Сакофат
Trending

Акыл

Акыл

بسم الله الرحمن الرحيم

Акыл эмне? Анын орду каерде, мээдеби же жүрөктөбү? – деген суроолор жөнүндө адамдар илгертен изденип, “идирек кылуу”, “бирер нерсе жөнүндө өкүм чыгаруу” жана ушул сыяктуу маанилерди акыл эмес, акылдын продукциясы деп элестетишкен. Алардын назарында акылдын вакыйы бар болуп, аны сезишсе да т.а. акылы бар инсан менен акылсыз инсанды айырмалай алышса да, бирок акылдын маңызын анык билишкен эмес, анын вакыйы аларда тунук болбогон. Аларда акылдын вакыйы тунук болбогондуктан акылды, анын жайгашкан ордун элестетүүлөрү ар түрдүү жана туруксуз болуп, анын маңызын идирек кылуулары чаташып кеткен. Айрымдар акыл жүрөктө жайгашкан десе, башкалары анын орду башта, айрымдар болсо мээнин өзү акыл, деген. Айрымдар мындан башка пикирлерди айтышты. 20-кылымга келип айрым мутафаккирлер (ойчулдар, идеологдор) акылдын маанисин, анын аныктамасын айкындаштыруу үчүн бул маселеге этибар каратышты. Алар да акылдын вакыйын идирек кыла алышпагандыктан акыл жөнүндөгү элестетүүлөрү чаташып кетти. Айрымдар «Акыл мээнин материядагы чагылышы» десе, башкалары «Материянын мээдеги чагылышы» дешти. Акыры аягында, акылдын туура аныктамасы табылып: «Акыл – вакыйдын мээге сезимдер аркылуу узатылышы жана ушул вакыйды баян кылып берген сабик (мурунку) маалыматтардын болушу», деп белгиленди. Т.а. сезип турган нерсе менен бирге, ошол эле учурда, анын эмне экенин баян кылып берген маалыматы да бар болушу акыл делет. Маселен, телефонго назар салганда, чайнек, чыны же үйгө көңүл бурган чагыңызда сиз аларды түшүнүүңүз үчүн жетиштүү маалыматтар да бар, бир ирмем да алар жөнүндө пикирлебейсиз, вакыйлыгын сезүү учурунда маалыматтары да бар, ушул нерсе акыл.

Демек, акыл болушу үчүн биринчи сезүү т.а. сезүү органдары: көз, кулак, мурун, даам сезүү жана теринин сезиши болушу керек. Мында көз менен көрүү, кулак менен угуу, мурун менен жыттарды билүү, ооз менен нерселердин даамын билүү же дене менен ысык-суук, катуу-жумшак сыяктууларды сезүүнүн айырмасы жок. Эгер, бирер сезим мүчөсү жок болсо, ошол маселеде инсандын акылы иштебейт. Мисалы, сокурлар түстөрдү айырмалай албайт, дүлөйлөр дабыштарды түшүнбөйт жана башка…

Экинчиден, вакый болушу керек. “Сезиле турган нерсе же сезим мүчөлөрү аркылуу идирек кылынган нерсе – вакый деп аныктама берилген. Сезим мүчөлөрү аркылуу сезүүнүн мүмкүнчүлүгү болбогон орунда акыл иштебейт. Маселен, периштелер, жиндер же сөөктүн кабырдагы абалы, кайра тирилүү, жаннат-тозоктун бар экендиги, алардын каерде экени же Аллах Тааланын Заты, ысым-сыпаттары жөнүндө акыл иштебейт. Анткени, акылдын бир элементи – сезүү жок. Буларды сезүү инсандын т.а. акылынын мүмкүнчүлүк алкагынан тышкарыда, ошондуктан акылды иштетүүнүн мүмкүнчүлүгү жок.

