Роя гезити

Демократиянын табиятында зомбулук  бар

Демократиянын табиятында зомбулук  бар

2025-жылдын 29-октябрынынан тартып бир нече күн бою Танзанияда шайлоодон кийин чыккан зомбулук толкуну болуп өттү. Бул жеке менчик мүлктөргө жана жалпы инфраструктурага олуттуу зыян келтирип, адам өмүрүнүн кыйроосуна алып келди. Танзанияда 1995-жылы көп партиялуу алгачкы президенттик шайлоо өткөндөн бери ар беш жыл сайын шайлоодон кийинки зомбулуктун кайра-кайра кайталанышы үзгүлтүксүз уланып келет. Бирок быйылкы зомбулук масштабы жагынан өтө чоң жана кеңири тарап, ал тургай 2000-жылы болгон оор зомбулуктан ашып түштү. Анда Занзибарда (жарым-автономдуу аралдар) оппозициянын (Бириккен Жашыруун Фронт) 40тан ашык тарапташтары ок атуудан өлтүрүлгөн, 600дөн ашык адам жаракат алган, болжол менен 2000 адам коңшу Кенияга качууга аргасыз болгон.

Ушуга байланыштуу Танзаниядагы Хизб ут-Тахрир партиясынын маалымат өкүлү устаз Масъуд Муслим басма сөз баянатында төмөнкүлөрдү билдирди: демократия жана анын шайлоолору негизделген күндөн тартып зомбулукту өзүнө сиңирип келген. Бул төмөнкүчө болду:

  1. 1. Демократия — бул амалда жалгыз гана пайданы өлчөө кылган капитализмдин башкаруу түзүмү. Башкача айтканда, адам кандайдыр бир пайда алуу үчүн бир ишти кылат же андан тыйылат. Ошондуктан демократиянын тарапкерлери, өкмөт болсун же оппозиция болсун, өз пайдаларын камсыздай турган жол менен аракет кылышы же башкаларды ошондой аракетке үндөшү таң калычтуу эмес. Ушул принципке ылайык, бардык демократиялык партиялар элдин бакубаттыгын камсыз кылуу максатын көздөбөйт, мындай максаттар саясатчылар үчүн экономикалык каналдар гана болуп саналат. Мамлекеттик субсидияларды жеп-ичүү, дайындоолорду күтүп туруу, колонизаторлордун жардамдарын коротуу, байлардын кайрымдуулук көмөктөрүнө чөмүлүү ж.б.
  2. 2. Демократиялык түзүм Маккиавеллининин «максат каражатты актайт, каражат максатты актайт» деген шайтандык пикирин колдойт. Бул демократияда каалаган нерсени кылса болот дегенди билдирет: өлтүрүү, диний же этностук негизде фитна чыгаруу, калп айтуу же башка каалаган иштин зыяны канчалык чоң болбосун максатка жетүүгө кызмат кылганда жаиз деп эсептелет…
  3. 3. Батыш көпчүлүк ойлогондой көп партиялуу демократияны биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн да, өнүгүүсү үчүн да эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн киргизген. Ал тургай айрымдар үчүн иш чаташып, чоң үмүттөрү өчүп, убактысы текке кетип, өзгөрүүнү күтүп отуруп чарчап, өлүп калганга чейин жетти. Чынында Батыш демократияны адамдарды алдоо жана түзүмдүн жүзүн өзгөрткөндөй көрсөтүү үчүн, бир караганда реформадай көрүнгөн кылдаттык менен ойлонулган кутум катары киргизген. Анткени алар элдин сабыры түгөнүп, Батыш коргоп келген бир партиялуу түзүмдүн зулумдугуна карата нааразычылык улам өсүп жатканын аңдашкан.

Бул түзүм адамдарга иштин маңызын мабдаий негизде көрүүгө тоскоол болуу үчүн, жаңы колонизатордук саясатын күчөтүүчү дагы бир каражат катары алып кирилген. Ошентип, жаман капиталисттик мабдага каршы күрөшүүнүн ордуна, адамдар өз энергияларын жөн гана бийлик ээлеринин жүзүн өзгөртүү сыяктуу жалган чечимдерге коротуп жиберишет. Мындан тышкары, көптөгөн учурларда Батыш мамлекеттери ушул түзүм же башка шылтоолор аркылуу ички фитналарды жана зомбулукту козгоп, өлкөлөрдүн байлыктарын талап-тоноого жол ачат. Буга мисал катары Судан, Конго, Йемен, Сомали жана башкалар кирет.

Устаз Масъуд Муслим басма сөз баянаттын аягында төмөнкүлөрдү баса белгиледи: чындыгында, мабдаий жана чыныгы өзгөрүү издеген ар бир аракетчил жана жаркын пикирлеген ар бир адам үчүн демократиянын бузук шовинизмине катышуудан же аны колдоодон баш тартчу убакыт келди. Мусулмандарга Пайгамбарыбыз ﷺ  үйрөткөндөй, өзгөрүүнүн туура исламий манхажын бекем карманып, Халифалык мамлекетин орнотуу важиб. Ал эми мусулман эмес адамдар үчүн болсо, альтернативдүү исламий низомду жана анын өзгөрүү манхажын изилдеп, аны кабыл алып, демократиянын бузукулугунан жана алдамчылыгынан баш тартчу убакыт келди.

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button