Роя гезити

Мусулмандар арасында үмүттү өчүрүү жана духту түшүрүү өнөрү

Мусулмандар арасында үмүттү өчүрүү жана духту түшүрүү өнөрү

Анын дини менен гана улуулук бар болгон жана Анын шариаты менен гана жашоо бар болгон Аллахка мактоолор болсун. Бизге Аллахтан башка бирөөгө баш ийүүнү харам кылган Пайгамбарга салават жана салам болсун.

Туура айтылган сөз бар: «Тогуттарды элдердин ойгок болуусунан катуураак коркута турган нерсе жок». Мен муну улап айтам: элдердин ойгонушуна эң чоң түрткү болгон нерсе — аң-сезим жана жакшы үмүт. Ошондуктан, кафир колонизатор бул чындыкты эрте түшүнүп, өзүнүн өкүмдарлыгы урашы ушул эки күч т.а. аң-сезим менен үмүт аркылуу болорун билип, экөөнө тең каршы күрөштү баштаган.

Аң-сезимге каршы ал идеологиялык чабуулдарды, билим берүү системасын өзгөртүүнү, сакофий программаларды, миссионердик ишмердүүлүктү жана Батыш сакофатына сугарылган “интеллигенттерди” колдонду. Бул күрөш бүгүн да токтой элек.

Ал эми моралдык рухту талкалоо, жеңилүү психологиясын жайылтуу жана жигиттердин жүрөгүнө үмүтсүздүктүн уругун себүү үчүн Батыш жакын жана алыскы, душман жана “дос” болгон кызматчыларын колдонуп келет. Батыш үчүн мусулмандарды уйкуда кармоонун жалгыз жолу — элдерди “биз жеңишке татыктуу эмеспиз”, “каршылык, даъват же өзгөрүү аракеттери пайдасыз” деп ишендирүү.

Бул максатка жетүү үчүн зор, кең масштабдагы иштер жүргүзүлдү. Анткени Батыш Курандын, Сүннөттүн жана биздин даңктуу тарыхыбыздагы баатырлардын окуялары адамдардын жүрөгүнө рух жана үмүт берээрин жакшы билет. Ошондуктан ал бардык мүмкүнчүлүгүн колдонуп, жеңилүү жана үмүтсүздүк сакофатын жайылтууга киришкен.

Бул жерде адамдардын ичинде руханий түшүнүктү талкалап, үмүттү өчүрүүдө эң коркунучтуу үч ролду гана айталы:

  1. Батыш сакофатына сугарылган ойчулдар жана интеллигенттер.

Булардын көпчүлүгү мектептерде, университеттерде, маданий борборлордо жана клубдарда иштешет. Алардын жалгыз миссиясы жаш муунга “силер артта калган элсиңер, Батыш гана өнүгүүнүн, маданияттын жана заманбаптыктын үлгүсү” деген түшүнүктү сиңирүү.

Алар Батыш койгон башкаруучулардын ролу жөнүндө унчукпайт. Ошол башкаруучулар элди бөлүп-жаруу, байлыктарды колонизаторго тапшыруу, шариатты токтотуу, жемкорлукту колдоо жана ислахчыларга (оңдоочу дааватчылар) тоскоолдук кылуу менен алек. Натыйжада студент өзүнүн үммөтүн жаман көрүп, төмөн сезимге, алсыздыкка жана Батышка моюн сунууга үйрөнөт. Мына ушундай чөйрөдө өскөн жаштар үмүтсүз болуп калат. Ал тургай, аны бирөө өзгөрүүгө чакырса, ал каршылык көрсөтүп, мектеп менен университетте сиңирилген ондогон “далилдерди” келтирип, “үммөт артта калган” деп актоо издеп чыгат.

  1. Аалымдар менен даъватчылардын ролу.

Шексиз, жаман аалымдардын (علماء السوء ) эл арасында үмүттү өчүрүүдө, табиятты бурмалоодо жана адамдарды жеңишке татыксызбыз деп ишендирүүдө өтө чоң таасири болду.