Үчүнчүдөн, сабик маалымат болушу керек. Маалымат – ооздон чыккан же таш, тери, дубалдагы же кагаз, дептер, китептердеги же телефон, компьютер сыяктуу техникалардагы жазуулардын баары маалымат делет. Ар кандай инсандардын сүйлөшкөндөгү кеп-сөздөрү, баяндоосу, профессорлордун лекциялары, дамлалардын хутбалары, даъватчылардын баяндары, журналисттердин кабарлары же таш-дубалдардагы кол жазмалар, китептер, архивдеги документтер, интернеттеги жазуулардын баары маалымат болуп эсептелет. Аларда вакыйга тийиштүүлөрү  же вакыйы болбогон элестүү ойлоп табуулар, ар түрдүү ырым-жырымдар, жомоктор да бар. Вакыйга тиешелүү болгон маалыматтар пикирлер деп аталат. Ошондуктан, пикир тууралуу “вакыйга чыгарылган өкүм” деп аныктама берилди.

Эми, ошол маалыматтын келип чыккан биринчи булагынан алынган маалыматтар сабик маалымат делет. Маселен, араб тили Ибрахимдин (а.с.) уулу Исмаилден (а.с.) башталган. Ошондуктан муфассирлер араб тилинде түшкөн Куръанды түшүндүрүүдө Исламдан мурунку жахилияттагы ырлар, арабдарда мурунтан колдонулуп келген кеп-сөздөр менен түшүндүрүшөт. Же түшүндүрмө сөздүктөрдө башка калктардан кошулуп калган сөздөрдүн түшүндүрмөсүндө: түпкүлүгүндө бул сөз грекчеден алынган”, “…персчеден алынган” же “…арабчадан алынган” деп башталат. Сабик маалымат болбосо бир вакыйды түшүнүүгө акылдын күчү жетпейт, сезүү гана болот. Маселен, корей же кытай тилинде жазылган жазууларды миң жолу карап чыксак, ал тилди билбеген адамдын акылы жетпейт. Ошондуктан, Аллах Таала Адамга (а.с.) эң биринчи сабик маалыматты бериши менен адамзатка акыл ниъматын тартуу кылды. Аллах Таала айтат:

وَعَلَّمَ ءَادَمَ ٱلۡأَسۡمَاۤءَ كُلَّهَا ثُمَّ عَرَضَهُمۡ عَلَى ٱلۡمَلَـٰۤىِٕكَةِ فَقَالَ أَنۢبِـُٔونِی بِأَسۡمَاۤءِ هَـٰۤؤُلَاۤءِ إِن كُنتُمۡ صَـٰدِقِینَ

«Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп: “Эгер, силер чынчыл болсоңор, Мага булардын аттарын айтып бергилечи”, – деди» [2:31].

Төртүнчүдөн, соо мээ болушу керек. Соо мээ – бул сезилген вакыйлыкка тиешелүү болгон маалыматтарды ошол вакыйга байлай алган мээ. Мээде эки сыпат бар. Биринчиси, сезилген вакыйларды жана окуган, уккан маалыматтарды сактап калуу касиети. Экинчиси, вакыйга тиешелүү болгон маалыматтарды т.а. пикирлерди өз вакыйына байлай алган же бир вакыйды сезгенде ушул сезилген вакыйлыкка тиешелүү болгон маалыматтарды издөө, бир-бирине байлоо жөндөмү ар бир акылдуу инсанда бар. Бул касиет бир гана инсанда бар, жаныбарларда да, келесоолордо да мээ бар, бирок ушул байлоо касиети жок. Ушул эки сыпаты бар болгон мээ соо мээ делет. Келесоолордо соо мээ болбойт. Ошондуктан, жаныбарларда да, келесоолордо да мээ бар болсо да, аларда акыл болбойт.

Эми акылы бар болуп, аны күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй иштерден башкасына иштетпеген инсан келесоо” эмес, акмак делет. Акмак сөзү арабчадан алынып: пикирлөөгө көңүл бурбоо, пикирлөөдө эринүү, пикирий аракеттен качуу, пикирлебей туруп бир ишти кылуу же сүйлөө” деп түшүндүрмө берилген.

