Басма сөз

Эй Аль-Азхар аалымдары эгер бүгүн акыйкатты айтпасаңар анда качан айтасыңар

Басма сөз баянаты

Эй Аль-Азхар аалымдары эгер бүгүн акыйкатты айтпасаңар анда качан айтасыңар?!

Газа тилкесинде яхудийлердин кыргын-сүргүнү күчөп, балдарга, аялдарга жана эркектерге тамак-аш, дары-дармек жана суу жеткирилбей жатканда, Аль-Азхар институтунун башкармалыгы “ачкачылык кылмышын” айыптаган билдирүү чыгарды. Бирок бул билдирүү кийин дароо өчүрүлдү! Заалымга каратылган сөз кайра өчүрүлүшү туурабы?! Мусулман бир туугандар кыргын болуп жатканда аалымдар унчукпай турушу мүмкүнбү?!

Бул билдирүүдө гуманитардык сөздөр көп болуп, “боорукер, адамдар абийири барлар”, “эл аралык коомчулук” жана “күч ээлери” Газага жардам берүүгө чакырылган. Бул кайрылуунун соңунда Газа элине жардам дуасы камтылып, яхудий түзүм геноцид жана жардамды тосуу менен айыпталган.

Бирок бул билдирүүдө мындай чоң минбардан (Аль-Азхар университетинен) шаръий милдет айтылган жок. Азхар сыяктуу чоң трибунадан армияларды кыймылга келтирүү, яхудийлерди коргоп жаткан режимдерди кулатууга чакыруу, жана Газага жардам берүүнү тосуп жаткан өкмөткө каршы үн катуу чакырыктары болушу керек эле.

Бул билдирүүдө, шаръий жоопкерчиликти өтөөнүн ордуна, алар кайрылууну жөн гана гуманитардык мүнөздө жазышты. Алар эл аралык түзүмдөрдөн жардам сурашты бирок ошол эле учурда дал ушул эл аралык уюмдар эң залакалуу кылмышкерлер болуп жатышат. Ал эми кылмышкерден жардам суроо туурабы? Мусулмандарда армия бар, курал-жарак, күч бар. Мазлумду жана кысымга алынган бейкүнөөнү коргоого милдеттендирген – ыйман жана шарият бар.

Азхар акыйкатты жашырбастан, ачык жарыялоосу керек эле. Чыныгы аалымдар кайгы-капаны сүрөттөп эле тим болбойт, алар чындыкты айтат, кылмышты өз аты менен атап, куулук кылгандарды ачыкка чыгарат, жана арамды жоюуга түз чакырат.

Биз, Хизб ут-Тахрир партиясынын Мисирдеги маалымат бөлүмү, төмөнкү пикирлерди  билдиребиз:

  • Мисир режими — Газаны ачарчылыкка туш кылган кылмышка толук шерик. Анткени бул режим, Рафах чек арасын бууп, жардам кербендерине жол бербестен тоскоолдук кылып жатат. Жардам берүүгө аракет кылгандарды камакка алып, Газаны ар тараптан тороп жатат.

.  Бул режимдин кылгылыктарына көз жумуу кылмышка шерик болууга барабар. Ал эми кылмышкерлерди атабастан, жөн гана көңүл айтуу менен чектелүү чыккынчылык.

Ошондуктан биз Азхар аалымдарын, анын шейхи баш болуп, эгерде алар Газадагы кан төгүүгө чындап күйүп жатышса, Азхар мечитинен ачык үн катууга чакырабыз! Газаны жардамсыз калтырган режим саткын, жана аны кулатуу фарз экенин жарыялоого чакырабыз! Газаны курал менен коргоо, мусулман армиялары үчүн милдет, ал эми бул тууралуу унчукпаган акыйкатты жашыргандар кан төгүүлөргө шерик.

Жыйынтыктап айтканда, биз дагы бир ирет пайгамбарлык жолунда экинчи Халифалыкты куруу керек экендигин баса белгилейбиз. Анткени тек аны менен гана Исламды толук түрдө турмушта татбик (ишке ашыра) алабыз! Халифалык армияларды бутка тургузат, кылмышкер яхудий түзүмүн тамыры менен жоготот, жана Кудус менен бүтүндөй Палестинаны азат кылат.

Биз Мисир армиясын ушул улуу ишке чакырабыз! Аллахым, ошол күндү тездет, Мисирди анын тиреги кыл, аскерлерин анын көмөкчүсү кыл!

وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيًّا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا (75)

(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?! (Ниса сүрөсү, 75-аят).

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

23.07.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button