Хуситтер Бакил жана Хашид уруулары согушка даярдык көрүп, экөөнүн ортосундагы согуш добулбастарынын кагылуусуна сүйүнүп жатышат!

Басма сөз баянаты
Хуситтер Бакил жана Хашид уруулары согушка даярдык көрүп, экөөнүн ортосундагы согуш добулбастарынын кагылуусуна сүйүнүп жатышат!
2025-жылдын 26-июлунда, ишемби күнү, Имран облусундагы Айял Сарих районуна караштуу аль-Хаит аймагында шейх Хамид Мансур Радман, күйөө баласы жана полиция бөлүмүнүн башчысы Хамир Салих Ратас Фалейтах («Абу Узр» деген ат менен таанымал), тарабынан өлтүрүлдү. Шейх Радман үйүнөн үй-бүлөлүк чатактан кийин чыгып бара жатканда өлтүрүлгөн. Ал эми кылмышкер полиция бөлүмүнүн башчысы болуп, негизинен адамдардын өмүрүн, мүлкүн жана ар-намысын коргоого, коомдун тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга, тартип бузгандарды жана адамдардын өмүрүнө кол салгандарды жазалоого милдеттүү эле. Бирок ал көчөнүн ортосунда өзүнүн атасын атайылап ок атып кыйратты!
Азыркыга чейин хусит бийлиги кылмышкерге карата Аллах буйруган өкүмдү аткара элек. Алар ойлоруна жана ишенимине каршы чыккан же зулум саясатына оппозиция болгондорду күч менен кармашат, бирок кылмышкерлерге, бандиттерге, адамдарды өлтүргөндөргө жана күнөөсүз кан төккөндөргө көңүл бөлүшпөйт. Анткени алар чыныгы башкаруучулар эмес, жамааттык аклиядан мамлекеттик аклияга өтө алышкан жок, калкты бир көз караш менен карашпайт. Тескерисинче, алардын бийлиги айырмачылыкка, тууганчылыкка жана расизмге негизделген. Алар өз кишилерин кылмыш үчүн соттоону атайылап кечеңдетип, созушат. Мунун эң чоң далили – кылмышкер Фалейтахты коргоп жатышканы, андан мурда шейх Ахмад Салим ас-Сакканини өлтүргөндөр, Жаннат аттуу кызды зордуктаган адам жана башкалар жаза албай калган. Мындан тышкары, Радада адамдарды өлтүрүү, үйлөрдү жардыруу, айылдарды курчоо жана оор куралдар менен элди аткылоо сыяктуу кылмыштар бар.
Кылмышкерди кармоону созуулары, анын оор кылмыш жасаганына карабастан, бул иштин артында башка кызыкчылыктар бар экенин көрсөтөт. Алар кылмышкердин кызматына же абройуна карабастан, Аллахтын шариятында бардык адамдар бирдей экенин билиши керек. Ким мина менен ойноп, аны коюп кетсе, өзү жарылат; ким уу кошсо, өзү ичет; ким Аллахтан башка нерсеге таянса, Аллах аны ошол нерсе менен азаптайт.
Же хуситтер шейх Радмандын өлтүрүлүшү боюнча бүтүндөй жылдар өтүп, анан гана Мухаммад Али аль-Хусий бул кылмыш боюнча уруулардын жарашуусун өздөрүнө саясий пиар кылуу үчүн күтүп жатышабы?!
Биз жакшы билебиз, хуситтер Пайгамбарыбыз ﷺдан кийин Халифалыкка келген атактуу халифа Абу Бакр ас-Сыддыктын белгилүү сөзүнөн үлгү алышкан жок: «Силердин араңардагы күчтүү адамдан башкалардын акысын алып бермейинче, ал менин көзүмдө алсыз…» Анда, хуситтер Пайгамбарыбыз ﷺдын төмөнкү хадисине эмне дешет?:
«لَوْ أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَرَقَتْ لَقَطَعْتُ يَدَهَا»
«Эгерде Мухаммаддын кызы Фатима уурдаса, мен анын колун кесет элем». (Бухарий жана Муслим риваят кылган.)