Үммөт башына кырсык түшкөндө же душман каптап киргенде өзүнүн аалымдарына кайрылат. Бирок алар оттон качып, жалынга түшкөн сыяктуу күтүлбөгөндөй жагдайга туш болот. Анткени аларды «жеңилүүнүн шейхтери», руханий жактан сынган, Исламды Пайгамбарыбыз ﷺ  алып келген таза жолдон алыс, бурмаланган түрдө үйрөнгөн аалымдар тосуп алат. Алар өздөрүндөгү үмүтсүздүктү жаштардын жүрөгүнө салып, болгон балээлер үчүн жоопкерчиликти да ошол жаштарга жүктөшөт: «Силерде эч кандай жакшылык жок, жеңишке татыксызсыңар, үммөт артта калган, Ислам менен башкарууга даяр эмес, бардык элдер силерден жакшыраак, бул муун жеңиш мууну эмес, андан көрө башка муунду тарбиялоо керек, өзгөрүүнү биз эмес, Махди келип жасайт, болуп жаткан нерселер биздин күнөөлөрүбүздөн (бийликтегилердин ролун айтпастан) бизге калган нерсе дуба кылуу гана…»,- дешет.

Мындай кыйратуучу сөздөр эч кандай чечимди да, иш-планды да сунуштабайт, бул абалды өзгөртүүнүн шаръий өкүмүн да түшүндүрбөйт. Бул душмандардын кылган ишине окшоп, үммөттү өзүнө каршы жазалоо болуп саналат. Ошентип, баскынчылар каалагандай жүрөт, мусулмандар болсо кыргындан кийин кыргынын санап олтурушат, анткени алар өздөрүн эң алсыз душмандын өзүнө да каршы тура албагандай ишенип алышкан.

  1. Жалган маалымат таратуучу медианын ролу.

«Биздин медиа — биздин өлүмүбүз» деген сөз чын. Себеби жаман башкаруучулар көзөмөлдөгөн жана сатып алган медиа душмандын күчүн үлкөн, үммөттүн мүмкүнчүлүктөрүн кичирейтип көрсөтөт. Медиада бөлүнүү жана чек аралар «ыйык» нерседей көтөрүлүп, ошол чек араларда агып жаткан бир туугандын каны андан арзаныраак бааланат.

Медиа «акыл оорулууларды», бузукуларды, күнөөнү жайылтуучуларды жана сарай аалымдарын чакырып, сааттап эфир берет. Экрандар болсо тек гана оюн-күлкү, маанисиз шоулар жана бош темалар менен толот. Ушундай шартта аң-сезимдин жоголушу, жүрөктүн жана туйгулардын таш болуп калышы, үмүтсүздүктүн жайылышы жана аракетсиздик табигый көрүнүш болуп калат.

Бул кеңири жайылган руханий оорунун алдында мен айтар элем: Билип алгыла, биз — Алла Таала кор болууну арам кылган үммөтпүз. Ал айтат:

﴿وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ﴾

«Каапырдыкка каршы күрөштө(суз болбогула) жана (Ухуд согушундагы жеңилүү себептүү) кападар болбогула! Эгер (чыныгы)ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуңар» (Аали Имран: 139).

Биз — Алла Таала өзүнө болгон ишенимди жоготкондорго каарданган үммөттүн балдарыбыз. Ал айтат:

﴿مَن كَانَ يَظُنُّ أَن لَّن يَنصُرَهُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لْيَقْطَعْ فَلْيَنظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ﴾

«Кимде-ким Алла эч качан ага жардам кылбайт, деп ойлоочу болсо, анда бир аркан менен асманга – шыпка асылып, (өзүн жерден) үзсүн (тактал айтканда, өзү үчүн дар жасап, ага асылсын), андан соң карасын – бул айла-амалы анын ачуусун кетирээр бекен?!» (Хаж: 15).

Башкача айтканда: андай адам өзү асынып өлгөнү абзел. Алла Таала үмүт үзүүнү да арам кылды:

﴿قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِ إِلَّا الضَّالُّونَ﴾

«Ал: «Раббисинин берешен мээриминен жалаң адашкан адамдар гана үмүтсүз болушат» деди» (Хижр: 56). Жана дагы айтат:

﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَلِقَائِهِ أُولَٰئِكَ يَئِسُوا مِن رَّحْمَتِي وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴾

«Алланын аяттарын жана Ага жолугушун тана турган адамдар – алар Менин ырайым – мээримимден үмүтсүз (кур-жалак) болгон кимселер жана алар үчүн жан чыдагыс азап бар» (Анкабут: 23).

