилген:
«لا يُحشرون» б.а. алар жоого чакырылбайт, аскердик жихадга катышпайт же болбосо алар зекет жыйноочуга (амилге) барып, зекет берүүгө чакырылбайт дегенди билдирет.
Демек, لا يُحشرون сөзүнүн маанилеринин бири — алар зекет берүү үчүн амилдин алдына чакырылбайт, амил өзү алардын жанына барып, ошол жерден зекетин алат. Бул маани да бүткүл Ислам өкүмдөрүнө шайкеш келет жана эч кандай карама-каршылык жаратпайт.
3. «Ла ю‘ашарун» لا يُعشرون деген сөздүн мааниси Лисан аль-Арабда мындай дейт:
«لا يُعشرون» б.а. алардын мал-мүлкүнөн ондон бир бөлүк алынбайт (ушур алынбайт), башкача айтканда, алардан фарз болгон зекет гана алынат. Демек, لا يُعشرون – “алардан ашыкча салыктар алынбайт, болгону фарз зекет гана алынат” дегенди билдирет.
4. Демек, хадистин туура түшүнүгү мындай: Пайгамбарыбыз ﷺ алардын мындай шарттарын кабыл алган:
– Зекетти өз аймагында төлөө, амил алардын жанына келип алат;
– Ондук салыктан (ушурдан) бошотулуу, б.а. фарз зекеттен башка эч нерсе алынбайт.
Бул Ислам шариатына туура келет жана жаиз шарт болуп саналат. Мусулман болуп жаткан элге өз жеринде зекет төлөөнү жана зекеттен тышкары кошумча салыктар алынбашын талап кылуу укугу бар. Мында ахкамдарды баскычма-баскыч колдонуу деген түшүнүк жок. Мына ушундай түшүндүрмө аркылуу хадисти катъий далилдер менен шайкеш келтирип түшүндүрүүгө болот.
5. Бирок Абу Дауд аркылуу келген башка риваят бар: «Вахб аркылуу Жабирден суралганда, ал айтты: “Сакыф уруусу Пайгамбарыбыз ﷺ га байъат бергенде, алар “Бизге садака да, жихад да болбосун” деп шарт коюшкан. Бирок Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Алар Исламга киргенде садака берип, жихад кылышат” (Абу Дауд).
Бул риваят түшүнүктү дагы да тактап турат: «алар жихадга чакырылбайт» б.а. жихадга катышпайт дегенди билдирет, «алардан зекет алынбайт» дегенди билдирет
Демек, бул хадистин өкүмү — Сакыф уруусунун элчисине гана тиешелүү хос өкүм болуп саналат. Пайгамбарыбыз ﷺ алардын жихадга чыкпоо жана зекет бербөө талабын убактылуу кабыл алган, бирок бул ъам өкүм эмес, тескерисинче — ошол уруу үчүн гана өзгөчө (махсус) өкүм болгон.
Анткени өзгөчө өкүм анын ээси менен чектелет, башка адамдарга же учурларга жайылтылбайт. Мындай өкүмдүн өзгөчөлүгүн аныктаган далил (карина) керек болот жана бул жерде ал далил — Пайгамбарыбыз ﷺдын кабары, анда Ал ﷺ мындай деген:
«سيتصدقون يجاهدون إذا أسلموا»
«Алар Исламды толук кабыл алганда, зекет берип, жихад кылышат».
Бул сөз Аллахтын Элчисинин ﷺ ырайымы жана вахый аркылуу берилген кабары б.а. бул — гаибди (жашыруун келечекти) билүү, бул нерсе Пайгамбарыбыз ﷺдан башка эч кимге берилбейт. Ошондуктан бул аларга гана тиешелүү өзгөчө өкүм экенинин айкын каринасы.
Исламда мындай өзгөчө өкүмдөрдүн мисалдары көп:
1. Хузайма ибн Сабит رضي الله عنه тууралуу окуя: Пайгамбарыбыз ﷺ анын күбөлүгүн эки кишинин күбөлүгүнө тең деп кабыл алган. Бул өкүм жалпы үммөт үчүн эмес, Хузаймага гана тиешелүү өзгөчө өкүм болгон.
2. Абу Барда رضي الله عنه тууралуу окуя: Ал алты айлык эчкини курмандыкка чалган, Пайгамбарыбыз ﷺ бул курмандыкты анын өзүнө гана уруксат кылган, башкаларга болсо бир жылдык эчки гана жарактуу. Демек, бул да өзгөчө өкүм, жалпы үммөткө жайылтылбайт.
Ошентип, ахкамдарды акырындап колдонууга катъий далилдер менен тыюу салынган. Бул жалпы, бардык үммөткө тиешелүү өкүм. Ал эми жихад жана зекет маселесинде Сакыф уруусуна берилген мөөнөт жана жеңилдик Пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан белгиленген өзгөчө өкүм, анткени Пайгамбарﷺ алар кийин, эгер Исламды толук кабыл алышса, жихад кылып, зекет чыгарышарын билген.
Жыйынтык:
Ахкамдарды бөлүп колдонуу – арам. Ислам өкүмдөрүнүн бир бөлүгүн колдонуп, башкаларын калтырууга катъий далилдер менен тыюу салынган.
Му‘аз ибн Жабал رضي الله عنه хадиси – анын мантугу боюнча кабыл алынат, бирок мухалафа мафхуму боюнча амал кылынбайт.
Абу Дауд риваят кылган хадис – эки риваяты менен, анда Пайгамбарыбыз ﷺ намазды таштоо талабын кабыл алган эмес. Ал эми жихад менен зекетти убактылуу аткарбоо шартын кабыл алган. Бул – Сакыф уруусуна гана тиешелүү хос өкүм, анткени Пайгамбарыбыз ﷺ вахий аркылуу алардын кийин Исламды толук кабыл алып, жихад кылып, зекет берерин билген.
Демек, бул эки хадис четке кагылбайт. Тескерисинче, аларды ахкамдарды бөлүп колдонууга тыюу салган катъий далилдер менен жамдап түшүнүү керек. Бул жамдоо жогоруда усулул-фикх эрежелерине ылайык түшүндүрүлгөндөй жүргүзүлөт.
12 мухаррам 1427-х.
11-февраль 2006-ж.




