
АКШ баштаган каржы системасы кулоо астында
Жаңылык:
АКШнын Федералдык Резерв Системасы (ФРС) кечээ, шаршемби күнү, күтүлгөндөй эле, пайыздык насыя ченин төрттөн бир пунктка төмөндөттү. О.э бул жылы калган айларда да карыз алуу чыгымдарын туруктуу түрдө төмөндөтөөрүнө ишара кылды. Кеңештин төрагасы Жером Пауэлл бул кадамды эмгек базарынын алсыздыгына жооп катары “коркунучтардын алдын үчүн жасалган төмөндөтүү” деп атады. Бирок, ал АКШнын Борбордук банкы акча-кредит саясатын жумшартууга шашылууга аргасыз эмес экенин айтты. (Al Jazeera Net, 18/09/2025).
Комментарий:
Жером Пауэллдин АКШ экономикасын курчап турган коркунучтар бар экенин мойнуна алышы — инфляция бүтө электигин жана бул кадам эмгек базарын жандандыруу үчүн жасаганын билдирет. Бирок бул кадам АКШ экономикасына оң натыйжа алып келбеши ыктымал. Айрыкча инфляциянын кайра күчөшү көйгөйдү дагы оорлотот. Анткени башка көрсөткүчтөрдөн көрүнүп тургандай, эгер инфляция кайтып келсе, ал өтө катуу кайтып келет жана аны дарылоо кыйын, ал тургай мүмкүн эмес болуп калышы ыктымал.
Жером Пауэлл өз сөзүндө АКШ экономикасы жакшы абалда экенин көрсөтүүгө аракет кылды жана бул чараны жөн гана алдын алуу катары түшүндүрдү. Ошондой эле, президент Трамптын басымына карабастан, келечекте мындай төмөндөтүүлөрдүн сериясы уланбай турганын билдирип, доллардын бир аз болсо да көтөрүлүшүнө же жок дегенде тез кыйроосун алдын алууга шарт түздү.
Бирок Трамп бул кадам менен эле токтоп калбайт, ал басымды күчөтөт жана аны чоң аймактык согушту тездетүүгө, ал тургай дүйнөлүк согушка алып барууга түртүшү мүмкүн. Бул болсо АКШ экономикасына бир нече багытта жардам берет:
- Аскердик өнөр жай жана энергетика тармактары чоң пайда табат.
- Бардык өлкөлөрдүн аскердик чыгымдары жана мамлекеттик карыздары өсөт.
- Жеткирүү чынжырлары үзүлгөндүктөн ички керектөө алсырайт.
Ошентип доллар убактылуу болсо да коопсуз абалда сакталып турат. Бул нерсе 1990–1991-жылдардагы Биринчи булуң согушунда, ошондой эле 2022-жылы башталган Орусия–Украина согушунда болуп жатканы сыяктуу көрүнүш.
Экономикалык жактан чоң зыянга учурай турган тарап — Европа Биримдиги. Анткени энергия баасынын өсүшү жана аскерий чыгымдардын кымбатташы аны ички жактан да титиретиши мүмкүн. Ошондой эле Кытай да энергияны кымбат баада импорттогондуктан жана товарларды экспорттоодо соода жайлап калгандан улам олуттуу жоготууларга учурайт. Булардын баары ишке ашышы үчүн согуш Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө сөзсүз башталышы керек.
Бирок мунун баары АКШ экономикасын каржылык кыйроодон сактап кала албайт. Болгону аларга өздөрүн башкача формада кайра жаратууга мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Эгерде капитализмдин ичинен эмес, сыртынан чыккан жана ага эч тиешеси жок альтернатива пайда болбосо.
Ошентип капиталисттик түзүм толугу менен кыйрап жатат. Анын таянычтары негизинен урап калган. Жаңы дүйнөлүк түзүм пайда болгондо, ага «ырайымсыз ок» тийип, Аллах кааласа аны түбөлүккө жок кылат. Ал жаңы дүйнөлүк түзүм — адилеттик жана ырайым болгон Ислам түзүмү.
Албетте Ислам келери шексиз, бүтүндөй дүйнө муну билип турат. Бул зулумдук менен караңгылыктардын баарына карабай, дагы эле чакырып жаткан Хизб бар жана ал Исламий жашоону кайра баштоого чейин токтобойт. Эй мусулман үммөтү, Хизб чакырып жаткан жолго карай кадам таштаңыздар, ага тирек болуңуздар. Эй күч жана кудурет ээлери, ага жардамчы жана ансар болуңуздар. Анткени бул — Пайгамбарыбыз ﷺ бизге сүйүнчүлөгөн «рашид Халифалык» долбоору. Каапырлар жек көрсө да Аллах өз нурун толуктап бүтөөрү шексиз:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾
«Ал (Алла) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин менен, мушриктер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». (Тообо: 33).