Ыйман жана анын таттуу даамы

Бейиш бактары:
Ыйман жана анын таттуу даамы
Алла Таала айтат:
يا أيها الذين آمنوا آمنوا بالله ورسوله والكتاب الذي نزل على رسوله والكتاب الذي أنزل من قبل ومن يكفر بالله وملائكته وكتبه ورسله واليوم الآخر فقد ضل ضلالاً بعيداً ,631-
– «Эй момундар, Аллага жана анын пайгамбарына жана Өз пайгамбарына түшүргөн Китепке (Куранга), о.э. Ал Зат илгери түшүргөн (бардык) китептерге ыйманыңар толук болсун! Кимде-ким Аллага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана акырет күнүнө капыр болсо, демек, ал өтө катуу адашыптыр». [4:136]
ومن يتوكل على الله فهو حسبه إن الله بالغ أمره قد جعل الله لكل شيئ قدراً ,3-
– «Кимде-ким Аллага тобокел кылса, (Алланын) Өзү ага жетиштүү. Албетте, Алла Өзү каалаган ишине жетүүчү. Чындыгында эле, Алла бардык нерсе үчүн өлчөө кылып койгон». [65:3]
إنا كل شيئ خلقناه بقدر ,94-
– «Албетте, Биз ар бир нерсени (анык) өлчөө менен жараттык». [54:49]
ليس البر أن تولوا وجوهكم قبل المشرق والمغرب ولكن البر من آمن بالله واليوم الآخر والملائكة والكتاب والنبيين وآتى المال على حبه ذوي القربى واليتامى والمساكين وابن السبيل والسائلين وفي الرقاب وأقام الصلاة وآتى الزكاة والموفون بعهدهم إذا عاهدوا والصابرين في البأساء والضراء وحين البأس أولئك الذين صدقوا وأولئك هم المتقون ,771-
– «Жүзүңөрдү батыш жана чыгыш тараптарга бура беришиңер жакшылык-такыбачылык эмес, балким, Аллага, акырет күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирген, өзү жакшы көрүп туруп, мал-дүйнөсүн тууган-уруктарына, жетим-жесирлерге, жарды-кембагалдарга, жолоочу-мусапырларга, тилемчилерге жана кулдарды азат кылуу жолунда бере турган, намазды толук өтөп, зекетти бере турган киши жакшы киши жана ахддашышканда (убадалашышканда) ахддарынын өтөөсүнөн чыгуучулар жана, айрыкча, жеңил-оор күндөрдө жана согуш учурунда сабыр кылуучулар (жакшы кишилер). Мына ошолор чыныгы ыймандуу кишилер жана мына ошолор чыныгы такыбаалуулар». [2:177]
Жабраил алайхис-салам Расулулла Jдан «Ыйман эмне?» деп сураганда, «Ыйман – Аллага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, о.э. кадардын жакшы жана жаманына ишенишиңиз» деп жооп берди (Бухарий, Муслим, Насоий, Абу Давуд жана Ахмад рыбаяты).
Расулулла J айтты: «Үч нерсе бар, кимде алар табылса, ал ыймандын таттуу дамын табат: Алла жана Анын Расулу башка бардык (нерселер)ден сүйүктүү болушу, бир адамды жакшы көргөндө Алла үчүн жакшы көрүү, куфрга кайтууну тозокко ташталууну жаман көргөндөй жаман көрүү» (Бухарий, Муслим, Насоий, Ибн Можа жана Ахмад рыбаяты. Бухарий сөзү).
Расулулла J айтты: «Жаным колунда болгон Затка ант ичип айтам, менин Пайгамбар кылып жиберилгенимди бул Үммөттөн кайсы бир киши – жөөт болобу, христиан болобу – укса, кийин мен алып келген нерсеге (динге) ыйман келтирбей өлүп кетсе, тозокулардан болот» (Муслим жана Ахмад рыбаяты, Муслим сөзү).