Пакистан башчылары Пакистандагы өсүп жаткан исламий ойгонуудан коркуп жатышат

Басма сөз баянаты
Пакистан башчылары Пакистандагы өсүп жаткан исламий ойгонуудан коркуп жатышат
Пакистандагы «Тахриик-Лаббайк» (TLP) кыймылынын жүрүшүнө карата Пакистан башчыларынын катаал жана жырткычча мамилеси диний чөйрөлөрдө тынчсыздануу толкундары чыгышына жана аң-сезимдүү ар бир мусулмандын таң калышына себеп болду. Бирок алардын бул жапайычылыгы өзүнчө же өзгөчө көрүнүш эмес/ Тескерисинче, бул акыркы убактарда алар тарабынан кабыл алынган ырааттуу чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Бул чаралар Трамптын планын башка мусулман өлкөлөрдүн башчылары менен бирге ишке ашырууну мойнуна алышкан учурда күчөдү. Ал план болсо Палестина элинен яхудийлерди коргоону максат кылат.
Пакистан мусулмандары Трамптын планын четке какканда, башчылар өлкөнүн бардык аймагында Палестинаны колдогон жаштарды, алардын арасында «Хизб ут-Тахрирдин» жигиттерин камоо жана дайынсыз жоготуу аркылуу коркутуу абалын жарата башташты. Бул жигиттер өздөрүнүн даъват иштери аркылуу Пакистан куралдуу күчтөрүнүн яхудий түзүмүн жок кылуу жана Масжид аль-Аксаны азат кылуу үчүн кыймылга келүүсүн талап кылышкан.
Бул зулумдуктун жана эзүүнүн уланып жатканын жашыруу үчүн Пакистан башчылары азыр «Лаббайк» кыймылынын мүчөлөрү мурда чектен чыгып, зомбулукка негизделген ыкмаларды колдонушкан деп доомат коюшууда. Бирок чыныгы кылмышкерлер — бул башчылардын өздөрү, алардын саясаты он миллиондогон пакистандыктардын ыйык баалуулуктары үчүн кооптонуу жана коопсуздук сезиминин жоголушуна алып келди.
Пакистан башчыларынын мындай жүрүм-туруму Ислам менен башкарган жана эл аны өз мамлекети катары кабыл алып, Исламдын максаттарын ишке ашыруу үчүн аны колдогон Халифалык мамлекетинин абалынан таптакыр айырмаланат. Ошондуктан ал учурда эл көчөгө чыгууга муктаж болчу эмес.
Пакистан мамлекети түзүлгөндөн бери эле бийлик элитасы Пакистан мусулмандары өздөрүн алданып калганын жана аларды секулярдык мамлекет куруунун күйүүчү майы катары колдонулганын билишкен. Бул диний боштукту жана үммөттүк максаттын жоктугун сактап калуу үчүн башкаруучулар секуляризмдин үстүнө жука “ислам катмарын” жаап коюшкан. Ал кездеги геосаясий шарттарга байланыштуу алардын колонизатор кожоюндары айрым шаръий өкүмдөрдү колдонууга уруксат беришкен. Бирок акыркы отуз жыл ичинде Пакистанда жана жалпы Ислам дүйнөсүндө күчөгөн исламий ойгонуу, ошондой эле Газадагы кыргынга карата кылмыштуу кайдыгерлик бул “жасалма исламдын” бетин ачып, бийлик өкүлдөрүнүн мусулмандарды тынчтандыруу аракетин ишке ашпас кылды. Күн өткөн сайын Пакистан мусулмандарынын бийликке болгон басымы күчөп, алардан тышкы байланыштарын Американын эмес, Исламдын буйруктарына негиздөөнү талап кылууда.
Пакистан эли өзүнүн кайраттуу куралдуу күчтөрүн яхудий түзүмүнө каршы жихад жүргүзүп, аны жок кылып, Масжид аль-Аксаны азат кылуусун каалайт. Аларды Трамптын жетекчилиги астында яхудийлерге коопсуздук кепилдигин берип жаткан абалда көргүсү келбейт. Элдик басым күчөгөн сайын Пакистан башкаруучулары “полициялык мамлекет” моделин кармануу менен секуляризмдин негиздөөчүсү Мустафа Кемалдын жана Сауд үй-бүлөсү менен Хосни Мубарактын изин кууп баратышат. Бирок алар Аллах залим башкаруучуларды адамдар үчүн кантип ибрат кылып койгонун унутушкан.
