Эки тараптын тең Аллахтын өкүмүнө кайтууда ийгиликке жете албастыгы

Басма сөз баянаты
Пакистан–Афганстан чек арасындагы кандуу чыңалуу
Эки тараптын тең Аллахтын өкүмүнө кайтууда ийгиликке жете албастыгы
Пакистан менен Афганистандын учурдагы режимдери үммөттүн душмандары болгон яхудийлерге, индустарга жана америкалыктарга карата «өзүн кармоо» саясатын жүргүзүп жаткан чакта, Пакистан жана Афганистан экөө тең чек ара аймактарында болгон кагылыштарда бири-биринин ондогон аскерлерин өлтүргөнүн жарыялашты. Бул кагылыштар ишемби күнү кечинде «Талибан» күчтөрү жүргүзгөн операция менен башталып, Исламабад ага катуу жооп кайтарууну убадалады. Кабул өзүнүн аскер күчтөрү Пакистан коопсуздук күчтөрүнө каршы операция жүргүзгөнүн, мунун себеби Пакистандын кайталанган чек араны бузуу аракеттери жана Афган аймагына жасаган аба соккусу экенин билдирди.
Бул окуялардын фонунда Индия эки бир тууган өлкө ортосундагы фитнанын чыгышына жана мусулмандардын бири-бирин өлтүрүшүнө кубанып, сырттан көз салып турат. Афган өкмөтү болсо Пакистандын акылсыз саясатынын натыйжасында – айрыкча афган «качкындарын» өз жеринен кууп чыгышынан кийин – Индия менен жакындашууга багыт алды. Натыйжада Афганистан Пакистанга кандуу душман болгон Индияга жүз буруп, эки өлкө ортосунда мурда болуп көрбөгөндөй жакындашуу жаралды. Бул Исламабадды катуу кыжырдантып, реакция кылууга түрттү. Ал жакындашуунун бир белгиси катары Индия өткөн жума күнү 2021-жылдан бери биринчи жолу Афганстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды жана Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн толук элчилик деңгээлине көтөрөрүн жарыялады.
Пакистан жана Афганистандын мамилелеринин бузулушуна себеп – бул индия-афган жакындашуусу болобу же Афган өкмөтүнүн Пакистан талибандарына колдоо көрсөтүүсү болобу – баары бир бул чыңалууга жоопкерчиликтин негизги жүгү эки өкмөттүн үстүндө. Алар Индиянын жана эл аралык күчтөрдүн кийлигишүүсүсүз маселелерин өз ара чечүүгө, талаштарын Куран жана Сүннөткө кайтарууга жетишкен жок. Аллах Таала мындай деп айткан:
﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ﴾
«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер. Ошондуктан, силер эки ага-иниңердин ортосун оңдоп койгула! Алладан корккула-балким Ал Зат тарабынан боло турган ракымга жетишесиңер». (Хужурат: 10).
Анын ордуна эки тарап бири-бирин «душман» же «бөтөн» деп мүнөздөй баштады. Афган өкмөтүнүн өкүлү Забихуллах Мужахид жекшемби күнү өткөн маалымат жыйынында бул операцияда 58 пакистандык аскер өлтүрүлгөнүн билдирди. Ал эми Пакистан армиясы өз билдирүүсүндө: «Бул ачык кол салууга каршы, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн коргоп жатып, 23 пакистандык жоокер шахид болду», – деп билдирди. Ошондой эле алар «аба соккулары жана так чабуулдардын натыйжасында талибандын жана ага байланыштуу террордук топтордун 200дөн ашык жоокери өлтүрүлдү же жараат алды» деп кошумчалашты.
Пакистан өкмөтү Индия сыяктуу ашынган душманы менен дипломатиялык тил жана «өзүн кармоо» саясатын колдонуп келгени менен, бул жолу премьер-министр Шахбаз Шариф Афганистанга катуу эскертүү берип, мындай деди:
«Пакистанды коргоо маселесинде эч кандай соодалашуу болбойт, ар бир провокацияга катуу жана натыйжалуу жооп берилет».
