
Өзбекстан совет доорунан кийинки тилди четтете баштады
Өзбекстанда орус тилдүү аскердик терминдерди улуттук сөздөргө алмаштыруу жараяны ишке киргизилүүдө. Тиешелүү сунуштар 7-январда Терминдер боюнча комиссиянын жумушчу кеңешинде каралды. Талкууга, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жана Илимдер академиясынын Тил, адабият жана фольклор институтунун окумуштуулары катышты.
Тизмеге, армияда жана күч түзүмдөрүндө кеңири колдонулган 41 термин кирди. Советтик доордо орус тилинен кирген сөздөрдү, өзбек тилинде эзелтеден бери бар болгон түрк жана араб тектүү сөздөр менен алмаштыруу сунушталууда. Маселен, «атака» сөзүн – ҳамла, «окопту» – хандақ, «фортификацияны» – истеҳком, «дубинканы» – таёқ, «шевронду» – ўқа, ал эми «тревоганы» – бонг деп атоо сунушталууда. Терминдердин бир бөлүгү, өзгөртүүсүз калтырылган же болбосо алардын түбү орус тилинен эмес экени тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.
Формалдуу түрдө, кеп лингвистикалык терминдерди бир тартипке келтирүү процесси жөнүндө болуп жатат. Бирок иш жүзүндө, бул советтер союзунан кийинки, колониалдык моделди четтетүүнүн кезектеги кадамы. Бул моделдин алкагында, Россия ондогон жылдар бою, жөн гана өнөктөш эмес, тескерисинче: кантип сүйлөө, кантип ойлонуу жана армияны кантип куруу керектигин аныктаган ченемдердин булагы болуп келген.
Советтик, андан соң Россиянын аскердик терминдери – бул жөн гана бейтарап сөздөрдүн жыйындысы эмес. Бул башкаруу, баш ийүү жана иерархия системасына терең сиңирилген кас империянын тили. Ошондуктан, аскер мурдагы “борбордун тилин” колдонгонго чейин, ал формалдуу түрдө көз карандысыз болгону менен, бирок анын таасир талаасында кала берет. Бул жагынан алганда, терминдерди алмаштыруу – жөн гана филологиялык маселе эмес, бул чыныгы эгемендүүлүккө түздөн-түз тиешеси бар маселе болот.
Эң көрүнүктүү жайы, Өзбекстан жасалма кагылышуу жаратпастан өзүнүн тарыхый тилдик катмарына кайтууда. Тактап айтканда, ал исламий башкаруу доорунда кылымдар бою чөлкөмдөгү мамлекеттик башкарууга, укукка жана аскер ишине кызмат кылган түрк жана араб тилдерине акырындык менен кайтып жатат. Бул өздүк, совет мезгилинде күч менен сүрүлүп чыгарылган, бирок эч качан толугу менен жок болуп кеткен эмес. Бүгүн ал эски элес катары эмес, кадимки норма катары кайтып келүүдө.
Иш жүзүндө, биз постсоветтик мейкиндиктин келишимдер же саясий декларациялар аркылуу эмес, идеялык деңгээлде ыдырап жатканына күбө болуудабыз. Мурун бул өлкөлөрдү жалпы тил, жалпы символдор, жалпы уставдар байлап турган болсо, азыр мунун бардыгы жок болуп барууда.
Азырынча бул Россияга каршы жасалган ачык кадамдай көрүнбөсө да, бирок аймактагы «Россиянын доору» бүтүп жаткандыгынан кабар берет. Бул жараяндар канчалык тынч жана кадимки иш катары ишке ашса, ошончолук Россиянын империялык нормалары кайра кайтып келбестиги айкын боло берет.
Хужжат Жамиа




