Асыл хадис

Эки жүздүүлөр жана алардын жаман иштери

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Эки жүздүүлөр жана алардын жаман иштери

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن بريدة رضي الله عنه قال‏:‏ قال رسول الله صلى الله عليه وسلم‏:‏ ‏”‏لَا تَقُولُوا لِلْمُنَافِقِ سَيِّدٌ فَإِنَّهُ إِنْ يَكُ سَيِّدًا فَقَدْ أَسْخَطْتُمْ رَبَّكُمْ عَزَّ وَجَلَّ‏”‏‏.‏ ‏رواه أبو داود بإسناد صحيح‏

Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: Аллахтын элчиси (ага  Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Эки жүздүү адамды “кожоюн” деп айтпагыла, анткени эгер ал кожоюн болсо, анда силер Кудуреттүү жана Улуу Раббиңерди каарданттыңар”. Абу Давуд ишенимдүү чынжыр менен риваят кылган.

Урматтуу бир туугандар:

Эң жакшы сөз Кудуреттүү Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол Анын пайгамбары Мухаммад (с.а.в)двн жолу.

Бул асыл хадис бизге эки жүздүүлөр менен кантип мамиле кылуу керектиги боюнча жол көрсөтөт, анткени Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бардык эки жүздүүлөрдү атынан билген жалгыз адам болгон. Бирок биз алардын айрымдарын, мисалы, Куранда келген фарз милдеттерин жалкоолук жана көңүлсүз аткарган мүнөздөмөлөрүнөн биле алабыз. Ошондой эле Исламга жана мусулмандарга каршы кутум уюштургандар, фитна чыгарууга үндөгөндөр, жер жүзүндө бузукулук тараткандар жана адеп-ахлаксыздыкты жайылтууга чакырып, аны коргоого, ага демөөрчүлүк кылуу менен аларды жакшы көргөндөр сыяктуу. Ислам жана мусулмандар жөнүндө калп айткандар сыяктуу белгилеринен билүү мүмкүн.

Ошондуктан, шарият эмнени жакшы, эмнени жаман деп эсептегенин түшүнүшүбүз керек, ошондо биз эки жүздүү адамды чынчыл адамдан айырмалап, ага карата тийиштүү чараларды көрө алабыз. Ислам жана мусулмандар үчүн кам көрүп, өз ишин кылып жаткандай түр көрсөтүп, ислам мыйзамдарына каршы келген иштерди жасаган адамга ишенбешибиз керек. Биз аны устат катары сыпаттап, ээрчибешибиз же колдобошубуз керек, ал тургай аны “мырза, кожоюн” катары да сыпаттабашыбыз керек, эгер анте турган  болсок Аллах Таала бизге ачууланат.

Биз, мусулмандар, Исламды жана мусулмандарды эң көп коргоочу болушубуз керек жана эч бир эки жүздүү адамдын биздин динибизге жана үммөткө кирүүсүнө жол бербешибиз керек. Анткени алар бүгүнкү күндө саны көп жана жүздөрүнүн ар түрдүүлүгүнөн улам биз туш болушубуз мүмкүн болгон эң кооптуу нерселердин катарына кирет. Мусулманмын дегендер иш-аракеттерин өлчөө үчүн шарият таразасын колдонушу керек, анткени Ислам биз үчүн мындай бузукулардан коргоочу калкан.

Биз Аллахтан  үммөтүбүздү ушул сыяктуу кылмышкерлерден сактап, бизди туура жолго жана адамдардын жүрүм-турумун өлчөөчү туура таразага багыттап, Аллах сүйбөгөн адамдардан алыс болушубузду суранабыз. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 20-жумадил уула.

2025-ж, 11-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button