Асыл хадис

Кимдин үч  баласы өзүнөн мурда дүйнөдөн өтүп кеткен болсо

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кимдин үч  баласы өзүнөн мурда дүйнөдөн өтүп кеткен болсо

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих Муслимдин шархы Имам ан-Нававиде, “Аялдардын билим алуусу үчүн өзүнчө күн белгилениши керекпи?” деген бөлүмдө айтылган:

حدثنا آدم قال: حدثنا شعبة قال: حدثني ابن الأصبهاني قال: سمعت أبا صالح ذكوان يحدث عن أبي سعيد الخدري قَالَتِ النِّسَاءُ للنَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم غَلَبَنَا عَلَيْكَ الرِّجَالُ، فاجْعَلْ لَنَا يَوْمَاً مِنْ نَفْسِكَ، فوَعَدَهُنَّ يَوْماً لَقِيَهُنَّ فِيهِ فَوَعَظَهُنَّ، وأمَرَهُنَّ فكَانَ فيما قَالَ لَهُنَّ: “مَا مِنْكُنَّ امْرأةٌ تُقَدِّمُ ثَلَاثَةً مِنْ وَلَدِهَا إِلَّا كَانَ لَهَا حِجَاباً مِنَ النَّارِ”، فَقَالَتْ امْرأةٌ فيْهُنَّ: واثْنَيْنِ؟ فَقَال: “واثْنَيْنِ

Адам бизге Абу Саид аль-Худринин мындай дегенин риваят кылды: Аялдар Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Эркектер сени бизге караганда  көбүрөөк ээлеп алышты”, – дешти. Ошондуктан, өз убактыңдан бизге бир күн бөлүп кой. Ал аларга жолугуп, баян бере турган күндү убада кылды. Пайгамбар (с.а.в) аларга баян айтып жакшылыкка буйруду. Ал аларга: Силердин араңарда кимдин үч  баласы өзүнөн мурда бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо тозок отунунан  коргой турган парда болот, – деди. Анан алардын арасындагы бир аял: Экөө болосочу? – деп сурады. Ал: экөө дагы коргойт деди.

Урматтуу бир туугандар:

Акын Аль-Хансанын бир тууганы Сахр каза болгондо, ал аны жоктоп ыйлагандыктан, көзү агарып, көрбөй калган. Анын кайгысы көтөрө алгыс болуп, бул кайгысын мындайча билдирген:

Көзүңдө бир кыпын барбы  же көзүңдүн өзү ооруп жатабы.

Же үй ээсиз калгандыктан ыйлап жатабы.

Анын элеси эсиме түшкөндө, көз жашым жаактарымдан ылдый селдей агат.

Бирок Исламдан кийин анын абалы ой жүгүртүүсү жана жашоого болгон көз карашы өзгөрдү. Ислам ага төрт уулун чогултуп, аларды Аллах жолунда жихад кылууга үндөө үчүн жетиштүү ой жүгүртүү, сабырдуулук жана токтоолук берди. Бирок таң калычтуусу, алардын шейит болгондугу тууралуу кабарды алган күнү ал алар үчүн бир ооз да сөз айтпай, кайгырган да жок, алар өзүнүн канынан жаралган болсо да, ыйлаган жок. Ал бетин тытып ыйлаган да жок, кийимдерин айрыган да жок, тескерисинче, токтоо, чечкиндүү жана ишенимдүү түрдө: “Алардын шейиттиги  менен Мени кадырлап урматтаган Аллахка мактоолор болсун жана мен Аллахтан мени алар менен бирге Өзүнүн ырайым үйүнө чогултушун суранам!” – деди.  Бүгүнкү биздин талкуубуздагы хадисти Аль-Ханса ушундай түшүнгөн.

Суроо туулат, бул түшүнүктөрдү бүгүн бул үммөт алсыздыкка жана төмөндөөгө дуушар болгондон кийин,  анын акылына сиңирип, ким отургузат? Бул дүйнөнү сүйүү жана өлүмдү жек көрүү түшүнүктөрүнүн ордуна бул жакшы түшүнүктөрдү  алмаштыра тургандар кайда? Муну жакынкы күндөрү тикелене турган  мамлекет жана халифа жасайт.

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылта турган, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Оо, Аллахым, аамиин, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 29-жумадил уула.

2025-ж, 20-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button