Басма сөз

Кашмирлик аялдар 1947-жылдан бери индиялык баскынчы күчтөрдүн колунан зордуктоого жана кыйноого дуушар болуп келишет

Басма сөз баянаты

Кашмирлик аялдар 1947-жылдан бери индиялык баскынчы күчтөрдүн колунан зордуктоого жана кыйноого дуушар болуп келишет

Быйыл БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 60-жыйынында аялдардын экономикалык, социалдык жана маданий укуктарына арналган эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын форуму өткөрүлдү. Аны OCAPROCE эл аралык уюму «2023-жылга чейин аялдардын маданий мурасты сактоодогу жана туруктуу тынчтыкты куруудагы ролу» деген ураан алдында уюштурду.

Бул форумда Кашмир өкүлү доктор Шугфта индиялык террордук баскынчы аскерлердин колунан азап тарткан кашмирлик аялдардын абалына көңүл бурду. Ал мындай деди:

«Мен бүгүн силердин алдыӊарда Индия басып алган Жамму жана Кашмир өрөөнүндөгү үнү угулбай жаткан сансыз аялдардын азабын жеткирүү үчүн турам. Алардын кыйкырыктарын ок атылган үндөр басып, намысын баскынчылар тебелеп-тепсешти. Алар ок менен эле эмес, аялдардын денесине каршы да согуш жүргүзүп жатышат».

Ал эл аралык коомчулукту кашмирлик аялдарга каршы жыныстык зомбулукту токтотууга жана кылмышкерлерди жоопко тартууга чакырды. Ар кандай укук коргоо уюмдары Кашмирге барып, жарандарга каршы зомбулук жана зордуктоо фактыларын документтешти. Алардын билдирүүсү коркунучтуу жана үрөй учурарлык болду. Индия армиясы, борбордук резервдик полиция күчтөрү жана чек ара коопсуздук бөлүктөрү кашмирлик мусулман аялдарга каршы жыныстык зомбулукка катышып келишет. Максат — аларды басынтуу, жазалоо жана “экстремист” деп айыпталган мусулман эркектерин багынып берүүгө мажбурлоо.

Мындан тышкары, аялдар сотсуз өлтүрүлүп, атайылап көздөрү көрбөй калган учурлар катталган. Алардын үйлөрү, дүкөндөрү жана бүтүндөй айылдары “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен өрттөлүүдө. Ошондой эле индиялык пропагандалык машина кашмирлик мусулман аялдарды “индус эркектерине тийүүгө даяр сулуулар” катары көрсөтүп, аларды индиялаштырууну максат кылууда.

Бул аракеттердин баары Индия өкмөтү кылдат иштеп чыккан пландар болуп, Кашмирде оторчу индус мамлекети күн тартибин кеңейтүүнүн каражаты катары түпкү мусулман калкты обочолонтууга жана коркутуп-үркүтүүгө багытталган.

Кашмир дагы бир басып алынган Ислам жери. Илгери Аллах Тааланын шариаты менен башкарылып, «жердеги бейиш» деп сүрөттөлчү. Бирок британиялыктар 1608-жылы Индияга келип, болжол менен 150 жылдан соң Индия субконтинентин түздөн-түз башкарууну орноткондон тарта, бул аймак ачарчылыктын, жакырчылыктын, коркунучтун жана бөлүнүүнүн жерине айланды. 1947-жылы «көз карандысыздык» желеги астында бул аянычтуу колониялык башкаруунун ордуна Батыш тарабынан куралган бийлик коюлуп, палестинанын мубарак жерин яхудий түзүмү басып алгандай, Кашмирди да индус мамлекети басып алды жана ал мусулмандар үчүн чыдагыс жай болуп калды.

Ошого карабай, 2025-жылы Газада яхудий түзүмү жүргүзүп жаткан геноцид тууралуу эл аралык уюмдардын мазмунсуз билдирүүлөрүн көргөндөн кийин да, көптөр ошол эле уюмдарга АКШнын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, баскынчыларга биздин өлкөлөрдү көзөмөлдөп турууга башынан жол ачкан БУУ сыяктуу уюмдарга — Кашмирдеги зомбулук менен зордуктоо маселесин чечет деп үмүт артууда! Кашмирлик аялдардын ондогон жылдар бою кордолушун, обочолонтулушун жана мажбурлануусун дүйнө көрүп турганына карабастан, бул эл аралык уюмдар да, батыш өкмөттөрү да эже-сиңдилерибиздин ар-намысынын тебеленишине эч качан чек койбой турганы айкын.

Тескерисинче, Ислам менен гана башкарган жана Аллах Субханаху ва Таала мусулман аялдын ар-намысын жана жыргалдыгын коргоого берген улук маанини терең түшүнгөн мамлекет гана Кашмирде, Палестинада, Чыгыш Түркстанда жана башка жактарда карындаштарыбызга карата зомбулукка чек коё алат. Бул мамлекет пайгамбарлык минхажындагы Халифалык. Ал кайсы жерде болбосун карындаштарыбыздын ар-намысын коргоо үчүн Халифалыктын борбору Дамаскта болуп турган учурда халифа Валид ибн Абдулмалик улуу мусулман аскер башчысы Мухаммад ибн Касимди зор армиянын башына коюп, зулум инду падышасы Раджа Дахер туткунга алган айрым мусулман аялдарды куткарууга жибергени сыяктуу мусулман аскерлерин көтөрүп чыгат.

Демек, күч-аракетибизди жана көңүлүбүздү Халифалыкты мүмкүн болушунча тез орнотууга багытташыбыз зарыл.

﴿اتَّبِعُوا مَا أُنزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ وَلَا تَتَّخِذُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ﴾

«(Эй инсандар), Силерге Раббиңерден түшүрүлгөн нерсеге (Китепке) ээрчигиле, андан өзгө «досторду» ээрчибегиле! Абдан аз гана насыят аласыңар». (Аъраф: 3)

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү /  Аялдар бөлүмү

10.10.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button