Абу Бакр (р.а)нун терең мазмундуу хутбасы

Абу Бакр (р.а)нун терең мазмундуу хутбасы
Ибн Абуд Дуня «ал-Хазар» китебинде, ибн Асакир Муса ибн Укбадан риваят кылышынча, Абу Бакр Сыддык хутбасында мындай деди: «Бүткүл ааламдар Роббиси Аллага мактоолор болсун, Андан жардам сурайбыз, өлүмдөн кийинки нерселер жаатында азиз кылышын сурайбыз. Анткени, менин ажалым да, силердин ажалыңар да жакындашып калды. Күбөлүк берип айтамын, жалгыз, эч шериги болбогон Алладан башка эч бир илах жок жана Мухаммад Анын пендеси жана элчиси. Алла аны тирүүлөрдү эскертиши үчүн жана капырлардын акысы ак болушу үчүн акыйкат менен пайгамбар кылып, кушкабар жеткирүүчү, эскертүүчү, нур таратуучу кылып жиберди. Кимде-ким Алла жана Анын Расулуна итаат кылса туура жолду тааптыр, кимде-ким күнөөкөрлүк кылса жолдон анык адашыптыр. Мен силерге Алладан такыба кылууну, Алланын силерге түшүргөн жана силердин хидаят табышыңарга себеп болгон буйруктарына бекем жабышып амал кылууну осуят кыламын. Ыклас келмесинен кийин Ислам көрсөткөн туура жол Алла ишиңерге башчы кылып койгон кишиге кулак салып, итаат кылуу. Анткени, кимде-ким амру маъруф жана нахий мункар кылуучу башчыга итаат кылса нажат тааптыр жана үстүндөгү милдетти өтөптүр. Напси-каалоого ээрчүүдөн сактангыла. Кимде-ким напси-каалоодон, көз артуудан жана ачуудан сактанса, анык кутулуптур. Сыймыктанып кекирейүүдөн сактангыла. Акыры топурактан жаралып, дагы топуракка кайта турган, анан курттар жеп таштай турган, бүгүн тирүү болсо, эртең өлүк боло турган кимсенин сыймыктанып кекирейиши эч нерсеге арзыбайт. Туруктуу амал кылып баргыла. Мазлумдун дубасынан этият болгула. Өзүңөрдү өлүктөр катарында деп санагыла. Сабырдуу болгула. Анткени, бардык иш-амал сабыр менен болот.
Этият болгула, этияттык пайда алып келет. Жакшы амалдарды кылгыла, амал кабыл болот. Алла силерди азаптан эскертти. Анын азабынан этият болгула. Алла силерге Өз Рахматын убада кылды. Анын рахматына шашылгыла. Баам-парасаттуу болгула, ошондо жакшы түшүнүүчү болосуңар, такыбалуу болгула, ошондо сактануучу болосуңар. Алла Өз Китебинде силерге эмнени адал жана эмнени арам кылгандыгын, кайсы амалдарды жакшы көрүшүн жана кайсыларын жаман көрүшүн баян кылды. Мен албетте силерге өз нафсимди көздөп саясат жүргүзбөймөн. Жардам сурап кайрыла турган зат бир гана Алла. Алладан башка эч нерседе эч кандай күч жана кубат жок. Ушуну билип койгула, калыс Алла үчүн эмне амал кылган болсоңор, демек, Роббиңерге итаат кылыпсыңар. Өз үлүш, насибеңерди сактап калыпсыңар, шаттык-ыракатка жетишипсиңер, өз ыктыярыңар менен кылган таатыңарды өзүңөрдөн мурун барып тура турган нафил ибадат деп эсептегиле. Берген «карызыңар» силерге толук кайтарылат жана муктаж болгон убагыңарда силерге сыйлыгыңар берилет.
Эй Алланын пенделери, дүйнөдөн өтүп кеткен жар-боордошторуңар жөнүндө ойлоп пикир жүргүзүп көргүлө. Алар акыретке эмнени жиберген болушса, өлгөндөн кийин ошол нерсени таап, же бактысыздыкка дуушар болушту же бак-таалайга жетишишти. Албетте, Алла эч бир шериги жок зат, Аны менен пенде ортосунда – пендеге жакшылык берүүгө же андан жамандыкты буруп жиберүүгө себеп боло турган насаб (тууганчылык) жок. Пенде Аллага итаат кылып, Анын өкүмүнө эргешсе гана жакшылыкка жетишет жана жамандыктан баанек табат. Артында тозок болгон жакшылык жакшылык эмес, артында бейиш болгон жамандык жамандык эмес. Бул сөздөрдү айтуу менен өзүмө да, силерге да, Алладан магфират сурап каламын. Пайгамбарга салам-салават жолдогула. Вассаламу алайкум ва рахматуллохи ва барокатуху».