Комментарий
Trending

Суданда ачарчылык күчөдү

Суданда ачарчылык күчөдү

БУУ Суданда ачкачылык абал жаралганын жарыялады. БУУнун жаңы отчётунда көрсөтүлгөндөй, Судандын Аль-Фашир жана Кадугли шаарларын Ыкчам колдоо күчтөрү (ЫКК) басып алгандан кийин бул шаарларда ачарчылык башталган. Аль-Фашир шаары 18 айга созулган камоодон кийин ЫКК тарабынан басып алынып, катардагы тургундар атылып, аялдар зордукталган, турак-жайлар талкаланган. БУУнун маалыматына ылайык, Судан дүйнөдөгү эң оор гуманитардык жана азык-түлүк кризисин башынан өткөрүүдө. 14 миллион адам үй-жайларын таштап качууга мажбур болуп, миң-миңдеген катардагы жарандар өлтүрүлдү.

BURANA: Суданда дүйнөнүн үрөйүн учурган, жүрөктөрдү сыздаткан кейиштүү окуялар жүз берүүдө. Улуу державалар тарабынан «жашыл чырак» жандырылымайынча, мындай окуялар, өзгөчө бул массалык кыргындар жүз бербейт болчу. Демек, Судандагы кыргын жана азап чегүүнүн артында Американын ыплас аракеттери жатат. Тагыраагы, Суданды бөлүп, өзүнүн малай күчтөрүн бийликте мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button