Ал тургай Алла Таала үмүт үзүүнү кафирлик менен байланыштырып айтты:

﴿إِنَّهُ لَا يَيْأَسُ مِن رَّوْحِ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ﴾

“Алланын мээриминен жалаң каапыр коом гана үмүтсүз болот” (Юсуф: 87).

Имам Фахр ар-Разий бул аят тууралуу мындай деп айткан: «Үмүтүн үзгөн адам Алланы сараң, билбеген, бардык нерсеге кудуреттүү эмес деп айыптаган болот. Алла андайдан аруу!».

Эй бир туугандар!

Үмүтсүздүк — бул жанды уйку абалына салып, шал кылган уулуу ийне. Эл өз башкаруучуларынан кутулуу мүмкүн эмес деп ишенгенде, алардын отунда ондогон жылдар бою күйүп отурат. Бирок үмүттүн булутун кетирип, Аллага жана өз күчүнө ишенгенде, ошол эле үммөт өз башкаруучуларын кулатып, алардын ордун жер менен жексен кылат.

Кудайга ант, бизде кайрадан даңктын бийиктигине көтөрүлүүгө зарыл болгон бардык негиздер бар:

— бириктирүүчү акыйда бар;

— толук үлгү (пайгамбарлык сүннөт) бар;

— күчкө толгон жаштар бар;

— чексиз байлыктар бар,

— стратегиялык мааниге ээ жайларыбыз бар;

— акыл жана илим бар;

— жана мунун баарын жарык жолго баштаган сира (пайгамбарыбыздын өмүр жолу) жана тарыхы бар.

Мунун үстүнө жакында келе турган сүйүнчүлөр да бар. Үммөтүбүздүн ичинен, бардык тоскоолдуктарга карабастан, чын ниеттүү даъватчылар да бар, Куранын так сактаган хафиздер бар, сабырдуу мужахиддер бар.

Кудай күбө — Батыш ар бир олуттуу кыймылды көргөндө титирейт. Алардын түнү уйкусуз өтөт, анткени бул үммөт кайрадан роббаний жетекчинин артында биригип кетпесин деп коркушат.

Батыш жыл сайын Исламды кабыл алып жаткан европалыктар тууралуу статистикаларды коркунуч менен окуйт. Алар бири-бирин эскертип айтышат: “Эгер ушундай уланса, 40 жылдан кийин Ислам дүйнөдөгү биринчи дин болот!” — дешет.

Ал эми азыр бириктирүүчү мамлекет жок, халифа жок, байъат да жок — анда баары болгондо эмне болмок?

Эй жаштар!

Аллага ишенгиле! Үммөтүңөргө ишенгиле! Өзүңөргө жана өзгөртүү мүмкүнчүлүгүңөргө ишенгиле!

Эгер Алланын жибине бекем жабышсаңар жана үмүтсүздөрдүн чакырыгынан баш тартсаңар, анда ишенип койгула, жеңиш мууну башкалар эмес силерсиңер!

Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан: «Бул үммөттү жеңилдик, нур жана дин аркылуу бийиктик, жер үстүндө үстөмдүк жана жеңиш менен сүйүнчүлө!» (Ахмад, Ибн Хиббан).

Эгер биз эч кимге коркунуч жаратпаган үммөт болсок, анда эмне үчүн каапырлар биз менен согушууну токтотпойт? Анткени алар элес менен эмес, чын душман менен күрөшүп жатышканын билишет. Алар бул үммөткө бир гана Аллага жакын, адилет роббаний жетекчи жетишпейт экенин жакшы билишет.

Ошондуктан Аллага ишенгиле жана ошол күн үчүн аракет кылып жаткан адамдар менен бирге аракет кылгыла! Балким Алла Өз күчү жана ырайымы менен ошол таңды жакын кылып коёр.

Устаз Ахмад ас-Суфий

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button