Кабулдун да тили өтө курч болуп, динден зарыл түрдө белгилүү болгон нерселерди жана шариат өкүмдөрүн түшүнүүдөн таптакыр алыстаганы көрүнүп турду. Забихуллах Мужахид жекшемби күнү: «Бүгүн эрте менен Пакистан кол салды, биз күч менен жооп берүүгө даярбыз», – деди.
Мусулмандар болсо Аллахтын душмандарынын Кашмирде, Газада жана Чыгыш Түркстанда кайра-кайра жасап жаткан зулумдарына каршы мындай «катуу жоопторду» чыдамсыздык менен күткөн эле! Бирок бул башкаруучулар мусулман жерлериндеги кафир колонизаторлордун өкүлдөрүнөн башка эч ким эмес. Алардын жасаган иши ошол кафир Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылуу жана анын таасирин бекемдөө гана. Батыштын кызыкчылыктарынын бири мусулмандардын ортосунда душмандыкты, ажырымды жана бөлүнүүнү тутантуу. Алардын абалы коркоктор жөнүндө айтылган сөзгө окшош: «Мага каршы арстан, бирок согушта төө куш!»
Дал ошол учурда Шахбаз Шариф Афганистандагы бир туугандарын коркутуп жатып, үммөттүн башкы душманы Трамп жетектеген Шарм-эш-Шейхтеги «яхудийлердин кылмыштарына чыдамдуулук көрсөтүү» саммитине катышууга камданып жатат.
Эй Пакистандагы мусулмандар! Эй Пакистан армиясындагы калыс жана ихластуу адамдар!
Билгиле — силердин башкаруучуларыңар жана жетекчилериңер силерге душман. Андыктан алардан сак болгула! Аллах Таала мындай дейт:
﴿هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ﴾
«Алар душмандар. Демек, алардан этият болгун! Аларды Алла наалаттайт. Алар кандай адашуудалар ээ!» (Мунафикун: 4)
Кашмирди азат кылуу же Палестинадагы басылып алынган жердин эзилип, зулум көргөн элине жардам берүү үчүн талап кылынган аракеттер жана курмандыктар — Америкага Афганистанда үстөмдүк орнотуу жана мусулмандар менен согушуу үчүн сарпталган күч-аракеттерге караганда кыйла аз болмок. Бирок силердин башкаруучуларыңар жана жетекчилериңер өлкөңөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жана аскер күчүңөрдү Аллахтын жолунда эмес, шайтандын жолунда жумшап жатышат.
Бул эки тараптан төгүлгөн таза канды Кабул өкмөтү Америкага Баграм аскер базасын кайра тапшырууга шылтоо катары колдонушу мүмкүн. Ошондо Америка бул базаны аймактагы атаандаштарына, айрыкча үммөттүн ихластуу уулдарына каршы чабуул жасоо үчүн колдонууга жетишет. Ошондуктан үммөт бул чыккынчылардан жана ыйыктыкты тебелегендерден кутулуу үчүн Хизб ут-Тахрирдин калыс жигиттери менен бирге иш алып барышы керек. Ал эми Пакистан армиясындагы калыс адамдар Хизб ут-Тахрирге нусрат берип, Аллах түшүргөн дин менен өкүм жүргүзө турган халифаны бийликке алып чыгышы керек. Ошондо ал Пакистанды, Афганистанды жана алардын ары жагындагы бардык мусулмандардын жерлерин Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Халифалык мамлекети астында бириктирет. Ал мамлекет азыркы зулумдук доордон кийин келүүчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا اللَّهُ إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ» (رواه أحمد)
«Андан кийин зулумдук (күч менен жүргүзүлгөн) башкаруу болот. Ал Аллах каалаганча уланып турат, анан Аллах каалаган убакта аны жоготот. Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык орнойт» (Имам Ахмад риваяты).
Хизбут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
13.10.2025




