Кабар
«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдар 1 миллиарддан ашты

«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдар 1 миллиарддан ашты
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларына карата «Коопсуз шаар» системасынын алкагында жазылган айып пулдардан өлкөнүн бюджетине 1 миллиарддан ашык сом түшкөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу 443,6 млн сомго көп.
Мындан белгилүү болгондой, учурдагы өкмөт өлкө бюджетин калктын чөнтөгүнөн алып толтурууга катуу аракет көрүп жатат. Тагыраагы, төлөм жана салыктардын эсебин көбөйтүү менен карапайым калкты эзген, байларга болсо шарт түзүп берген система уланууда.




