Махр

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Махр
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
“Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Бари китебинде “Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп, үйрөткөнүңөр” бөлүмүндө айтылат:
حدثنا عمرو بن عون حدثنا حماد عن أبي حازم عن سهل بن سعد قال: أتت النبي صلى الله عليه وسلم امرأة فقالت إنها قد وهبت نفسها لله ولرسوله صلى الله عليه وسلم، فقال: ما لي في النساء من حاجة، فقال رجل: زوجنيها قال: أعطها ثوبا، قال: لا أجد، قال: أعطها ولو خاتما من حديد، فاعتل له، فقال: ما معك من القرآن؟ قال: كذا وكذا، قال: فقد زوجتكها بما معك من القرآن
Амр ибн Аун бизге айтып берди, Сахл ибн Саъд мындай деди: “Бир аял Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келип, өзүн Аллахка жана Анын Элчисине арнаганын айтты. Пайгамбар (с.а.в): Мага аялдардан муктаждык жок, – деди. Бир киши: “Аны мага үйлөнтүп бергиле” – деди. Пайгамбар (с.а.в): “Ага кийим бер” – деди. Ал киши: “Мен аны таба албай жатам”, – деди. Ал: “Ага темир шакек болсо да бер” – деди. Ал аны да таба албаганын айтты. Пайгамбар (с.а.в): “Курандан эмнең бар?” – деп сурады. Ал: “бул, бул сүрөөлөр бар” – деди. Пайгамбар (с.а.в): “Мен аны сага Курандан эмнең бар болсо, ошону менен үйлөнттүм” – деди.
Урматтуу бир туугандар:
Исламда махр – бул фарз. Бул аялга күйөөсүнүн алдына баруусуна жана жаңы үйүнө көчүп барганда өзүн даярдоого жардам берет. Ал аялдын кадыр-баркы. Ал бирге жашоодо андан ала турган ырахаттын ордуна берилет жана бул Кудуреттүү Аллахтын өкүмү. Бирок, бул хадисте махрдын көбү же азы көрсөтүлгөн эмес жана анын көлөмүн да чектеген эмес. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), үйлөнгүсү келген эркектен кийим, андан кийин шакек, андан кийин Аллахтын аяттарынан жаттаган нерселеринен берүүсүн талап кылган.
Урматуу мусулмандар:
Хадистин мазмуну нике жана анда махр болуусунун зарылдыгы жөнүндө болгону менен, ал аял үчүн махр катары көрсөтүлгөн Аллахтын аяттарына көңүл бурат. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизге махрдын баасы жогору же төмөн болушуна карабастан, никенин болуусу же болбой калышы үчүн себеп болбошу керектигин үйрөттү. Ислам никеге чакырып, күйөө менен аял кандай абалда болушу керектигин белгилеп койгон. Алардын ар биринен талап кылынган нерселерди баяндап койгон. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектин каражатынын жетишсиздигинен улам ага нике курууга тыюу салган жок. Канча деген мусулман эркектер үйлөнүүнү кыялданышат, бирок махр көп болгондуктан үйлөнө алышпай жүрүшөт? Канча деген мусулман кыздар махрдын көптүгүнүн айынан кара далы болуп калышты? Аллахтын аяттарын билгени үчүн кыздарын күйөөгө бергендер кайда? Биз мусулман эмеспизби? Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизге үлгү эмеспи? Анда эмне үчүн биз Аллахтын аяттарын махр катары кабыл алган аялдан үлгү албай жатабыз? Душмандарыбыздын бизге каршы уюштурган кутуму жетиштүү эмеспи? Анда келгиле, динибизди кандай болсо ошондой кабыл алалы.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылта турган, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн халифалык мамлекетин курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.
Оо, Аллахым, аамиин, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 27-жумадил уула.
2025-ж, 18-ноябрь.
