Роя гезити

Уурдалган аң-сезимди кайра кайтаруу

Уурдалган аң-сезимди кайра кайтаруу

Палестина маселесин кароодогу түпкү көйгөй курал-жарактын жоктугунда же каражаттын аздыгында эмес, акыркы бир кылым ичинде Ислам үммөтүнүн уул-кыздарынын саясий аң-сезими калыптанбагандыгында.

Улутчулдук эч качан боштондук долбоору болгон эмес, тескерисинче, жаралышы жана тарыхый функциясы боюнча колонизатор күчтөр таңуулаган улуттук-аймактык мамлекеттин курулушуна ылайык аң-сезимди кайра калыптандыруунун куралы болуп келген. Демек, Палестина маселесин «улуттук маселе» деп өзгөртүү аны табигый маңызынан, башкача айтканда, үммөттүн маңызынан, анын аң-сезиминен жана акыйдасынан сууруп чыгуу процессиндеги бир кадам. Ал башынан эле элдерди көзөмөлдөөгө жана бөлүнүүнүн чек араларын башкарууга курулган тар саясий логиканын ичине киргизүүнү көздөйт.

Улутчулдук өз маңызында философиялык да, стратегиялык да мазмуну жок ураан. Ал экономиканын, саясаттын, диндин же коомдун негизги суроолоруна жооп бербеген робыта. Тартипсиз ийкемдүүлүгү менен улуттук иденттүүлүк секулярчыны да, диндарды да, демократты да, деспотту да, либералды да, социалистти да батырганы менен, саясий вужуддун максатын же маселелердин коомдук аң-сезимдеги ордун аныктаган көз карашты бербейт. Ушул боштук Палестина маселесин эл аралык күчтөр чечмелей турган, сүйлөшүүгө ыңгайлуу административдик түзүмгө айлантууга шарт түздү. Ал эми үммөт вужудунун өзөгүнө жана маанисине байланышкан акыйдавий-хазарий маселе катары кароого жол берген жок.

Андан да жаманы, улуттук ой жүгүртүү боштондукка алып бара турган түшүнүктү жарата албастан, жеңилүүнү бекемдөөгө активдүү салым кошту. Ал Палестинаны акыйдавий символдун логикасы менен эмес, саясий чек аралардын логикасы менен кайра аныктады. Аны хазарий мааниге ээ мейкиндиктен эл аралык система таанышын күтүп турган «бир улуттун маселесине» кыскартты. Ал эми бул эл аралык система өзү колониялык үстөмдүктүн натыйжасы болгондуктан, боштондукка жеткирүү үчүн эмес, улуттук, чектелген түзүлүштүн ичинде иштеп калды. Ошентип, «вакыйлык» мүмкүн болгон нерсенин өлчөмүнө айланды, «эл аралык легитимдүүлүк» умтулууларды чектеген чокко айланды, ал эми сүйлөшүү саясаттын каражаты эмес, максаты болуп калды.

Улуттук түзүлүш негизги суроолордун ордуна кошумча суроолорду коюуга таянат: «Кагылыштын табияты кандай?» деген суроону көз жаздымда калтырып, «эл аралык деңгээлде кабыл алына турган чечимдин формасы кандай?» деген суроого алаксытат. «Үммөт ким?» деген суроону четке кагып, «Өкмөт ким?» деген суроону алга чыгарат. «Важиб болгон нерсе эмне?» деген суроодон баш тартып, «Мүмкүн болгон нерсе эмне?» деген суроого өтөт. Ушундайча акыйдасы жана миссиясы бар аң-сезим түзүмдү бузууга эмес, анын шарттарын «жакшыртууга» багытталган административдик функцияга байланган аң-сезимге айланат. Ошондуктан улуттук ой жүгүртүү ондогон жылдар бою ошол эле ураандарды кайталаган, бирок  тафсирий күчү да, фикрий же хазарий программасы да жок туйгуга негизделген кайрылуудан башка нерсени бербей келди. Тышкы күчтөргө жана эл аралык легитимдүүлүккө көз карандылыкка, эл аралык күчтөрдүн маанайына, үмүткө жана тарых өзгөрбөйт, реалдуулук бузулгус тагдыр деген жашыруун моюн сунууга таянды.

