Комментарий
Trending

Азербайжан саммити:  Борбор Азияны Орусиядан алыстатуу аракети

Азербайжан саммити:  Борбор Азияны Орусиядан алыстатуу аракети

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда, Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

– Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;

– “ТМУ+” форматын баштоо жөнүндө чечим;

– ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.

Президент өз сөзүндө, Кыргызстан уюмга төрагалык кылган бир жыл ичинде 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөнүн белгиледи. Кыргыз тарап экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун даярдады.

Эске салсак, 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан негиздеген бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.

Комментарий:

Түрк мамлекеттер уюму Борбор Азия аймагындагы мусулмандардын улутчулдук туйгуларын козгоо аркылуу аларды Россия менен Кытайдын таасиринен алыстатууну максат кылат. Анткени, 175 миллион калкы бар, 4, 5 млн чарчы чакырым аймакты ээлеген жана 2,1 трлн Ички дүң продукциясы бар түрк дүйнөсү колонизаторлордун кызыкчылыгы кесилишкен чекит болуп эсептелет.

Бул уюмду мусулман дүйнөсүн куткаруучу күч катары карагандар да бар. А бирок, турмуш чындыгы мунун тескерисин көрсөтүүдө. Алыс барбай эле, Палестинадагы 7-октябрь окуясынан кийинки абалды карасак, Азербайжан менен Казакстан Түркия аркылуу баскынчы яхудий өкмөтүн мунай жана газ менен камсыздап келүүдө. Газага бир уурттам суу жеткире албай жаткан бул өкмөттөр жөөт вужудуна азык-түлүк жана кийим-кечелерди да экспорттоп жатышат. Мындан белгилүү болгондой, Түрк мамлекеттер уюму эч качан мусулмандар жөнүндө кайгырбайт жана аларды коргобойт. Бул уюм Кытайда зулумдук чегип жаткан уйгурлар маселесинде да алсыз позицияны карманып: “Бул Кытайдын ички иши, биз башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпайбыз”, – деп айткан. Демек, Түрк мамлекеттер уюму Американын колундагы бир курал болуп, расмий Вашингтон аймактагы мамлекеттерге Эрдоган аркылуу таасир өткөрүүгө аракет кылат. Андыктан, Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнө АКШнын стратегиясынын алкагындагы иш катары карашыбыз керек.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button