Хуситтер кылмышкер менен маркумдун урууларына өз кишилерин жыйып, мүмкүн болчу кагылышууга даярданууга уруксат бериши чоң кылмыш. Мунун күнөөсү толугу менен алардын мойнунда. Алар Аллах Тааланын бул сөзү менен өкүм чыгара алышат:
﴿وَلَكُمْ فِي الْقِصَاصِ حَيَاةٌ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾
«Силер үчүн өч алууда – жашоо бар, эй акыл ээлери. Мына ушинтип (кылмыштардан) сактансаңар кана». (Бакара сүрөсү, 179-аят).
Ал эми маркумдун канына ээ болгондор болсо, Аллах Тааланын бул өкүмүнө амал кылууга милдеттүү:
﴿وَلا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلاّ بِالْحَقِّ وَمَنْ قُتِلَ مَظْلُوماً فَقَدْ جَعَلْنَا لِوَلِيِّهِ سُلْطَاناً فَلا يُسْرِفْ فِي الْقَتْلِ إِنَّهُ كَانَ مَنْصُوراً﴾
«Алла (өлтүрүүнү) арам кылган жанды (тактап айтканда өлтүрүүгө ылайык кылмышкер болбогон жанды жазыксыз өлтүрбөгүлө, бирок) чыныгы (шарият мыйзам) менен гана өлтүрүшүңөр мүмкүн. Кимде – ким зулумдук менен (тактап айтканда жазыксыз) өлтүрүлсө, Биз анын ээси – мураскору үчүн (касас алууга) бийлик – укук бергенбиз. Анан, ал (киши өлтүрүүчүнү) өлтүрүүдө чектен ашпасьш (тактап айтканда киши өлтүрүүчүнүн ордуна башка бирөөнү өлтүрбөсүн, же бир кишинин ордуна эки кишини өлтүрбөсүн же киши өлтүрүүчүнү өлтүрүүдө анын кулак – мурдун кеспесин)! Анткени, шексиз, аны (Алланын) Өзү колдойт.» (Исра сүрөсү, 33-аят).
Эгерде хуситтер башка максаттарды көздөп, Аллах түшүргөн өкүм менен өкүм чыгарууну акыркы орунга коюшса, анда маселе башка!
Бул – секулярдык режимдер алып келген чоң балээлердин бири. Уруулук өч алуу иштерин бийлик каалаганда козгоп, каалаганда басып коёт. Күнөөсүздөрдүн каны алар үчүн соодалашуу куралы жана бийликтеги бузук орундарын сактап калуу амалы. Мурдагы режим бул ыкманы бир нече жолу колдонгон, эми болсо хуситтер ошол эле жол менен бара жатышат.
Йеменде уруунун таасири чоң, кафир Батыш муну жакшы билет. Ошондуктан ал кылмышкер башкаруучулар аркылуу аны талкалоо жана акча менен бузуу аракетин көрдү. Британия болсо айлакерлик менен Булуң өлкөлөрүнүн эмирлери аркылуу көптөгөн уруу лидерлерине акча берди. Ал эми Америка урууларды талкалоо, бөлүп-жаруу жана алардын жетекчилерин ар кандай жолдор менен жок кылууга аракет кылууда. Алардын айрымдарын бири-бирине каршы салуу, Британия жана анын агенттерин колдогон лидерлерге атаандаш шейхтерди чыгаруу, айрымдарын өлкөдөн кууп чыгып, алардын ордуна башкаларды коюу, кедейликке жана кордукка салуу, өч алуу отун тутантуу – булардын баары болуп келген жана азыр да уланууда. Суроо, уруулар өздөрүнө каршы түзүлүп жаткан бул пландарды качан түшүнөт?!
