Далдалчы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Далдалчы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ قَالَ: “نَهَى رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ يَبِيعَ حَاضِرٌ لِبَادٍ. فَقُلْتُ: مَا يَبِيعُ حَاضِرٌ لِبَادٍ؟ قَالَ: لَا يَكُونُ لَهُ سِمْسَارًا
Ибн Аббас риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) шаар тургунун бедуинге сатуудан тыйган. Мен айттым: “Шаар тургуну бедуинге эмнеге сата албайт?”. Ал (пайгамбар с.а.в.) айтты: “Ал ага ортомчу болбошу керек”.
Сунан Абу Дауддун түшүндүрмөсү “Аун аль-Маъбуд” китебинде мындай деп айтылган:
نَهَى رَسُولُ اللَّه صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ يَبِيعَ حَاضِرٌ لِبَادٍ “Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам шаар тургунун бедуинге сатуудан тыйган”. Башкача айтканда, шаарда жашоочу көчмөнгө (бедуин) далдалчылык кылып сатууга болбойт деп айтылат.
Ан-Навави айтты: “Бул Шафий жана көпчүлүктүн көз карашы. Мунун мааниси: чөлдөн же башка өлкөдөн жалпы муктаж болгон товарларды алып келип, ошол учурдагы баада сатуу үчүн келсе, ага жергиликтүү киши: “Аны мага калтыр, акырындап кымбатыраак баада сатайын”, – дейт. Шафий мазхабы: Бул шарттар менен жана арамдан кабардар болуу шарты менен арам деп айтышты. Эгер ал мындай кылунун арамдыгын билбесе, же товардын өлкөгө кереги жок болсо, же алып келгендин аздыгынан эч кандай таасири болбосо, анда арам эмес. Эгер шаар тургуну макул болбой, бедиунге сатса, тыюу салынганына карабай сатуу жарактуу болот. Бул биздин мазхабыбыздын көз карашы, ошондой эле маликийлердин жана башкалардын бир тобунун пикири. Кээ бир маликийлер айтышты: Сатылган товар сатып жиберилбесе, сатуу жараксыз болот. Ато, Мужахид жана Абу Ханифа: “Дин – бул насаат” деген хадиске таянып, көчмөндөргө шаар тургунунун сатуусу мутлак жайиз дешкен. Ханафий мазхабы: “Шаар тургунун көчмөнгө сатуусуна тыюу салган хадис насх кылынат”, – дешти. Алардын кээ бирлери: Бул жек көрүлгөн макрух, бирок туура рай биринчиси. Насх кабыл кылынбайт жана жек көрүлгөн макрух доомат негизинде эле насх кылынбайт”, – дешти.
Ибн Аббастын مَا يَبِيعُ حَاضِرٌ لِبَادٍ “Шаар тургуну бедуинге эмнеге сата албайт?” деген суроосуна “Ал ага ортомчу болбошу керек” б.а далдалчы болбосун деп жооп берди.
Ал-Фатхта айттылды: Алгач бул сөз бир ишти башкаруучу жана анын коопсуздугун сактаган адамды билдирген, бирок кийинчерээк ал башка бирөөнүн сатып алуу-сатуу иштерине жооптуу болгон адамга карата колдонула баштады.
Имам Ал-Бухари ушундан, эгер акы төлөнүүчү болсо, шаар тургуну бедуинге сатуусуна тыюу салынганын истинбат кылган жана бул дин бул ар бир мусулманга насаат деген хадистин жалпылыгы менен бекемделген.
Урматтуу бир туугандар!
Далдалчы бул иштин камын көрүп, анын коопсуздугун сактаган адам. Андан кийин ал сатып алуу жана сатуу боюнча жооптуу адамдар үчүн колдонулган. Факихтер далдалчыны башкаларга эмгек акы үчүн, сатып алуу жана сатуу иштерин кылып берген адамдын аты катары аныкташкан. Ал башкаларга эмгек акы үчүн сатуу жана сатып алуу иштерин кылып берет. Ислам шариаты боюнча ортомчулук жана дадалчылыкка уруксат берилет. Бул соода сатык иштеринин бири болуп эсептелет жана мындан тапкан акча шарий түрдө ээлик кылынган болуп саналат.
Сахих хадисте айтылган далдалчылык ишке келсек, ал арам. Бул айылдан келген адамдын бааны билбегендигинен, же базарды билбегендигинен, же товар менен тажрыйбасынын жоктугунан же ушуга окшош бир нерседен улам адамдарды алдаган алдамчы ортомчуга мүнөздүү.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 4-зул хижжа.
2025-ж, 31-май.