
Ибн Салман АКШ менен аскердик келишимин талкуулоо үчүн Ак үйгө барат
بسم الله الرحمن الرحيم
Жаңылык:
CBS телеканалынын маалыматына ылайык, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад ибн Салман 18-ноябрда Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугат. Бул сапар Эр-Рияд менен Вашингтондун биргелешкен коргонуу келишимин түзүү аракеттеринин алкагында өтөт. Маалыматка ылайык, ханзааданын визити Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү алгачкы сапары болот. Эки тарап май айында жетишилген келишимдерди, ошондой эле эки өлкө ортосундагы аскердик жана чалгындоо маалыматтарын алмашуу маселелерин да талкуулашат.
Комментарий:
Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучулары бул үммөт үстүндөгү убадаларына да, милдеттерине да карашпайт. Яхудий түзүмү Палестинадан тартып Сирияга, Иракка, Иранга, Катарга, Йеменге жана Ливанга чейинки Ислам жерлерине ырайымсыз сокку урууда…
Ал эми мындай келишимдер аскерлерибизге кирип келүү жана аларды чоң державалардын көзөмөлүнө алуу үчүн колдонулган колонизаторлук ыкма болуп саналат. АКШ болсо Сауд Арабиясы менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы мамилелерди расмий нормалдаштырууну көздөөдө. Мунун чыныгы максаты, мусулмандардын жерлерине үстөмдүк жүргүзүү жана алардын байлыктарын талап-тоноп алуу. Бул Трамптын мурунку Сауд Арабияга болгон сапарында “инвестиция” деген шылтоо менен алган ири суммадагы акчалар сыяктуу эле иш.
Ал эми шаръий өкүм боюнча Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
“Мушриктердин отунан жарык албагыла”.
Ошондуктан, мусулмандарга мындай келишимдерди түзүү харам. Саудия элине кайрылабыз: бул башкаруучуларга аскерлериңерди Американын колуна тапшырууга жол бербегиле! Бул колонизатор силерди кыйроого алып барып, байлыгыңарды соруп жатат. Унутпагыла, силердин жериңер вахий түшкөн жана Пайгамбарыбыз ﷺ чыккан жер! Ушул жерден Ислам аскерлери Рум жана Перс мамлекеттерине каршы жихадга чыккан. Силердин жериңер бүт дүйнө көз салган ыйык Мекке бар аймак!
Оо Саудия армиясынын офицерлери жана жоокерлери! Сак болгула, Американын колонизатордук кучагына кулап түшпөгүлө. Зулумдарга унчукпай коюу харам. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلاَ تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ﴾
“Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт” (Худ: 113).