Биз, «Хизб ут-Тахрир / Йемен вилаяты», Бакил жана Хашид уруусунун башчыларын жана бүтүндөй Йемен урууларын силерге каршы жүргүзүлүп жаткан бөлүп-жаруу, алсыратуу жана алаксытуу планын түшүнүүгө чакырабыз. Аллах Тааланын бул чакырыгына жооп бергиле:
﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَاناً وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ﴾
«Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! Ошондой эле Алланын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар. Тозоктон болгон бир чуңкурдун жакасындатурган элеңер, силерди андан куткарды. Акыйкатжолду табышыңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай баян кылат». (Аали Имран сүрөсү, 103-аят).
Пайгамбарыбыздын ﷺ бул чакырыгын аткаргыла:
مَا بَالُ دَعْوَى الْجَاهِلِيَّةِ؟
دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ
«Жахилия чакырыгы эмне болуп жатат?» – деди да, – «Аны таштагыла, ал жийиркеничтүү». (Бухарий риваят кылган).
Бир туугандар! Согушка чакырууларды токтоткула, шайтанга жол ачып, бириңердин каныңарды бириңер адал кылбагыла. Кылмышкер колго алынып, Аллахтын өкүмү аткарылышы керек. Бүгүнкү түндүк жана түштүк Йемендин мурдагы жана азыркы башкаруучулары кафир Батышка кызмат кылган жалданма кызматкерлер экенин түшүнгүлө. Алар секулярдык мыйзамдарды колдонушат, кресттүү БУУга баш ийишет. Ал эми Аллахтын Китеби бизде болгону менен ташталган, кээ бирөөлөр аны бир гана тил менен окуп коюшат.
Силер бул жалданма режимдерди кулатууга жана алардын ордуна Ислам өкүмүн орнотууга күчүңөр жеткен адамдарсыңар, араңарда Аллахтын өкүмү өкүм сүрүшү үчүн, ага кайрылып өкүм чыгаргыла, куфр мыйзамдарын жана душмандын пландарын четке каккыла. Пайгамбарыбыз ﷺды Ясрибде ансарлардын Аус жана Хазраж уруулары кандай колдогон болсо, силер да экинчи Пайгамбарлык минхажындагы рашид Халифалыкты орнотууга аракет кылып жаткандарга жардам бергиле. Аллахтын Аршы титиреген, жетимиш миң периште жаназасын окуган Саад ибн Муаз رضي الله عنه сыяктуу эр-азаматтардан болгула.
Силердин Бакил жана Хашид уруусунан болгон уулдарыңар Йеменде мамлекеттин бардык тармактарында, бардык согуш аймактарында, атүгүл куралдуу күчтөр менен коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилик орундарында отурушат. Демек, алар башкаруучуларды тазалап, Ислам өкүмүн орнотууга толук кудуреттүү.
Хизб ут-Тахрир / Йемен вилаяты ыйман жана даанышмандык ээлерин, Ислам жашоосун кайра баштоого жана Аллах түшүргөн мыйзамдар менен өкүм чыгарууга, Пайгамбарлык жолундагы экинчи рашид Халифалыкты орнотууга чакырат. Бул халифалык силердин араңарда Исламды тикелеп, мусулман өлкөлөрүн «Укоб» туусунун алдында бириктирет.
Силердин көптөрүңөр билген «Хизб ут-Тахрир» туура тарикатка, түз жолго, күчкө жана мүмкүнчүлүккө ээ. Ал даяр альтернативдүү мутабаннасын б.а. Аллахтын Китебинен жана Пайгамбары ﷺнын сүннөтүнөн алынган, мамлекет жарыяланган алгачкы күндөн тартып ишке ашырууга даяр болгон долбоорун иштеп чыккан. Ал силердин араңарда жана силер менен бирге ушул улуу максат үчүн иштеп келет. Бүгүн ал дүйнөнүн кыркка жакын өлкөсүндө, анын ичинде Йеменде да, Аллах буйруган өкүмдөрдү ишке ашыруу үчүн ыйман, үмүт жана күрөш менен аракеттенүүдө. Анын ичинде Аллахка берген убадаларына бекем болгон, бул жолдо жеңишке жетмейинче артка кайтпаган эрлер бар.
Аллах Таала айтты:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү.
07.08.2025