Пикирлөө – вакыйды сезгенде ошол вакыйлыкты баян кылып берген маалыматтарды издөө же маалыматтарды укканда же окуганда ошол маалыматтардын вакыйлыгын издөө. (“Тафкир” китебинде кеңири баян кылынган).

Инсан акылдуу болушу үчүн ар бир окуган-уккан маалымат жөнүндө пикирлөө керек т.а. ушул маалыматтардын вакыйлыгын табуу керек, элестетүүгө урунуу кажет. Анткени, сезилген вакыйлык жөнүндө пикирлөө ар бир инсанда табигый болот, айрыкча, жашоосуна тиешелүү болгон нерселерде пикирлебей тура албайт. Маселен, инсан ашканада бир пияз чирип калып, андан жагымсыз жытты сезсе анын эмне экенин таап, тазаламайынча же күйгөн резинанын жыты сезилсе же көчөдөн бакырган үндөр угулса эмне болуп жатканын билмейинче тынчыбайт. Же конокко барган үйдө стабилизатор иштеп жатканын көрүп, электр кубатын 220 вольт кылуучу аппарат экенин билмейинче анын эмне экенине кызыгат, учурун таап билүүгө аракет кылат. Азыр күн сайын жаңы-жаңы өнөр жай продукциялары иштелип чыгып жаткан доордо буга абдан көп мисалдарды келтирүү мүмкүн.

Ал эми, жөнөкөй сезим мүчөлөрү менен сезүүнүн мүмкүнчүлүгү болбогон вакыйлыктарда аларды пикирий жактан сезебиз, андан кийин ал жөнүндө пикирлейбиз. Маселен, жер өз огунда айланышы бир вакыйлык, аны көз менен көрүү үчүн космоско чыгуу керек. Бирок, аны ар кандай инсан пикирий жактан сезсе болот т.а. жердин айланасы болжолдуу 40 008,550 километр. Жер 24 саатта бир жолу толук айланганын жана жер шары саатына ≈1 667км/с ылдамдык менен айланып жатканын билсек болот. Ушул сыяктуу коом, бийлик же бийликтин ар тармагында болуп жаткан иштерди же эл аралык майданда болуп жаткан иштерди пикирлөө үчүн оболу алар жөнүндөгү кабарларды күзөтүп, алар жөнүндөгү маалыматтарды окуп, үйрөнүү менен пикирий сезүү керек. Ошондо алар жөнүндө пикирлөө мүмкүн болот. Ошондуктан пикирий тексттерге көңүл бурбоо, алар жөнүндө пикирлөөдө эринүү, пикирий аракеттен качуу, пикирлебей туруп бир ишти кылуу, текшербей сүйлөө “акмактык” оорусу болуп, аны дабалоо керек.

Биздин элдерде мындай оорулар дабалануунун ордуна колонизатор мамлекеттер алып барган саясат менен атайлап сиңдирилген. Ал саясат учурда да уланууда, пикирий сабактарга, китептерге, талкууларга каршылыктар токтогон жок. Анткени, пикирлөөнү күчөтсөк колонизатор кафирлерге жакпайт. Акылдуу калкты алдап, өз саясий максаттарына жетектөө кыйын, жада калса мүмкүн эмес. Ошондуктан, ири мамлекеттердин басымынан сактануу, кутулуу үчүн да, эки дүйнө бакытына жетүүбүз үчүн да “акмактыкты” таштоо керек, т.а. пикирлөөнү күчөтүүгө катуу маани берүү зарыл. Анткени, коомду түшүнүү, анын оорусун аныктоо, оңдоо үчүн чечимдерин табуу же аны ким оңдойт, кантип оңдошу да маалыматтарды пикирлөө аркылуу түшүнүлөт. Ошондуктан Куръани-Каримде момундардын сыпатындагы “кайра-кайра пикирлешет” (يتفكرون) деген калима 18 орунда келет. Аллах Таала айтат:

