АКШ өкмөтүндөгү “шатдаун” деген эмне жана анын кесепеттери кандай?

АКШ өкмөтүндөгү “шатдаун” деген эмне жана анын кесепеттери кандай?
Эмне үчүн биз жыл сайын же бир нече жылда АКШ өкмөтүндөгү “шатдаун” жөнүндө угуп келебиз? Бул эмнени түшүндүрөт?
Өтө кыскача айтканда, Конгресстеги эки негизги Республикалык жана Демократиялык партиялар өкмөттү каржылоочу бюджет боюнча макулдашууга жете албай калганда, өкмөттүн иши токтойт жана «шатдаун» деп аталган абал пайда болот. Ушул жылы шатдаун сентябрдын аягында, мурунку каржы жылынын бюджет мөөнөтү бүткөн учурда болду. Федералдык өкмөт ишин токтотту. Бул 2018-жылдан берки биринчи шатдаун, жана азырынча анын аягы так көрүнбөйт.
Ал эми быйылкы шатдаундун себеби Сенаттагы республикалыктар менен демократтардын эки долбоор боюнча макулдашууга келе албагандыгы:
Биринчиси: Демократтар сунуштаган мыйзам долбоору өкмөттү 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин каржылоону камсыз кылуу жана жыл аягында мөөнөтү бүтө турган федералдык саламаттыкты сактоо жөлөк пулдарын узартуу.
Экинчиси: Демократтардын республикалыктарга кошулуудан баш тартып, Өкүлдөр палатасы кабыл алган, өкмөттү азыркы каржылоо деңгээлинде 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин каржылоону улантуучу кыска мөөнөттүү чарага макул болбой коюшу.
Өкмөттүн жабылышындагы негизги оюнчулар болгон эки партия тең: АКШ президенти; Өкүлдөр палатасынын төрагасы (республикалык); Сенаттагы көпчүлүктүн лидери (республикалык); Өкүлдөр палатасындагы демократтардын азчылык лидери (демократ); Сенаттагы демократтардын азчылык лидери (демократ).
Өкмөттүн жабылышы мамлекеттик кызматкерлерге жана калган калкка кандай таасир этет?
Ак үй миңдеген федералдык кызматкерлер кызматтан бошотуларын билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Кэролин Левит жана вице-президент Венс жакын арада ишке ашарын бир нече жолу белгилешти.
Бул көптөгөн кызматкерлер эгер алар иштөөнү улантууну каалашса, жумушун же айлыгын жоготорун билдирет. Мисалы: медициналык мекемелер токтобой иштей берет, аба кыймылын жөнгө салуучулар жана аэропорттордогу коопсуздук кызматкерлери иштей беришет, бирок айлык акысыз. Ошондой эле тамак-аш коопсуздугун текшерүү да уланат, бирок бул кызматкерлерге да айлык төлөнбөйт.
Конгресс өз ишин улантат, анын мүчөлөрүнө айлыктар төлөнө берет, ал эми миңдеген башка кызматкерлер айлык алышпайт, эгер жумуштан бошотулбаса, аларга айлык өкмөт кайра ачылгандан кийин гана берилет.
Ал эми өкмөттүн жабылышынын экономикага жана элге тийгизген таасири бардык өлчөмдөр боюнча кыйроо болуп эсептелет. «Штер Сток» журналы 2025-жылдын 10-июнунда маалымдагандай, өкмөттүн жабылышы уланып жаткан шартта Америка жумасына ички дүң продукциясынын 15 миллиард долларын жоготууда. Ак үйдүн Экономикалык кеңешчилер кеңешинин билдирүүсүндө жумушсуздардын саны 43 миң адамга көбөйгөнү, мындан тышкары 1,9 миллион федералдык жарандык кызматкер убактылуу ишсиз калган же айлык акысыз иштеп жатканы айтылат.
Жөнөкөй адамдарга келсек, билдирүүдө айтылгандай, бул абал федералдык каржыланган атайын багуу программаларына таянган аялдарга, ымыркайларга жана балдарга түздөн-түз таасир этет. Ошондой эле социалдык камсыздандыруу (Social Security) жана медициналык камсыздандыруу (Medicare) алуучуларына, каржылоосу мезгил-мезгили менен каралып туруучу айрым билим берүү жана тарбия программаларына да таасир этет.
