Асыл хадис

Урааныбыз: “Өлтүр, өлтүр!” болчу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Урааныбыз: “Өлтүр, өлтүр!” болчу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى أبو داوود في سننه قال: حَدَّثَنَا هَنَّادٌ عَنْ ابْنِ الْمُبَارَكِ عَنْ عِكْرِمَةَ بْنِ عَمَّارٍ عَنْ إِيَاسِ بْنِ سَلَمَةَ عَنْ أَبِيهِ قَالَ: غَزَوْنَا مَعَ أَبِي بَكْرٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ زَمَنَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَكَانَ شِعَارُنَا أَمِتْ أَمِتْ

Абу Давуд өзүнүн “Сунан” китебинде Ияс ибн Саламадан, атасынан риваят кылган хадисте, ал айтты: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын доорунда Абу Бакр (радыяллаху анху) менен бирге согушка чыкканбыз, урааныбыз: “Өлтүр, өлтүр!” болчу.

Авн аль-Маьбуддун автору мындай дейт: Биздин урааныбыз: «Өлтүр! Өлтүр!». Ибн аль-Асир айтты: Бул өлтүрүүгө буйруу, ал эми өлтүрүү буйругунан кийин ураандын максаты жеңишке жетүү. Анткени алар бул сөздү түндүн караңгылыгынан улам бири-бирин тааный турган белги катары кылып коюшту.  Кайра кайра кайталоо басым жасоо үчүн. Айтылды: кайрылган тарап – Аллах Таала, анткени Ал – өлтүрүүчү, демек, мааниси: “Оо, Жардамчы, душманды өлтүр” деп айтылат. Сүннөттүн түшүндүрмөсүндө: “Эй, Жардамчы, өлтүр” деп айтылган. Каари айтты: муну согушуп жаткан эки тарап тең айтат. Мунсир айтты муну Ан Насаи  риваят кылган.

وروى أبو داوود قال: حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ كَثِيرٍ أَخْبَرَنَا سُفْيَانُ عَنْ أَبِي إِسْحَقَ عَنْ الْمُهَلَّبِ بْنِ أَبِي صُفْرَةَ قَالَ أَخْبَرَنِي مَنْ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:” إِنْ بُيِّتُّمْ فَلْيَكُنْ شِعَارُكُمْ حم لَا يُنْصَرُونَ

Абу Давуд аль-Мухаллаб ибн Абу Суфрадан риваят кылды, ал айтты: Мага пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин уккан бирөө айтты: “Эгер силерге түн ичинде кол салышса, урааныңар: “хаам-миим аларга жардам берилбейт” болсун.

Авн аль-Мабуддун автору айтты: “Эгер түнү силерге кол салынса” , башкача айтканда, душман силерге каршы түн ичинде  кутум жасаса, алар силерди түн ичинде өлтүрүүнү кааласа жана силер алар менен аралашып калсаңар.

Ибн аль-Асир айтты: “Душманга билгизбей түндө кол салуу, анын күтүүсүз болуусу, бул түнкү чабуул.

 حم لَا يُنْصَرُونَ “Ха Мим, аларга жардам берилбейт”: Аль-Хаттаби айтты: Анын мааниси кабар, эгер дуба маанисинде болсо, анда жардам берилбейт деген мааниде субъекттик маанайда болмок. Тескерисинче, ал: “Аллахка ант болсун, аларга эч кандай жардам берилбейт” деген сыяктуу душманга кабар берүү маанисинде,  дуба маанисинде эмес.

“Ан-Нихаяда” айтты: Анын мааниси: “Оо, Аллах, аларга жардам берилбейт”  бул  дубаны эмес, кабарды билдирет.

Урматтуу бир туугандар:

Белгилүү бир топту башкасынан, же бир өлкөнү экинчисинен айырмалоо үчүн ураан чакырган ураандарды кабыл алууга уруксат берилет. Ал мубах. Мусулмандардын согушта башка өлкөлөргө тушукканда  ураандары бар болчу. Биринчи хадисибиз Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) сахаабаларынан муну жактырганын көрсөтүп турат… Тескерисинче, экинчи хадисте алар үчүн ураанды өзү тандап берди.

Демек, Ислам мамлекетин башка мамлекеттерден айырмалоо үчүн ураанды кабыл алышы жаиз. Аны өлкөлөр менен болгон карым-катнаштарында Халифанын сапарларында же  аны мамлекет башчылары зыярат кылганда коштоп жүрүүсү үчүн колдонот.  Ошондой эле аны карапайым адамдар өздөрүнүн форумдарында, коомдук чогулуштарында, мектептерде, радиостанцияларда ж.б. жерлерде колдонуу жаиз. Ал эми ураандын  үнү катуу же жайбы, мунун баары жаиз. Мусулмандар ураандарын кайсы учурга жараша, таасирдүү үн менен айтышчу.

Хизб-ут-Тахрир ислам конституциясында мамлекет зарыл болгон учурда халифанын мамлекет башчылары менен болгон расмий жолугушууларында коштоп жүрүүчү, ошондой эле Үммөт тарабынан белгилүү учурларда колдоно турган урааны болушу керек деп кабыл алган.

ИншаАллах экинчи Хиддаяттуу Халифалык курулганда төмөнкү ураандар эске алынат:

Анда Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын туусу болгон Укоб туусунун көтөрүлүшү жөнүндөгү сүйүнчүсүнүн ишке ашканы айтылат.

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) Халифалык орногондо жер өз казынасын ачарын, асман берекесин жаадырарын,  бүгүнкү күндө жер жүзү кандай зулумга толуп турса ошондой эле адилеттүүлүккө толот деген сүйүнчүсү айтылат.

Мусулман өлкөлөрү Халифалыктын курамына киргенден кийин фатх жана жакшылык бүткүл дүйнөгө жайылышы тууралуу айтылат. Адамдар зыярат кыла турган үч мечит бар экендиги: Харам мечити, Пайгамбардын мечити жана яхудий вужуду түп тамырынан жок кылынгандан кийин Аль-Акса мечити зыярат боло  тургандыгы айтылат.

Үммөттүн Аллах Таала  каалаган абалына  кайтып келиши айтылат: адамзат үчүн чыгарлыган  эң жакшы үммөт экендиги айтылат. Анын эң негизги максаты –  Аллах аны Өзүнүн ырайымы жана фирдаус бейиши менен сыйлоосу үчүн – Алла Тааланы ыраазы кылуу.

Анда такбирдин кайталанышы, себеби такбирдин Исламда жана мусулмандардын жашоосунда өзгөчө таасири бар. Жеңиштеринде, майрамдарында кайталанып, ар бир кыймылда тилдери айтып турат.

Урматтуу бир туугандар:

Мен Аллах Тааладан жакында экинчи Хиддаяттуу Халифалыктын кайтып келишин майрамдоодо бул ураандар менен үнүбүздүн  көтөрүлүшүн суранам.  Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 1-жумадул уула.

2025-ж, 23-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button