Роя гезити

Синай Египеттин коопсуздугу менен яхудий түзүмүнүн ач көздүгү ортосунда!

Синай Египеттин коопсуздугу менен яхудий түзүмүнүн ач көздүгү ортосунда!

Яхудий түзүмүнүн Газадагы согушу башталгандан тарта Синай жарым аралы кайрадан дүйнөнүн көңүл борборуна чыкты. Азыр болсо ал бир эле учурда кара ниет каалоолордун да, кооптонуулардын да түйүнүнө айланды. Каир өзүнүн Суэц каналынын чыгышында аскердик күчтөнүүсүн «улуттук коопсуздукту сактоо жана терроризм менен контрабанданы токтотуу» деп түшүндүрүп жатат. Ал эми яхудий түзүмү бул аракеттерди «Кэмп-Дэвид келишиминин коопсуздук тиркемесине каршы коркунуч» деп баалайт. Бирок чыныгы абалды терең караганда, Египеттеги бул кыймылдардын баары Кэмп-Дэвид келишиминин чегинде, анын шарттарын бузбай, тескерисинче яхудий түзүмү менен координация аркылуу ишке ашып жатканын көрүүгө болот. Муну мисирлик режим өзүнүн расмий өкүлдөрү жана маалымат каражаттары аркылуу ачык айтып келет. Натыйжада Египет армиясы мурда яхудийлер менен согушуп, жерди бошотууга арналган күч болчу, эми болсо яхудий түзүмүнүн чек арасын кайтарган жана Газаны курчоого жардам берген күчкө айланды.

1979-жылы Кэмп-Дэвид келишими түзүлгөндө, Синай ар кайсы коопсуздук аймактарына бөлүнүп, ар биринде кандай жана канча аскер жайгаша алары аныкталган. Ошондон бери Египет ар дайым бул келишимге сөзсүз баш ийерин жана Синайдагы бардык күчөтүүлөр яхудий түзүмү менен макулдашылып, эл аралык көп улуттуу күчтөрдүн көзөмөлүндө жүргүзүлөрүн белгилеп келет. Мисалы, Египет танктарды же абадан коргонуу системаларын киргизген учурларда да, ал дароо «бул иш макулдашылган жана келишимди бузбайт» деп жарыялайт.

Бул жөн гана формалдуулук эмес, бул саясий чындык. Ал Египетти яхудий түзүмү үчүн «тынч жана коопсуз коңшу» катары көрсөтөт. Тель-Авив да билет: Египеттин бардык «күчөтүүлөрү» уруксат берилген чектен чыкпайт жана чындыгында алар яхудийлерге эмес, Синай менен Газа элине каршы багытталган. Яхудий түзүмүн чындап тынчсыздандырган нерсе Египеттеги улам күчөп жаткан экономикалык кризистердин кесепетинен саясий кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетүү ыктымалдыгы. Анткени бул шартта үммөттүн ичинен чыныгы ихлас адамдар бийликке келсе, алар Батышка жана яхудий түзүмүнө каршы туруп, аны түп-тамыры менен жок кылуу үчүн иш алып барышы мүмкүн. Ошондуктан яхудий түзүмү үчүн Египет режимин жана анын башчысын сактап калуу алардын жашоосу үчүн стратегиялык зарылдык.

Каир болсо өзүнүн каналдын чыгышындагы аракеттерин «терроризм жана контрабандадан чек араны коргоо» деп актап жатат. Бирок ар бир байкоочу бул шылтоо гана экендигин жакшы билет, чыныгы максат Газа. Өткөөл пункттар жабылган, тоннелдер кыйратылган, дубалдар курулган, ал эми чек ара бою толугу менен «коопсуздук зонасына» айланган. Булардын баары «контрабанданы токтотуу» деген жүйө менен жасалган, бирок чындыгында бул — Газа элин муунтуу жана ачарчылыкка алып келүү саясаты болуп эсептелет.

Синай өзүбүздүн элге каршы ачылган согуш талаасына айланды: көчүрүүлөр, өлтүрүүлөр жана кайра-кайра камоолор токтобой жатат. Ал эми бул зулумдуктун дайыма айтылган жүйөсү “терроризм менен күрөшүү”! Бирок чындыгында бул саясат яхудий түзүмүнүн кызыкчылыгына кызмат кылууда: ал алардын түштүк чек арасын коргойт жана коопсуздугун камсыз кылат. Мисир режими да муну жашырбай, “Синай (израилге) каршы чабуулдардын очогуна айлануусуна жол бербейм” деп ачык айткан. Бул анын чыныгы максаты — түзүмдүн коопсуздугун сактоо экенин көрсөтөт. Бирок Синай тескерисинче, үммөттүн аскерлери Палестинаны толук бошотуу үчүн аттануучу база болушу керек эле.

Яхудий түзүмү Синай анын эң кооптуу стратегиялык жайы экенин жакшы билет. Эгерде Синай Кэмп-Дэвиддин чектөөлөрүнөн бошоп, Египет армиясынын чыныгы базасына айланса, жана армия куткаруучу мусулмандардын колуна өтсө Палестинадагы алардын бар болуусуна эч кандай коопсуздук калбайт. Ошондуктан алар Синайдагы ар бир кыймылды кылдат көзөмөлдөшөт, танк жылса же абадан коргонуу ракетасы жайгашса дароо нааразы болушат. Алар Синай оор куралдан бош калышын каалайт, анткени бул яхудий армиясынын артыкчылыгын сактап, Египет армиясын чектөөгө мүмкүндүк берет. Бирок маселе бир гана яхудийлердин амбициясында эмес, душмандын каалоосун кылдат аткарып, аны “улуттук коопсуздук” деген ураан алдында актап жаткан режимдин өзүндө. Алар үчүн “коопсуздук” деген эң биринчи яхудийлердин коопсуздугу, ал тургай Газанын жана Синайдын кан төгүлүшү баа катары төлөнсө да.

