Бейиш бактары

Расулулла (с.а.в)дын Зимад (р.а)ну даъват кылышы

Расулулла (с.а.в)дын Зимад (р.а)ну
даъват кылышы

Муслим, Байхакий, Насаий, Багавий чыгарган, Абу Наъим Вакидий аркылуу «Далаил ан-Нубувва» аттуу китепте чыгарган риваятта мындай делет, Зимад айтты: «Мен умра кылуу үчүн Меккеге келдим. Ал жерде бир жыйынга катыштым. Анда Абу Жахил, Утба ибн Рабиъа, Умайя ибн Халаф бар эле. Абу Жахл мындай деди: «Бул ажам жамаатыбызды бөлүп таштады, бизди акмакка чыгарды, өлүп кеткен ата-бабаларыбызды адашкандар деди, кудайларыбызды айыптады». Ошондо Умайя: «Ал, эч күмөнсүз, бир жинди», – деди. Анын бул сөзүн угуп, өзүмө-өзүм: Акыры мен жин тийгенди дабалоочу кишимин-го дедим-да, ошол жыйындан туруп Расулулла (с.а.в)ды издеп кеттим. Ошол күнү ал кишини жолуктура албадым. Эртеси күнү ал кишини таптым. Ал киши макоми Ибрахим артында намаз окуп жаткан экен. Намаз окуп бүткөнгө чейин күтүп отурдум. Кийин ал кишинин алдына келип: «Эй Абдул Мутталибдин перзенти» деп кайрылдым. Ал киши мага кайрылып:

«مَا تَشَاءَ؟»

«Эмне каалайсың?» – деди. Мен: «Мен жин тийгендерди дабалаймын. Кааласаңыз сизди да дабалаймын, таптакыр өзүңүздөгү дартты оор кеселдик деп эсептебеңиз. Себеби, мен сизден да оорураак кеселди дабалаганмын, ал айыгып кеткен. Коомуңуз сиз жөнүндө жаман илдеттерди айтышканын уктум. Сиз аларды акмакка чыгарып, жамааттарын бөлүп таштап, өлгөн ата-бабаларын адашкандар деп, кудайларын айыптап жаткан имишсиз. Мындай ишти болсо бир гана жин тийген киши кылат», – дедим. Ошондо Расулулла (с.а.в):

«اَلْحَمْدُ للهِ، أَحْمَدُهُ، وَأسْتَعِيْنُهُ، وَأُؤْمِنُ بِهِ، وَأَتَوَكَّلُ عَلَيْهِ، مِنْ يَهْدِهِ اللهُ فَلا مُضِلَّ لَهُ، وَمَنْ يُّضْلِلْهُ فَلا هَادِيَ لَهُ، وَأَشْهَدُ أَن لا إِلَهَ إِلّا اللهُ وَحْدَهُ لا شَرِيْكَ لَهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّداً عَبْدُهُ وَرَسُوْلُهُ»

«Мактоо Аллага таандык. Ага хамддар айтамын, Андан гана жардам сураймын, Ага ыйман келтиремин, Ага тобокел кыламын. Кимди Алла хидаяттаган болсо, эч ким аны залалатка баштай албайт, кимди залалатка салган болсо, эч ким аны хидаяттай албайт. Жалгыз, эч шериги болбогон Алладан башка илах жок жана Мухаммад Анын пендеси жана Расулу деп күбөлүк беремин», – деди. Мен мындай жагымдуу сөздөрдү мурун укпаган элем. Ошондуктан, ал кишиден бул сөздөрдү дагы кайталоону сурандым. Ал киши кайталады. Ошондон кийин мен «Эмнеге даъват кыласыз?» деп сурадым. Ал киши:

«إِلَى أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَحْدَهُ لا شَرِيْكَ لَهُ، وَتَخْلَعَ الْأَوْثَانَ مِنْ رَقَبَتِكَ، وَتَشْهَدَ أَنِّيْ رَسُوْلُ اللهِ»

«Сени жалгыз, эч шериги жок Аллага ыйман келтирүүгө, моюнуңдан буттарды алып ыргытууга жана мени Алланын Расулу деп күбөлүк берүүгө чакырамын», – деди. Муну угуп: «Эгер ушундай кылсам мен үчүн эмне болот?» – дедим. Ал киши:

«لَكَ الْجَنَّةُ»

«Сага бейиш болот», – деди. Мен: «Жалгыз, эч шериги жок Алладан башка илах жок деп күбөлүк беремин, мойнумдан буттарды алып ыргытамын, алардан кутуламын жана сиз Алланын пендеси жана Расулусуз деп күбөлүк беремин», – дедим.

Байхакий рыбаятында болсо Зимад мындай дейт: «Аллага ант болсун, мен кыянатчылардын да, сыйкырчылардын да, акындардын да сөздөрүн укканмын, бирок, мындай сөздөрдү укпаган элем. Келиңиз, колуңузду бериңиз, сизге Ислам негизинде байъат беремин. Расулулла (с.а.в) колдорун узатты, мен ал кишиге байъат бердим».

Зимад дагы мындай дейт: «Мен Курандан көптөгөн сүрөлөрдү таалим алганга чейин Расулулла (с.а.в) менен бирге турдум. Ошондон кийин элиме кайттым». Абдулла ибн Абдурахман ал-Адавий икая кылып мындай дейт: «Расулулла (с.а.в) Али ибн Абу Талибди бир сарийяга башчы кылып жиберди. Алар бир жерде жыйырма төөнү олжого алышып, айдап кетишти. Али ибн Абу Талибге бул төөлөр Зимад элине тийиштүү экендигинин кабары жеткенден кийин, Али: «Аларга төөлөрдү кайтарып бергиле», – деди. Төөлөр аларга кайтарылды».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button