Өкмөттүн жабылышы аба транспортуна жана аэропорттордун ишине да түздөн-түз таасир этет, анткени шатдаун маалында айлыксыз иштөөгө тийиш болгон Транспорттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен аба кыймылын жөнгө салуучулардын катарында ишке чыкпай калуу көрсөткүчү үч эсеге өскөн.
Ошондой эле аялдарга, ымыркайларга жана балдарга арналган кошумча азыктандыруу программасына (WIC) бөлүнгөн каражат тез түгөнүү коркунучунда. Ал эми мурда «азык-түлүк талондору» деп аталган кошумча азык-түлүк жардам программасы бир аз узагыраак чыдайт деп күтүлүүдө, бирок ал да токтоп калуудан толук корголгон эмес.
Өкмөттүн жабылышы ички дүң продукцияга да таасир этет, өкмөттүк ишмердүүлүктүн азайышынан улам жумасына болжол менен 0,1% көлөмдө төмөндөө байкалат.
Ушул алкакта, президент Трамптын администрациясы азыркыга чейин демократтар башкарган шаарлар менен штаттарга каралган жок дегенде 28 миллиард долларлык каражатты тоңдурду. Бул Трамптын саясий атаандаштарды жазалоо үчүн АКШ өкмөтүнүн өзгөчө ыйгарым укуктарын колдонуу кампаниясын күчөтүп жатат.
Саясий өнүгүүлөрдү караганда, эмгек рыногуна байланыштуу жагдай дагы да курчуй турганы байкалууда. Анткени АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Конгресстеги демократтар менен сүйлөшүүлөр «таптакыр эч кандай жылыш бербейт» деп көрсө, федералдык кызматкерлерди жапырт кызматтан бошотууну башташы мүмкүн.
Президент Трамп мурда да чыгымдарды азайтууга жана федералдык жумуш орундарын кыскартууга чакырып келген, жана ал өкмөттүн жабылышы демократтар маанилүү деп атаган дагы көптөгөн программаларды жана кызматтарды кыскартууга шылтоо болушу мүмкүн экенин жашырган эмес. Бирок ошол эле учурда ал Ак үйдө бий бөлмөсүн куруу сыяктуу көңүл ачуучу программаларга, ошондой эле казынага миллиондогон долларлык чыгым алып келген Хэллоуин майрамдарына ири суммаларды коротууда.
Экономикага, жарандарга, армияга, коопсуздукка жана компанияларга тийген терс кесепеттер көп, алардын бардыгын санап чыгууга убакыт жетпейт, бирок жыйынтыгында бул жок кылуучу жана кыйратуучу натыйжаларды берет.
Таңкалычтуусу, өкмөттүн жабылышы жыл сайын же бир нече жылда кайталанып келгени менен, ал алып келген бардык бул кырсыктар америка элине «бакыт сыноосу» же табигый каргаша сыяктуу көрүнөт. Өздөрү жапа чегип, жумушсуз калып, күнүмдүк азыгынан, балдарынын сүтүнөн ажырап жатышкан болсо да, бул абалга ар жолу чыдап келишет. Ал эми бул кырдаал алар үчүн чагылган сыяктуу болуп калган! Ал эми өлкөнү башкарган жана элди кулга айланткан партиялардын абалы: биз силерге жашооңордун системасын түзүп бердик, тамак-ашыңарды көзөмөлдөдүк, байлыктарыңарды талап-тонодук, силерди эки гана кызыл же көк партия менен башкардык. Ошондон кийин да биз өзүбүздүн бузукулугубуздун, келишпестигибиздин жана бири-бирибиз менен күрөшүбүздүн жүгүн силерге артабыз. Биздин ортобуздагы маселе силерди жазалоо аркылуу гана чечилет, анткени силер жазага татыктуусуңар. Силер бизди тандадыңар, бизди жетекчи кылып такка отургуздуңар, демократияны өзүңөргө дин кылып кабыл алдыңар. Ошондуктан, кылган ишиңердин натыйжасын татыктуу көргүлө дегендей.
Бул капитализм пайда болгон күндөн бери анын адаты, анын жашоо тартиби жана элдерине болгон көз карашы. Бул абал анын жоголушу менен гана өзгөрөт.
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾.
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот». (Таха: 124).
Устаз Халид Али — Америка
Роя гезити




