Асыл хадис

Мураскору жок адамдын мурасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Мураскору жок адамдын мурасы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا حَفْصُ بْنُ عُمَرَ حَدَّثَنَا شُعْبَةُ عَنْ بُدَيْلٍ عَنْ عَلِيِّ بْنِ أَبِي طَلْحَةَ عَنْ رَاشِدِ بْنِ سَعْدٍ عَنْ أَبِي عَامِرٍ الْهَوْزَنِيِّ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ لُحَيٍّ عَنْ الْمِقْدَامِ قَالَ:

 

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “مَنْ تَرَكَ كَلّاً فَإِلَيَّ وَرُبَّمَا قَالَ: إِلَى اللَّهِ وَإِلَى رَسُولِهِ، وَمَنْ تَرَكَ مَالاً فَل

 

Хафс ибн Умар Микдамдан риваят кылды: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимде-ким баардык нерсени таштаса, анда ал менин ишим же бул Аллахка жана Анын Элчисине деп айтты. Кимде-ким артында байлык калтырса, ал мураскоруна өтөт. Мен мураскору жоктун мурасчысымын жана анын мураскорлоруна мен камкормун. Таякеси   мураскору жок адамдын мураскору, анын мураскорлорунун камкорчусу жана анын мурасчысы

Авнул Маьбуддун автору мындай дейт:

مَنْ تَرَكَ كَلّاً “Ким бардык нерсени артта калтырса” каф фатха менен жана лам шадда менен  жүк маанисинде келген. Ага карыз жана бала чакасы кирет. Мааниси, эгерде артында балдары калса, мен алардын баш калкалоочу жайымын, мен алардын кепилимин, ал эми карызын калтырса, мен аны төлөөгө милдеттүүмүн.

(أَعْقِل لَهُ): “Мен ага камкормун” б.а. анын атынан акыл-эси ордунда болгон кылмыштары үчүн төлөп берем.

(وارثهُ): “Анын мураскору” мураскору жок адамды билдирет.

Казы, Аллах аны ырайымына алсын, мындай деди: мураскору жоктун мал-мүлкүн  мусулмандардын казынасына коротууну көздөгөн, анткени ал Аллахка жана Анын Элчисине таандык.

(وَالْخَال وارث مَنْ لَا وارث لَهُ): “Таякеси мураскору жок адамдын мураскору” Бул туугандар гана мурасчы дегенге далил.

(يَعْقِل عَنْهُ) “Ал ага жоопкер” демек, эгер карындашынын баласы кылмыш кылса жана анын  атасы тарабынан эч  кимиси жок болсо, анын атынан таякеси тууганы катары төлөйт. “Мурас алуучу” таякеси мураскор болот.

Урматтуу бир туугандар:

Мурас – мал-мүлккө ээ болуу себептеринин бири. Мураскорлор маркумдан калган мал-мүлккө ээлик кылышат жана аны Ислам шариатында белгиленген үлүшкө жараша бөлүштүрүшөт. Шарият мураскорлордун ар биринин үлүшкө ээ болгон үлүштөрүн тактап, мураска калган мал-мүлк үлүшкө ээ болгон мураскорлордун үлүштөрүнөн ашып кетсе, калган мал мүлктү ата тарабынан болгон туугандар арасында бөлүштүрүүнү да белгилеген. Мурас бул мураскордун өлгөн адамдын мал-мүлкүнө болгон укугу жана ага шарият тоскоолдугунан башка нерсе тоскоол боло албайт.

Мурасты бөлүштүрүү бул байлыкты бир топ адамдын колунда топтолуп калбаштыгы үчүн аны коомдун калган мүчөлөрүнө бөлүштүрүүнүн жолу. Мураскорлор арасында мурасты бөлүштүрүү менен инсандын тирүү кезинде топтогон мал-мүлкү анын бардык мураскорлору ортосунда бөлүштүрүлөт жана ал алардын бири ээ болуп калгандары андан куру кол калтырылбайт. Ошентип, ал мурастан калган мал-мүлк коомдун кеңири катмары ичинде  айландырылат жана коомдун таптарга: бай жана кедейлерге бөлүнүшүнө жол бербейт.

Ислам коомду  бирдиктүү уюштуруунун жана анын ичинде бузукулукка жол бербөөнүн эң жакшы жолу.

Ислам мурасты мыйзам кылгандыктан, мураскорду эки учурда бул укуктан ажыратат:

Биринчи: Диний айырмачылыктар. Насаи “Сунанул-Кубра” китебинде:

عن أسامة بن زيد قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: “لا يرث الكافر المسلم ولا يرث المسلم الكافر

Усама ибн Зайддан риваят кылган хадисте, ал мындай деген: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум: “Каапыр мусулманга мураскор болбойт, мусулман да каапырга мураскор болбойт”.

Ибн Абу Шайбанын китебинде мындай деп айтылган:

عن أسامة بن زيد قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “لا تتوارث الملتان المختلفتان

Усама бин Зайд риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), айтты: “Эки түрдүү дин бири-бирине мураскор болбойт”.

Экинчиси: мураскордун мурас ээсин өлтүрүүсү.

روى الترمذي عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “الْقَاتِلُ لَا يَرِث

Ат-Тирмизи Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Киши өлтүргөн адам мураскор болбойт”.

Бул эки учурдан башка учурларда мураскордун шарият берген укугун алуусуна эч ким тоскоолдук кылууга акысы жок. Ал адам ким болбосун, мал-мулктүн ээси да, мураскорлору да, акимдер да анын укугунан ажыратууга  акысы жок. Эгер кылса, чоң күнөө болот.

