Кабар
Жума күнүн дем алыш күн деп белгилөө сунушталды

Жума күнүн дем алыш күн деп белгилөө сунушталды
2026-жылы Казан шаары Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялангандан улам, Татарстандын Аксакалдар кеңеши жума күнүн өлкөнүн расмий деп алыш күнү деп белгилөө туурасында демилге көтөрүп чыгышты. Тийиштүү кайрылуу өлкө башчысына жөнөтүлдү.
Аксакалдар кеңеши баса белгилегендей, мусулмандар үчүн жума намазы милдеттүү жамаий ибадат болуп эсептелет. «Ибадатты аткаруу үчүн христиандарга жекшемби күн, жөөттөргө ишемби күн бөлүнгөн, ошол сыяктуу мусулмандар үчүн да өлкөбүздө диний теңдикти жүзөгө чыгаруу максатында жума күнүн дем алыш күн деп жарыялоону суранабыз», – делет кайрылууда.