Басма сөз

Баскынчылар кайрадан Газага кол салуусун улантып,акыйкаттын үнүн басуу үчүн Сами Хамдини камады

Басма сөз баянаты

Баскынчылар кайрадан Газага кол салуусун улантып,

акыйкаттын үнүн басуу үчүн Сами Хамдини камады

Яхудий түзүмү Газадагы кылмыштуу операцияларын кайра улантуу чечимин АКШга билдиргенден кийин, 2025-жылдын 28-октябры, шейшемби кечинен бери, берекелүү Палестинанын 109дан ашуун тургуну, алардын ичинде 46 бала шахид болду. Ал эми башкалары жаракат алышты. Яхудий аскер күчтөрү Газанын ар кайсы аймагына аба соккуларын жасашып, турак үйлөрдү жана түндүктөгү Бейт-Лахия шаарындагы качкындар баш паанек кылган мектепти бутага алышты.

Акыркы аба чабуулдарынан кийин, АКШнын вице-президенти Жей Дивенс шейшемби күнү мындай деди: “Трамп Ортоңку Чыгышта тарыхый тынчтык орноткон, бирок бул анда-санда майда кагылыштар болбойт дегенди билдирбейт”.

Бул сөздөр АКШ администрациясынын мусулмандардын канын кандайча арзан баада эсептээрин көрсөтүп турат. Алар 46 наристенин өлүмүн “майда кагылыш” деп эсептешет, ал эми яхудий туткундардын сөөгүн кайтарууда кечигүү кечирилгис кылмыш болуп, жаңы кыргындарды актап жатат! Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябры күнү башталган агрессиядан бери Газада шахиддердин саны 68 643кө жетти, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар.

АКШнын эки жүздүүлүгү менен ачык айкын мунафыктыгы эми сасык жытынан көрүнүп, чыдабас абалга жетти. Калп айтуу, келишимди бузуу, пайдапарастык жана эки жүздүүлүк анын саясатынын башкы өзгөчөлүктөрүнө айланды. Эки жылдан бери АКШ Газа кыргындарынын негизги колдоочусу жана чыныгы жетекчиси болуп келсе да, Шарм-эш-Шейхтеги тынчтык конференциясында “бейтарап ортомчу”, “тынчтык орнотуучу” жана “тынчтыктын кепили” болуп көрүнүүгө аракет кылууда!

Мунун баары таң калычтуу эмес, тескерисинче күтүлгөн эле нерсе. АКШ жана анын аймактагы алдыңкы аскер базасы болгон яхудий түзүмү каршылыктын колундагы туткундарды жана сөөктөрдү кайтаруу боюнча Шарм-эш-Шейх келишими аркылуу тузакка түшүрүшүп, андан соң келишимди бузуп, күнөөсүздөрдү кайра өлтүрө башташты. Бул АКШ саясатчыларынын адаттагы иши. Алар эч качан өздөрү кол койгон келишимдерди же эл аралык убадасын сакташкан эмес. Аллах Таала алар жөнүндө мындай деген:

﴿أَوَكُلَّمَا عَاهَدُوا عَهْداً نَّبَذَهُ فَرِيقٌ مِّنْهُمْ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ﴾

Ар качан бир убада беришкен соң, алардын бир бөлүгү аны буза береби?Акыйкатта алардын көпчүлүгү ыймансыздар. (Бакара: 100).

АКШ администрациясынын яхудий түзүмүнө ыйык жерде жаңы кыргындарды жасоого берген жашыл жарыгы Шарм-эш-Шейх келишимине катышкан жана аны көрүп-билген жетекчилерди да кордойт. Алардын башында Мисир, Пакистан, Түркия жана Индонезиянын өкүмдарлары турат. Бул кыргындарга, мурункулары сыяктуу эле, алардын унчукпай отурушу, тилектештик жана жаңы чыккынчылык болуп эсептелет. Ал эми алардын конференцияга катышуусу Трамп же анын айланасындагы акылсыздар кепилдик бербеген келишимге күбө болуп отурган жалган күбөлөрдүн катышуусунан башка эч нерсе эмес.

АКШ администрациясы “падыша Трамптын” бийлиги астында дүйнөлүк үстөмдүк стратегиясын бекемдөөгө аракет кылууда. Ал Палестина жана анын элине, ошондой эле анда зулум көргөндөргө боор ооругандарга да “өлтүрүү же куугунтуктоо” саясатын таңуулоодо. Мунун айкын мисалы, журналист жана активист Сами Хамдинин АКШдагы сапары маалында камакка алынышы болду. Ал Газадагы оккупациянын кылмыштарын “элди геноцид кылуу” деп атаганы үчүн кармалды.

Хамдинин камалышы өзүнчө окуя эмес, тескерисинче, америкалык баалуулуктардын чирип, түзүмдүн зулумдук диктатурага айланып бара жаткандыгынын коркунучтуу белгиси. Журналисттерди, активисттерди, окумуштууларды жана АКШнын тышкы саясатын сындаган исламий топторду коркутуп-үркүтүү, үнүн басуу жана кылмышкер кылып көрсөтүү “мыйзам үстөмдүгү” жана “эркиндик өлкөсү” деген ураандардын жалгандыгын айгинелейт. Ошентип, АКШ администрациясы Газадагы кыргындарды уюштурууда жана колдоодо өзүнүн кара тизмесин кеңейтүү менен чектелбей, мурда “эң ыйык баалуулук” деп даңазалаган “сөз эркиндиги” принцибин да тепсеп өттү. Эми суроо туулат, акылман америкалык илимпоздор жана ойчулдар өлкөсүн бул зулум империянын баш көтөргөн тирандык бийлиги кыйрап кетүүдөн алдын ала куткарып кала алышабы?

Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү

29.10.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button