Сахих аль-Бухариде:

جَاءَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَعُودُنِي وَأَنَا بِمَكَّةَ وَهُوَ يَكْرَهُ أَنْ يَمُوتَ بِالْأَرْضِ الَّتِي هَاجَرَ مِنْهَا قَالَ: يَرْحَمُ اللَّهُ ابْنَ عَفْرَاءَ، قُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ أُوصِي بِمَالِي كُلِّهِ؟ قَالَ: لَا، قُلْتُ: فَالشَّطْرُ؟ قَالَ: لَا، قُلْتُ: الثُّلُثُ؟ قَالَ: فَالثُّلُثُ وَالثُّلُثُ كَثِيرٌ، إِنَّكَ أَنْ تَدَعَ وَرَثَتَكَ أَغْنِيَاءَ خَيْرٌ مِنْ أَنْ تَدَعَهُمْ عَالَةً يَتَكَفَّفُونَ النَّاسَ فِي أَيْدِيهِمْ، وَإِنَّكَ مَهْمَا أَنْفَقْتَ مِنْ نَفَقَةٍ فَإِنَّهَا صَدَقَةٌ حَتَّى اللُّقْمَةُ الَّتِي تَرْفَعُهَا إِلَى فِي امْرَأَتِكَ، وَعَسَى اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَكَ فَيَنْتَفِعَ بِكَ نَاسٌ وَيُضَرَّ بِكَ آخَرُونَ وَلَمْ يَكُنْ لَهُ يَوْمَئِذٍ إِلَّا ابْنَةٌ

 Саад ибн Абу Ваккас (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, ал мындай деген: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мен Меккеде ооруп калганымда зыяратка келди жана ал хижрат кылган жеринде өлүүнү жаман көрчү. Ал мындай деди: Ибн Афраага Аллах ырайым кылсын. Мен: “Оо, Алланын Элчиси мал-мүлкүмдүн баарын керээзге калтырайынбы?» – дедим. Ал: Жок деди. Мен: Анда жарымын? дедим. Ал: Жок деди. Мен: Үчтөн бирин дедим. Ал айтты: Үчтөн бири көп. Сен үчүн мураскоруңду элден суроочу, кедей калтыргандан көрө, бай калтырганың жакшы. Эмне сарптасаң да садака, алтургай аялыңдын оозуна салган үзүм да.  Балким, Аллах сенин өмүрүңдү узартып, кээ бир адамдарды сенден пайдаландырат (мусулмандарды), кээ бирлерин сенден зыян тарттырат (мушриктерди). Ошол күнү анын бир кызы бар эле”.

Бул жерде Саьд бир гана кызы бар болсо да, бардык мал-мүлкүн керээзге калтыргысы келген. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), аны мындай кылуудан тыйган, анткени бул керээзи анын кызына зулумдук кылат, эгер ал акчасынын баарын, жада калса жарымын керээз кылып калтырса, мураска акчасы калбай калат. Ошентип, ал мал-мүлкүнүн үчтөн бир бөлүгүн керээз калтырууга уруксат бергенде да, ал мураска калтырылышы мүмкүн болгон эң жогорку пайызды түзгөн. Кыздарын атасынын мурасына болгон укугунан ажыраткандар кайда? Аялдын мурастан алган нерсеси шарият тарабынан анын адал мүлкү экени белгиленген. Кызга  кааласа  берип каалабаса ага бербей койгондор  ушул асыл хадистер жөнүндө ойлонушсун. Бул жерде Пайгамбар мураскер мурастан качан ажыратыларын да түшүндүрүп жатат. Аялдын никеде болушу же анын үй-бүлөсүнөн болбогон чоочун эркекке турмушка чыгышы анын ата-энесинин же мураска укугу бар адамдардын мурасынан өз укугун алууга тоскоолдук кылуу үчүн негиз болуп саналбайт.

Урматтуу бир туугандар:

Аллахтын өкүмдөрү анын Пайгамбарына ишке ашырылышы үчүн, мусулмандар андан пайда көрүшү үчүн түшүрүлгөн. Бирок Аллахтын мыйзамдарын ишке ашыруучу Ислам мамлекети жок болгондон кийин  бул пайда азыр жок жана көптөгөн мусулмандар андан куру калышты. Оо, мусулман аял, сен Аллахтын өкүмүн калыбына келтирүүгө абдан кызыкдарсың, анткени анын турмушта аткарылбагандыгы себептүү эң көп зыян тарткан адамсың. Исламдын жок болушу сизге ааламдардын Раббиси тарабынан мыйзамдуу берген көптөгөн финансылык укуктарыңыздан ажырап калууңузга себеп болду… Эгер Халифалык болгондо, силер андан ырахат алмаксыңар жана   кордукка,кемсинтүүгө дуушар болмок эмессиңер.

Мындан тышкары, сиз Исламий жашоону кайра баштоо үчүн иштөөгө чакырыласыз… Демек, сизде бул жагынан эки кызыкчылык бар:

Рухий кызыкчылык: Бул Аллахтын мыйзамын ишке ашыруу үчүн иштөө үчүн Аллахтын буйругуна жооп.

Материалдык кызыкчылык: шарият сизге белгилеп берген- бирок бузуку жана адилетсиз коом сизден ажыраткан финансылык жана дүнүйө кызыкчылыктарына жетүү. Исламий жашоону кайра баштоо жана Халифалыкты калыбына келтирүү үчүн аракет кылып жаткан жакшылардын катарына кошулууңар керек, ошондо өзүңөрдөн тартылып алынган укуктарыңарды калыбына келтирип,  бул укуктарды силерге берген Затты ыраазы кыласыңар.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 20-робиул аввал.

2025-ж, 12-сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button