Асыл хадис

Аллах менен жолугушууну сүйгөндөр, кубангыла!

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим 
Асыл хадис менен
Аллах менен жолугушууну сүйгөндөр, кубангыла!
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх ал Барисинде: “Ким Аллах менен жолугушууну жакшы көрсө, Аллах аны менен жолугушууну жакшы көрөт” деген бөлүмүндө айтылат:
حدثني محمد بن العلاء حدثنا أبو أسامة عن بريد عن أبي بردة عن أبي موسى عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “من أحب لقاء الله أحب الله لقاءه، ومن كره لقاء الله كره الله لقاءه”
Мухаммад ибн аль-Аьлаа мага Абу Мусадан риваят кылды. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Ким Аллах менен жолугушууну жакшы көрсө, Аллах аны менен жолугушууну жакшы көрөт, ал эми ким Аллах менен жолугушууну жаман көрсө, Аллах аны менен жолугушууну жаман көрөт”.
Урматтуу бир туугандар.
Момун адам Алла Тааланын алдындагы улуу нематтарга ишенет, бейиште Алла Таала ага даярдаган мол жакшылыкка жана сүйүктүү Пайгамбары (ага салам-салаваттар болсун), бейиш тууралуу сүйүнчүлөгөн жакшылыгына да ишенет. Ошондуктан, момун адам Аллах менен жолугушууну жакшы көрүп, ага чыдамсыздык менен ашыгып жатса, Аллах да аны менен жолугушууну жакшы көрөрүн көрөсүз. Ал эми каапыр болсо, ал Кудай Таалага ишенбейт, ошондой эле Аллах ага даярдаган улуу азапка да ишенбейт. Ошондуктан, ал өз Раббиси менен жолугушууну каалабайт жана ага ашыкпайт. Аллах да аны менен жолугушууну каалабайт.
Эй мусулмандар!
Бүгүнкү күндө канчабыз Аллах менен жолугушууну жакшы көрөбүз? Кимдин алдында жакшы иштер болсо, ал Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт, ким Аллахтын буйруктарын аткарууда түз болсо, Аллах аны менен жолугушууну жакшы көрөт. Кимдин камы Аллах жана Анын Элчиси болсо, ал Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт. Ким мусулмандардын иштерине кам көрсө, ал Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт. Аллахтын мыйзамдарын жер жүзүндө калыбына келтирүү үчүн аракет кылган адам Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт. Ким Аллахты ыраазы кылуу үчүн дүйнөнү өзүнүн көз алдында маанисиз жана арзан кылып көрсөтсө, ал Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт. Кимде-ким Аллахтын убадасын жана Анын Элчисинин (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) жакшы кабарын аткаруу үчүн пайгамбарлык үлгүсүндөгү экинчи адилеттүү Халифалыкты орнотуу үчүн амал кылуучулар менен бирге амал кылса, ал Аллах менен жолугушууну жакшы көрөт. Андыктан, эй, Аллах менен жоолугушууну сүйгөндөр, силерге болгон Кудуреттүү Кудайдын сүйүүсү менен кубангыла.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн халифат курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн улуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.
Оо, Аллахым, ааммин, аамин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.
1447-х, 8-жумадил уула.
2025-ж, 30-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button