Роя гезити

Колонизатор Батыш менен мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар бир кычкачтын эки жагы

Колонизатор Батыш менен мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар бир кычкачтын эки жагы

Мамлекет – бул калк тандап алган жашоо тууралуу баалуулуктардын, өлчөөлөрдүн жана түшүнүктөрдүн жыйындысын ишке ашыруучу түзүм. Ошондуктан мамлекет үммөттүн өз табиятынан, анын тандоосунан болушу жана өзүнө жүктөлгөн ролду аткарышы күтүлөт. Ал рол – башкарууга тиешелүү милдеттерди аткаруу аркылуу башкарылуучулар тандап алган жашоо тартибин ишке ашырууга жеткирүү. Аларды жана алардын жашоо тартибин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле алардын бар болуусуна же кызыкчылыктарына коркунуч жараткан ар кандай бузулуулардын алдын алуу. Бул кызыкчылыктарды алардын хазаратынын өлчөмдөрү аныктайт.

Бирок үммөт ондогон жылдардан бери кылмыштуу мажбурлоочу башкаруунун астында жашап келет. Андагы башкаруучу үммөттүн  хазаратына да, өлчөөлөрүнө да, кызыкчылыктарына да эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, ал кафир колонизатор Батыштын, айрым учурларда атеисттик залим Чыгыштын кызыкчылыктарынын чагылышы болуп калды. Ошондуктан башкаруучуларыбыз тууралуу “алар колонизаторлуктун кароолчулары” деген сөз туура айтылат. Аларды бизге колонизатор коюп, өз планынын аткарылышын жана жакынкы да, стратегиялык да кызыкчылыктарынын ишке ашышын камсыз кылуу үчүн төмөнкү иштерди аткарууга милдеттендирген:

Биринчиден: үммөттүн өз хазаратына, Раббисинин шариатына жана бирдиктүү мамлекетине кайтып келишине жол бербөөнү камсыз кылуу. Анткени бул Батыштын кызыкчылыктарына гана эмес, бүтүндөй анын хазаратына коркунуч туудурат. Бул үчүн Исламдын башкарууга кайтып келишине, бириктирүүчү исламий мамлекеттин тикеленишине чакыргандарды басмырлоо, алардын аброюн түшүрүп, элди алардан алыстатуу аркылуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылынат.

Кээде жөнөкөй адамдарды өлкө башынан кечирип жаткан алсыздык шартында шариатты колдонуу мүмкүн эмес деген пикир менен, же коомдогу сакофий, этникалык жана диний айырмачылыктар Исламды колдонууга жол бербейт деген шылтоо менен алдашат. Ушунун негизинде, алардын айтымында, светтик түзүлүштү жана Батыш цивилизациясынын түшүнүктөрүнө шайкеш жасалма мыйзамдарды колдонуу таңууланат. Айрым учурларда болсо, башкаруучунун маанайы менен каалоолорунан башка эч нерсеге таянбаган, элдин мойнуна минип туруусун камсыз кылган өзгөчө абал мыйзамдары киргизилет.

Бул беренеге принципсиз оппозицияга таңууланган баскычтуулук жана этаптуулук деген алдамчылык да кирет. Бул элди психологиялык жана фикрий жагынан толук алдоону аяктоо үчүн колдонулат. Эл кысымдан коркуп, же өзгөрүүдөн үмүт үзүп, же болбосо кайсы бир күнү “баскычтуу өзгөрүү” алып келет деп бүдөмүк күтүүгө байланып, бузук реалдуулукта камалып кала бериши үчүн алдап келишет.

Экинчиден: башкаруучуларыбыз Батыштын материалдык жана аскердик кызыкчылыктарына элдин колу жетпеши үчүн коргойт. Мунун максаты байлыктарыбызды талап-тоноону жана душмандарыбыздын жерлерибизди ээлеп алышын эң аз чыгым менен камсыз кылуу. Мамлекеттерибиз жана башкаруучуларыбыз Батыш менен айрымдарыбызга таңууланган кайсы бир күрөштө бизди жеңилүүгө учуратууга аракет кылышат. Кээде үстөлдүн астынан кутум уюштуруу менен, кээде алдоо жана айлакерлик аркылуу, кээде болсо ачык эле уятсыздык менен кылат. Мунун баары “аскердик жана коопсуздук альянстары” же “терроризмге каршы күрөш” деген аталыштардын алдында жасалат. Ошондуктан бүгүн мусулман өлкөлөрүндөгү коопсуздук жана аскер түзүмдөрүнүн иши өлкөнү жана элди коргоо, же болбосо исламий баалуулуктарды, өлчөөлөрдү жана  хазаратты сактоо эмес. Тескерисинче, алардын багыты Батыштын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган ар кандай нерсени тамырынан жулуп жок кылууга, ошондой эле башкаруу тактысында отурган кароолчуларынын туруктуулугуна коркунуч жараткан үмүттүн ар кандай учкунун басууга айланды. Мунун баары “(мекендин) коопсуздугун жана туруктуулугун сактоо” деген шылтоо менен жасалууда!

Ошого карабастан, колонизатор мамлекеттер, алардын башында Америка туруп, башкаруучулар Батыштын кызыкчылыктарын камсыз кылуудагы натыйжалуулугуна жана жетишкендигине болгон ишенимин жоготушту. Натыйжада, алар өлкөлөрүбүздү кайрадан аскерий жол менен басып алууну чечишти. Буга далил бүгүнкү күнгө чейин көкүрөгүбүздү басып турган ондогон аскерий базалар жана согуштук аэродромдор.

