Таасис коалициялык өкмөтү Американын Дарфурду бөлүп-жаруу планын ылдамдатууга багытталган олуттуу кадам

Басма сөз баянаты
Таасис коалициялык өкмөтү Американын Дарфурду бөлүп-жаруу планын ылдамдатууга багытталган олуттуу кадам
2025-жылдын 26-июлунда (ишемби күнү) «Судандын Таасис коалициясы» деп аталган альянс аркылуу Ыкчам колдоо күчтөрү президенттик кеңештин төрагасы, анын орун басары жана премьер-министри дайындалганын жарыялашты. Бул кадам өлкөнүн чыгышындагы Порт-Судан шаарынан армия башкарган бийликке параллелдүү өкмөт түзүлгөнүн билдирет.
Бул альянска негизги мүчө катары Ыкчам колдоо күчтөрү, Түндүк элдик кыймылы жана башка аскерий, саясий жана коомдук уюмдар кирет. Анын негизги келишимине үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кениянын борбору Найробиде кол коюлган.
Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты бул планды дайыма ашкере кылып, Судан элин бул согуш Суданды бөлүп-жаруу максатын көздөгөн колонизатордук план экендиги тууралуу эскертип келет. Бул планды жамандык башчысы болгон Америка өзүнүн аскер жетекчилери жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилери аркылуу ишке ашырууда. Мурунку режимдин өкмөтү маркум Жон Гаранг жетектеген Элдик кыймыл менен тил табышып Түштүк Суданды бөлүп-жарган сыяктуу эле, бүгүн Бурхан өкмөтү да, Ыкчам колдоо күчтөрү менен биргеликте, ушундай эле план менен Дарфур маселесин алдыга түртүп жатат. Армия лагерлеринин жана шаарлардын Ыкчам колдоо күчтөрүнө шектүү түрдө өткөрүлүп берилиши, армиянын жана аскер учактардын көтөрүлбөй жатышы аркылуу ишке ашууда! Булардын баары армиянын бул козголоңду басууга күчү жетсе да, тизгини бошотулбай жатканын көрсөтөт.
Мурунку президент Башир Америка тарабынан кылынган басымдын натыйжасында Түштүктү бөлүп-жарганын моюнга алган болчу. Ал: “Түштүктүн бөлүнүшү Америка басымынын натыйжасы болду, ал эми америкалык план Суданды беш мамлекетке бөлүү болчу”, – деген (Орусиянын «Спутник» сайты).
Анын артынан эле бийликтеги башка жетекчилер, Тышкы иштер министрлери да план тууралуу кабардар болгонун жана аны аткарып жатышканын ачык айтышты. Бүгүн эми дал ошол сценарий Дарфурда кайталанып жатат. Бул жолу аталган аймакты Ыкчам колдоо күчтөрү аркылуу бөлүп-жаруу процесси ишке ашырылууда. А бул күчтөрдү колдоп чыккан армиянын жетекчиси Бурхан болгон.
Чын эле жүрөк ооруткан көрүнүш. Америкалык капыр колонизатор, Судандагы кыргынды, кан төгүүнү өзүнүн ачык-айкын кызматкерлери аркылуу башкарууда. Бул кызматчылар бул планды жашыруун эмес, ачык, көмүскө эмес, ашкере ишке ашырууда. Бул ишке аларга жалган маалымат тараткан кошоматчы медиа, жана жалгыз гана чирип калган тактысы үчүн жашаган, анын үстүндө олтурган, бирок аны сырттан колонизатор капыр башкара турган жалданма саясатчылар жардам берүүдө.
Мусулмандардын жерлерин бөлүп-жаруу – чоң күнөө. Бул күнөөгө катышкандардын бардыгы анын жүгүн көтөрүшөт. Пайгамбарыбыз ﷺ Ауфажа бин Асъад тууралуу мындай деген:
«مَن أتاكُمْ وأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ علَى رَجُلٍ واحِدٍ، يُرِيدُ أنْ يَشُقَّ عَصاكُمْ، أوْ يُفَرِّقَ جَماعَتَكُمْ، فاقْتُلُوهُ»
“Эгерде силер бир үммөт болуп турган абалда, бир жетекчиге байъат берип турган кезде бирөө келип, силердин биримдигиңерди бузууга, жамаатыңарды бөлүүгө аракет кылса, анда аны өлтүргүлө!” (Имам Муслим риваяты).
Ошондой эле Имам Муслим Абу Саид ал-Худриден риваят кылат, анда Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«إذا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ، فاقْتُلُوا الآخِرَ مِنْهُمَا»
“Эгерде эки халифага байъат берилсе, алардын экинчисин өлтүргүлө.”
Бул хадистер үммөттүн биримдигин сактоо жана бөлүнбөстүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Ушунун негизинде, биз – Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты – армиядагы чынчыл офицерлерди, күч жана мүмкүнчүлүк ээлерин, бул жийиркеничтүү кылмышты токтотууга, Америка жана башка колонизатор өлкөлөр менен алардын куралдарына бул кандуу пландарын ишке ашырууга жол бербөөгө чакырабыз. Ошону менен бирге, үммөттүн улуу долбоору болгон – пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалыгын тикелөөгө жардам берүүгө үндөйбүз. Анткени жалгыз ушул Халифалык гана бул кырдаалдан куткаруучу жана чыгуу жолу болуп саналат.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«… فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ فَسَيَرَى اخْتِلَافاً كَثِيراً، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ، فَتَمَسَّكُوا بِهَا وَعَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ»
“Кимде-ким (менден кийин) жашаса, көптөгөн талаш-тартыштарды көрөт. Ошондо силер менин сүннөтүмө жана туура жолдо болгон рашид халифалардын сүннөтүн кармангыла. Аны тиштериңер менен бекем кармагыла.”
Ибрахим Усман Абу Халил
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү
28.07.2025