Бүгүн Синайда болуп жаткан окуялар Египет режими Батышка жана яхудий түзүмүнө көз каранды экендигин далилдеген бир барак гана. Каир “улуттук коопсуздук” деген ураанды көтөрсө да, иш жүзүндө ал үммөттүн душманынын чек арасын кайтарып, Газадагы бир туугандарыбызды курчоого катышып жатат. Душман болсо өз ач көздүгүнөн барган сайын тайманбайт, анткени аны менен күрөшүүнүн ордуна азыркы режимдер аны коргоп жатышат. Ал эми акыйкат жана шариат боюнча Египет үчүн коопсуздук Палестинанын коопсуздугусуз мүмкүн эместиги ачык айкын. Эгерде Синай жихаддын жана бошотуунун базасы болбостон, душманды коргоочу гарнизон бойдон калса, ал жерде эч качан коопсуздук болбойт.

Кэмп-Дэвид келишими — талкаланууга тийиш болгон чынжыр. Египет армиясы өзүнүн шаръий милдетине кайтышы керек, баскынчы түзүмдү коргоо эмес, мусулмандарды колдоп, Аллахтын сөзүн үстөм кылуу зарыл.

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

“Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда”.

Бул аяттын өзү эле шаръий өкүмдү түшүндүрүп турат, бирок эгер жардам сурап жаткандар бомбалоо жана курчоо астындагы Газа эли болсо, жооп андан бетер ачык болбойбу?!

Эй Мисир аскерлери!

Силер жөн гана аскердик түзүлүштүн катарындагы жоокерлер эмессиңер — силер Мухаммад ﷺ  үммөтүнүн бир бөлүгүсүңөр! Силер кыймылга келчү алдынкы катарсыңар, силер кылычсыңар, жогору көтөрүлүшүңөр керек, Газада жана бүтүндөй Палестинада азап чеккен мазлум бир туугандарыңарга жардам берүүгө турушуңар керек. Бир туугандарыңар ал жакта кырылып, курчоодо жок кылынып жатышат, ал эми силер — бардык аскерлердин ичинен аларга эң жакынсыңар жана кааласаңар чынжырды үзүүгө эң жөндөмдүүсүңөр. Ошондуктан колуңарды байлап койгон буйруктарга алданбагыла! Рухсуз, куру “согуштук ишенимге” алданып калбагыла! Чыныгы согуштук ишеним Курандан чыгат. Исламдагы армиялар режимдерди коргоо же басынткан келишимдерди күзөтүү үчүн эмес, үммөттү коргоо жана Исламдын даъватын дүйнөгө жеткирүү үчүн, мусулмандардын жерин сактоо жана алардын душмандарына коркунуч туудуруу үчүн түзүлгөн.

Эй Мисир аскерлери!

Эми качан өз диниңер үчүн, элиңер жана көз алдыңарда кыргын болуп жаткан бир туугандарыңар үчүн турасыңар?! Чыныгы чындыкты көргүлө: ким силерди Ислам жерин басып алган түзүмдүн чек арасын кайтарууга пайдаланууда? Ким силерди анын коопсуздугун камсыз кылууга мажбурлап жатат? Ким силерди Газаны коргоодон тыюуда? Ким силерге кыргынына көз жумуп, унчукпоону буйрууда? Ким силерди Аллах фарз кылган милдеттен тыйууда? Ал — душман менен бирге иш алып барган, өлтүрүүгө көз жумган, ал тургай Палестинадагы элиңерди курчоого катышкан режим!

Силер бул абалды бузууга, аны өзгөртүүгө жана бир туугандарыңарды коргоого кудуреттүүсүңөр. Болгону, Аллах үчүн кыймылдагыла! Америкага же сионисттик союздарга жагынуу эмес, Аллахтын ыраазылыгын эң жогорку максат кылгыла.

“Биз чыкпайбыз, унчукпайбыз, сатпайбыз! Биз кордук өткөөлдөрүн, маскара келишимдерди жана колонизаторлордун чек арасын кайтарбайбыз!” – деп айткыла.

Силер үчүн төңкөрүштөрдүн жана Кэмп-Дэвид келишиминин жетекчилери эмес, Саад ибн Абу Ваккас жана Аллахтын кылычы Халид ибн Валид Сайфуллах үлгү болсун!!! Куралды колуңардагы аманат катары кармагыла — ал Аллахтын жана үммөттүн душмандарына гана каршы колдонулсун!

Бүгүн Газа силерди чакырууда — жооп берчү барбы?

Бүгүн Кудус силерден жардам сурап жатат — жардам көрсөтүүчү барбы?

Үммөт силерден тарыхка маскаралык менен эмес, сыймык менен жазыла турган кадам күтүп турат.

Эй Мисир жоокерлери! Убакыт келди!

Эми силер же өзгөрүүнүн эрлери, жеңиштин жаратуучулары жана Ислам роясын көтөргөндөр болосуңар, же тарых силерди кордук барактарына жазып калат.

Оо Аллахым, биз бул сөздү жеткирдик. Аллахым, күбө бол!

Устаз Саид Фадл

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button