Пакистан башкаруучулары өз эли менен тынымсыз тирешүүдө. Алар пакистандыктардын исламий көз карашын жана туйгуларын ок атылган мылтыктын үнү менен, ошондой эле жийиркеничтүү амалдары менен өзгөртүүгө аракет кылып, элди секулярдык дүйнө таанымга көндүрүүнү жана өздөрү сыяктуу тиран кылып алууну көздөшөт. Ошондуктан алар диндарлыкты “экстремизм” деп атап, мусулмандарды Исламды толук колдонуу талабынан алыстатууга тырышууда. Айрым диний жетекчилерди пара менен сатып алып, башкаларын коркутуу жолу менен өз саясатына кызмат кылдырышууда. Алардын максаты, Пакистан элинин Исламды бекем кармануусун жаман көрсөтүп, диндарлык жаман натыйжага алып келет деп ишендирүү. Ошондой эле алар атайылап окуу программасын түзүп, элди Исламдан алыстатып, Исламды колдонуу максаты алардын жүрөгүндө бекем орун албай калышын көздөшкөн.
Либералдык маалымат саясаты аркылуу алар адамдарды материализмге, ырахатка жана секулярдык жашоо образына түртүшүп, аларды исламий жашоо тартибинен алыстатууга аракет кылышууда. Ал эми капиталисттик саясат аркылуу Пакистан элинин көпчүлүгүн жакырчылыктын тегирменине салып, күнүмдүк тиричилик үчүн күрөштө камап коюшкан, муну менен саясат жүргүзүү иштери күчтүү секулярдык саясий элитанын колунда кала берүүдө.
Пакистан башкаруучулары таза жамандыкка айланып, жамандыкты жаратып, аны күчөтүп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн Пакистанды ошол отко ыргытышууда. Трамптын тынчтык планына каршы ар кандай каршылыктан сактануу үчүн алар Пенжаб аймагын өлтүрүү аянтчасына айландырышты. Мурда болсо, Америка аскерлери Афганистанды басып турган кезде, уруулар жашаган аймактардын баарын кыргын талаасына айландырып, каршылыкты басышкан. Ал эми Белужистандын мусулмандарына болгон зулумду азайтуу ордуна тескерисинче көбөйтүп, бул аймакты душман күчтөрүнүн аракеттерине ыңгайлуу жерге айландырышкан. Ошентип, бул башкаруучулар Пакистан элинин жашоосунун бардык тармагына жайылып кеткен рак шишигине айланышты.
Ошондуктан эч бир диний же илимий жетекчилик жарым-жартылай талаптар менен чектелбеши керек. Тескерисинче, алар биригип, бул башкаруучуларды кулатып, исламий түзүм — Халифалыкты орнотуу үчүн күрөшүүсү зарыл. Ошондо гана көйгөй тамыры менен жоголуп, жамандык кыйылып, бул аймактагы мусулмандар исламий адилеттик түзүмүндө коопсуз жана тынчтыкта жашашат. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُسَلِّطَنَّ اللَّهُ عَلَيْكُمْ شِرَارَكُمْ، ثُمَّ يَدْعُو خِيَارُكُمْ فَلَا يُسْتَجَابُ لَكُمْ»
«Силер жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарбасаңар, анда Аллах силерге эң жамандарды үстүңөргө өкүмдар кылат, анан жакшыңар дуба кылышат, бирок дубалары кабыл болбойт» (Ат-Табарани риваяты).
Акыркы чейрек кылымдан бери «Хизб ут-Тахрир» жигиттери Пакистандын исламий жеринде Халифалыкты орнотуу үчүн аракет кылып келишүүдө. Эми, оо мусулмандар, силер да бул чынчыл аракеттерге колдоо көрсөтүп, «Хизб ут-Тахрир» жигиттеринин ишине кол жана күч болгула.
Хизб ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
29.10.25




