Аллах жолунда күзөттө болуунун артыкчылыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аллах жолунда күзөттө болуунун артыкчылыгы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ الْمُنْكَدِرِ قَالَ: مَرَّ سَلْمَانُ الْفَارِسِيُّ بِشُرَحْبِيلَ بْنِ السِّمْطِ وَهُوَ فِي مُرَابَطٍ لَهُ وَقَدْ شَقَّ عَلَيْهِ وَعَلَى أَصْحَابِهِ، قَالَ: أَلَا أُحَدِّثُكَ يَا ابْنَ السِّمْطِ بِحَدِيثٍ سَمِعْتُهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ قَالَ: بَلَى، قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: “ رِبَاطُ يَوْمٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَفْضَلُ، وَرُبَّمَا قَالَ: خَيْرٌ مِنْ صِيَامِ شَهْرٍ وَقِيَامِهِ، وَمَنْ مَاتَ فِيهِ وُقِيَ فِتْنَةَ الْقَبْرِ وَنُمِّيَ لَهُ عَمَلُهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ
Мухаммад ибн Мункадир риваят кылат, Салман ал-Фарси өзүнүн лагерлеринде шериктери менен кыйналып жүргөн Шурахбил ибн ал-Симттин жанынан өтүп баратып, оо, Ибн ас-Симт, мен Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа салламдан) уккан хадисти айтып берейинби? Ал айтты: Ооба. Салман (р.а) айтты: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деп айтканын уктум: “Аллах жолунда бир күн рибатта (күзөттө) болуу бир ай бою орозо кармап, намаз окуудан да жакшыраак. Ким ал жолдо өлсө, кабыр фитнасынан сакталат жана анын амалдары Кыяматка чейин көбөйөт”.
Жамиъ ат-Тирмизинин тафсири Тухфат ал-Ахвазиде айтылат:
وَقَدْ شَقَّ عَلَيْهِ وَعَلَى أَصْحَابِهِ،
“Шериктери менен кыйналып жүргөн” дегени, күзөттө туруу аларга кыйын болду деген маани.
رِبَاطُ يَوْمٍ
“Бир күндүк рибат” Муслимдин риваятында: “бир күн жана бир түн деп келген”.
وَرُبَّمَا قَالَ خَيْرٌ
“Жакшыраак” жакшы жер дегенди билдирет.
وُقِيَ فِتْنَةَ الْقَبْرِ
“Ал кабыр фитнасынан сакталган” дегендин мааниси, кабырдын кысымы, сурак, кыйноо сыяктуу кабырга коюлган адамдын башына түшкөн сыноодон жеңил дегени.
وَنُمِّيَ لَهُ عَمَلُهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَة
“…жана анын амалдары Кыяматка чейин көбөйөт”. Анын сообу ар дайым ага агып, өлсө да үзгүлтүккө учурабай турганын билдирет. Муслимдин риваятында:
“جَرَى عَلَيْهِ عَمَلُهُ الَّذِي كَانَ يَعْمَلُهُ وَأَجْرَى عَلَيْهِ رِزْقَهُ وَأُمِّنَ مِنْ الْفَتَّانِ”.
“Ал үчүн кылган иши уланып, ырыскысы ага берилип, фитнадан корголгон”.
Ан-Навави айтты: “Бул Аллах жолундагы мурабиттин (күзөттө туруучунун) ачык артыкчылыгы. Ал өлгөндөн кийин да анын иштери уланып турат. Бул өзгөчөлүк ага гана тиешелүү, бул иште эч ким ага тең келе албайт. Бул Муслимден башка риваяттарда да ачык айтылган. Аллах жолунда жихад кылган адамдан башка, ар бир өлгөн адамдын амалдары токтойт, анткени анын амалдары Кыяматка чейин өсө берет”.
Жихад амалдарынын бири – мусулмандарды бекемдөө үчүн, чек арада туруу рибат. Чек ара душмандын чек арасынын ар бир жеринде душманды коркутуп үркүтө турган адамдар турган жер. Башкача айтканда, бул жердин ары тарабында Ислам жок. Рибаттын максаты динди бекемдөө жана мусулмандарды каапырлардын жамандыктарынан коргоо үчүн чек араларда туруу. Душман чабуулу күтүлүп жаткан жерде анын мизин кайтаруу максатында күзөттө болуу рибат болуп эсептелет. Анткени рибаттын келип чыгышы Жараткан Аллах Тааланын бул сөзүнөн алынган:
(وأعدوا لهم ما استطعتم من قوة ومن رباط الخيل ترهبون به عدو الله وعدوكم)
“Аллахтын душманын да, душманыңардын да үрөйүн учура турган колуңардан келишинче күчүңөрдү жана байлануу аттарды даярдагыла”.
Рибат мөөнөтү азайып, көбөйүп турат, демек, рибат (күзөттө болуу) ниети менен турган ар бир мезгил кыска болобу, узун болобу, рибаат болуп саналат. Ошол себептен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бир күндүк кароол”. Башка риваятта: “Бир күн бир түндүк кароол” деп айткан.
Жыйынтыктап айтканда, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
(حرس ليلة في سبيل الله أفضل من ألف ليلة قيام ليلها وصيام نهارها)
“Аллахтын жолунда бир түн күзөттө туруу миң түн намазга туруп, күндүзү орозо кармоодон жакшыраак”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 23-зул хижжа.
2025-ж, 19-июнь.