Габес шаарында: экологиялык жана гуманитардык кырсык… муундарга каршы жамаий жаза

Басма сөз баянаты
Габес шаарында: экологиялык жана гуманитардык кырсык… муундарга каршы жамаий жаза
Габес шаары азыр чоң каргашага дуушар болуп, өнөр жай химиялык комплекстен чыккан уулуу газдардын кесепетинен жай өлүмгө алып келген экологиялык кризиске чырмалып жатат. Эл болсо алардын өмүрүн уулантып жаткан бул зыянды токтотууга келген өкүмдар эмес, тескерисинче, тынчтык митингдерин күч менен басуу үчүн жөнөтүлгөн коопсуздук бөлүктөрүнүн кербенин көрдү. Балдар, аялдар жана карыялар катышкан нааразычылык жүрүштөрүнө каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Жума түнү ичинде эле полиция 70тен ашуун адамды кармап, таңга маал бул сан дагы көбөйдү. “Булгоону токтоткула” аттуу кампаниянын мүчөсү Хайр ад-Дин Даббия билдиргендей, айрымдары тез арада сотко өткөрүлүп, башкалары түрмөгө камалды. Натыйжада элдин талабы «булгоону токтотуу» деген ураандан «кармалгандарды бошоткула» деген чакырыкка айланды.
Бул окуяларга байланыштуу биз, “Хизб ут-Тахрир – Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү”, төмөнкүлөрдү баса белгилеп айтабыз:
- Элдин булгоочу өнөр жай ишканаларын демонтаждоо жана жабуу талабы — толугу менен шаръий талап болуп саналат. Өкмөт бул талапты дароо аткарышы керек. Анткени бул ишканаларды демонтаждоо тууралуу чечим 2017-жылы эле кабыл алынган. Ошол эле учурда Габестеги жергиликтүү кеңеш да бул ишканалардын жашоого түздөн-түз коркунуч туудурарын мурда эле эскерткен.
- Зордук-зомбулукту жана камоолорду колдонуу кырдаалды ого бетер курчутат. Бул дагы бир жолу биздин башкаруучулардын элди багуу сыяктуу эң жөнөкөй милдеттерин да аткара албай, эгемендиктен ажыраган абалын көрсөтөт. Алар элдин кадырлуу жашоого болгон мыйзамдуу укугун четке кагып, бийликтин таягы менен жооп берип жатышат.
Эй, Тунис калкы!
Бизди курчап турган бул булгануу — пайданы гана көздөгөн, чекти билбеген капиталисттик түзүмдүн табигый жемиши. Бүгүн Габесте болуп жаткан көрүнүш өзгөчө учур эмес. Бул Каируандагы нефть газынын булгануусу, Дуздагы ядролук калдыктар, Сфакстагы таштанды маселеси жана жакын арада боло турган “жашыл суутек” долбоорлору менен бир эле сапта турат.
Экологиялык көйгөйдү түп-тамырынан чечүү Халифалык мамлекет орногондо гана мүмкүн. Ал өз чечимин өзү кабыл алып, иштерин шариаттын таразасы менен жөнгө салган мамлекет. Андай мамлекет Аллахтан коркот, жерге жана элге ырайым кылат, эл байлыктарын жана ресурстарын эксплуатациялап, колониялык көз карандылыкты күчөтүүчү эл аралык келишимдерди жокко чыгарып, баскынчылардын колун кесет.
Абу Зар (разияллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«عُرِضَتْ عَلَيَّ أُمَّتِي بِأَعْمَالِهَا حَسَنِهَا وَسَيِّئِهَا، فَرَأَيْتُ فِي مَحَاسِنِ أَعْمَالِهَا الأَذَى يُنَحَّى عَنِ الطَّرِيقِ، وَرَأَيْتُ فِي سَيِّئِ أَعْمَالِهَا النُّخَاعَةَ فِي الْمَسْجِدِ لاَ تُدْفَنُ»
«Мага үммөтүмдүн жакшы жана жаман амалдары көрсөтүлдү. Жакшы амалдарынын ичинде — жолдон зыянды алып таштоо бар экенин көрдүм. Ал эми жаман амалдарынын ичинде — мечиттеги какырыкты көмбөй коюу бар экенин көрдүм» (хадисти имам Муслим риваят кылган).
Хизб ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы маалымат бөлүмү
20.10.25