إِنَّ فِی خَلۡقِ ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَـٰفِ ٱلَّیۡلِ وَٱلنَّهَارِ لَـَٔایَـٰتࣲ لِّأُو۟لِی ٱلۡأَلۡبَـٰب (190) ٱلَّذِینَ یَذۡكُرُونَ ٱللَّهَ قِیَـٰمࣰا وَقُعُودࣰا وَعَلَىٰ جُنُوبِهِمۡ وَیَتَفَكَّرُونَ فِی خَلۡقِ ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَٱلۡأَرۡضِ رَبَّنَا مَا خَلَقۡتَ هَـٰذَا بَـٰطِلࣰا سُبۡحَـٰنَكَ فَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّار

«Асмандар жана Жердин жаралуусунда, ошондой эле түн менен күндүздүн алмашып турушунда акыл ээлери үчүн жышаан-белгилер бар экени күмөнсүз. Алар турганда да, олтурганда да, жатканда да Аллахты эстешет, ошондой эле асмандар жана жердин жаралышы жөнүндө пикирлешип (мындай дешет): “Роббибиз, бул (барлыкты) бекер жаратканың жок! Сен аруусуң! Өзүң бизди тозок азабынан сактагын!”».

(Али Имран сүрөсү, 190-191-аяттардын которулган мааниси).

Ушул сыяктуу жүздөгөн аяттарда Аллах Таала пикирлөөнү фарз кылды, ал тургай Лаа илаха иллАллах (لا إله إلا الله) “калимаи тавхид”дин маанисин пикирлебестен, бул сөздүн маанисин түшүнбөстөн чыныгы момун-мусулман боло албайбыз т.а. Жаратуучу да, Маъбуд да, РоббулАаламин да, өкүм чыгаруучу да – бир гана Аллах деп билбестен, ага каршы амал кылуу, сүйлөө менен эки дүйнөдө кор болобуз, ыймандан айрылып калуу коркунучу бар, Аллах сактасын.

Лаа илаха иллАллах (لا إله إلا الله) “калимаи тавхид”дин мааниси төмөнкүчө:

  1. Ааламды жоктон бар кылган жаратуучу – бир гана Аллах.
  2. Ибадатка татыктуу зат-маъбуд – бир гана Аллах.
  3. Ааламды тартипке салып туруучу-Робб – бир гана Аллах.
  4. Ааламга, жада калса адамзатка да мыйзам чыгаруучу-хаким – бир гана Аллах.

Буларды четке кагуу же кээ бирин четке кагуу куфр болот, т.а. Жаратуучу да, Маъбуд да, РоббулАламин да – бир гана Аллах, бирок өкүм чыгаруучу инсан да болот т.а. инсан өкүм чыгарууда ыктыярдуу – деп айтуу куфр экенинде аалымдар ортосунда ихтилаф (карама-каршылык) жок. Ал тургай Ханафий мазхабында бир гана фарзды же харамды четке кагуу да куфр болуп эсептелет.

Жыйынтык: пикирлөө үчүн ушул суроону пикирий түшүнүп, пикирий жооп берүүнү ушундан баштаңыз:

  1. Бул ”калимаи тавхид”ди четке кагуучусузбу, т.а. атеистсизби?
  2. Жарым-жартылай кабыл алгансызбы, т.а. бул нерселерде же айрымдарында Аллахка башка нерсени шерик кыласызбы, т.а. мушриксизби?
  3. Эл көрсүнгө кабыл алып, ичиңизден кабыл албайсызбы т.а. мунафыксызбы?
  4. Бул “калимаи тавхид”ге күбөлүк берип, толук моюн сунбай, айрым фарз-важибдерди таштап, харамдардан толук тыйыла албай жаткан фасыксызбы?
  5. Бул “калимаи тавхид”ге күбөлүк берип, Исламды толук кабыл алгансызбы, т.а. момун-мусулмансызбы?
  6. Бул “калимаи тавхид”ди толук түшүнбөгөн жахилсизби?

Бул суроолор пикирлөөнү баштоого баары билген башталгыч жана негизги тема болуп, калган темаларды да пикирлеп, акыйкатын аныктап алуу акылдуулардын иши!

Абдуллах Ибн Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button