Улутчулдук кризиси саясий гана эмес, негизинен  маърифий кризис болуп саналат. Ал Сайкс–Пико чек араларынын ичинде кайра өндүрүлгөн модел. Колонизатор сызган алкактан чыкпайт, анын логикасы менен иштейт, аны кайра бекемдейт жана бөлүнүүгө «жашоонун легитимдүүлүгүн» берет. Улуттук-аймактык мамлекеттин логикасы табиятынан тар болгондуктан, үммөттү карталарга, иденттүүлүктү жарандыкка, ал эми күрөштү сүйлөшүү документтерине кыскартат. Натыйжада аң-сезимдеги кагылыштын чыныгы маңызы географиялык сызыктар үчүн талаш эмес, эки долбоордун ортосундагы хазарий каршылык экенин аңдай албай калат.

Мунун тескерисинче, үммөттүн акыйдасына негизделген ой жүгүртүү Палестинаны «документ» катары эмес, үммөт аң-сезиминин, акыйдасынын жана иденттүүлүгүнүн түпкү курамдык бөлүгү катары карайт. Ал Палестинанын акыйдавий жана тарыхый эс тутумдагы өзгөчө ордун кайра жандандырат жана аны «талаштуу жер» логикасына өлчөп-кесүүгө каршы чыгат. Бул ой жүгүртүү кагылышты өзүнүн чыныгы ордуна коёт: үммөттү бириктирген исламий хазарий долбоор менен үммөттү бөлүп-жарууга жана анын маанисин жок кылууга иштеген колониялык отурукташтыруучу долбоордун ортосундагы каршылык. Ошондуктан бул алкак башкаларды ыраазы кыла турган чечимди эмес, үммөттүн ролун жана таасирдүүлүгүн калыбына келтирүүнү, анын хазарий долбоорун калыптандырууну көздөйт.

Бул көз караш боюнча боштондук — таза саясий процесс эмес, эң оболу маърифий процесс. Анткени бөлүнүүнү башкаруу үчүн курулган фикрий түзүмдүн ичинде боштондук долбоорлору жаралбайт. Чек араны акыйдадан, жарашууну чындыктан, «вакыйлыкты» важибден жогору койгон акылдан хазарий долбоор чыкпайт. Палестинаны кайтарып алуу, биринчи кезекте, анын маанисин кайтарып алууга байланыштуу. Ал эми жерди бошотуу аң-сезимди колониализм таңуулаган түшүнүктүк курулушунан бошотууну талап кылат.

Тарых да Палестинанын боштондугу ар дайым үммөттүк аракет болгонун, аймактык аракет болбогонун тастыктайт. Кудусту алгач бошоткон Араб жарым аралынан келген Умар ибн ал-Хаттаб (р.а) болгон. Салах ад-Дин ал-Аюби, Кутуз жана Бейбарс сыяктуу географиялык да, этникалык да жактан сырттан келгендер бошоткон. Андан кийин Осмон мамлекети аны төрт кылым коргогон. Бул фактылар Палестина үммөттүн бир бөлүгүнүн аракети менен эмес, үммөттүн өзү ойгонгондо гана азат боло турганын далилдейт.

Үммөттүн акыйдасына негизделген фикирдин алкагында Палестина чектелген «мекен» эмес, акыйдавий символго айланат. Үммөттүн иденттүүлүгүнүн жана миссиясынын бөлүгү, анын аң-сезимин түзгөн элементи. Демек, ал бир элдин эмес, үммөттүн маселеси. Документ эмес, акыйда маселеси. Ушул алкактан тыш аракеттенген ар бир долбоор, канчалык уюшкан болбосун, канча желек көтөрбөсүн, канча ураан чакырбасын — жеңилүүнүн түзүмүндө камалып кала берет.

Доктор Ашраф Абу Атая

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button