Үчүнчүдөн: үммөттүн аң-сезиминде исламий хазаратты кыйратууга жана мусулмандардын жашоосуна Батыш хазаратын жана анын баалуулуктарын сиңирүүгө аракет кылуу. Бул аракеттер Батыштын “ойгонуу” тууралуу көз карашына ылайык жашообузду көтөрүү үчүн эмес, тескерисинче, элдердин ой жүгүртүүдөгү көз карандылыгын башкаруучулардын саясий көз карандылыгы менен катар камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Башкаруучулар, алардын медиасы жана жалданган “интеллектуалдар” бул арзан ролду аёосуз аткарышат. Алар Куранга, Сүннөткө, шариатка жана аны көтөргөн мурдагы жана азыркы аалымдарга шек келтиришет. Батыштын чириген пикирлерин, анын философторун жана аларды ээрчиген өз арабыздагы адамдарды кооздоп көрсөтүшөт. Мунун максаты элдердин фикирий өлчөмдөрүнүн багытын өзгөртүү, үлгүлөрдү талкалоо жана мусулмандардын фикирий хазарий түзүлүшүн ыдыратуу.

Бул жаатта алардын тынымсыз ийгиликсиздикке учурап жатканына карабастан, алар аракетин токтотушпайт. Анткени алар, жок дегенде, этаптуу түрдө болсо да, мусулмандардын исламий хазаратынын негизги акыйкаттарына болгон ишенимин алсыратууну, тарых бою калыптанган анык чындыктарды талкууга салып, бекем негиздерди шек туудуруунун объектисине айлантууну көздөшөт.

Бүгүн үммөт бардык тармактарда башынан өткөрүп жаткан артка кетүү анын хазарий алсыздыгынан да, санынын же каражатынын жетишсиздигинен да эмес. Анын чыныгы себеби – үммөт кыймылын муунтуп, алдыга жылуусуна жол бербеген, тескерисинче, артка дагы да чегинүүгө түрткөн бир кычкачтын эки жаагынын ортосунда калып калгандыгында.

Анткени Ислам үммөтү көтөрүп жүргөн хазараты менен улуу үммөт. Ал – акыйкат менен чындыктын үммөтү. Ал – таухид, хидаят, адилеттүүлүк жана ырайым долбоору менен адамдар үчүн чыгарылган эң мыкты үммөт. Ал – уул-кыздарынын көптүгү жана жаш коомдорунун күчү менен улуу үммөт. Ошондой эле ал хазарий, фикирий жана саясий мааниде бир тектүү үммөт. Анткени бардык этникалык, аймактык жана тилдик айырмачылыктар жалпы исламий бир туугандыктын алдында эрип кетет. Бул көрүнүш ага тең келе турган башка бир да адамдык бирикмеде жок. Айрыкча, башка көпчүлүк элдер баалуулуктарга эмес, кызыкчылыктарга, долбоорго эмес, аймакка жана чек араларга, хазарий эмес, жөн гана аймактык жашоого биригишет.

Мындан тышкары, Исламдын фикирий жана руханий күчү үммөттү саясий кишендеринен бошонор замат, кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн алдыңкы сабына алып чыгууга кудуреттүү. Үммөт динин таза, тунук абалда кайрадан колдонууга кайтышы менен эле бул ишке ашат. Анткени Аллахтан коркуу жана Анын бейиштерине умтулуу – өлкөлөрдү куруу, аларды ыкчам өнүктүрүү жана жан аябастан коргоо үчүн эң маанилүү түрткү. Шахиддик руху бул дүйнөдө мусулмандардан башка эч кимде жок. Балдарынын шахид болушу менен куттуктоолорду кабыл алган, аман калгандары шахиддерге суктанган элди мусулмандардан башка элден таба албайсың.

Мындан тышкары, мусулмандар суу ресурстарына бай, түшүмдүү жерлерге, ар түрдүү жана баалуу кендерге ээ болгон, дүйнөдөгү эң маанилүү географиялык аймактарды  ээлешет. Аллах Таала аларды жарата электе эле, күч-кубаттын бардык себептерин алардын тамандарынын алдына жайгаштырган. Аларга жетишпегени Аллахтын жардамынан үлүш алуу гана. Ал эми Аллах шүгүр кылгандардын нематын арттырат.

Ошондуктан үммөт Батыш кычкачынын эки жаагын сындырышы керек. Анткени аны менен алар бири-бирин коргойт. Батыш биздин кароолчу башкаруучуларыбызды коргойт, ал эми башкаруучуларыбыз анын кызыкчылыктарын коргоп, анын пландарын ишке ашырышат. Үммөт үстүндөгү башкаруучуларын – алсыз жаакты – сындыраары менен, Аллахтын уруксаты менен Батыштын бүт тиштеринен бошонот.

Үммөт билиши керек, эгерде ар-намыстын баасы кымбат көрүнсө, анда кордуктун баасы андан да оор жана алааматтуу. Ал бул дүйнөдө маскаралык, акыретте болсо азаптуу жаза. Акын чындыкты айткан:

«Тоолорго чыгуудан корккон адам өмүр бою аңдардын арасында жашайт!».

Шейх Аднан Мизьян

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button