Кыргызстан ЖККУ уюмунан чыгышы керек

Кыргызстан ЖККУ уюмунан чыгышы керек
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЖККУ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында терроризм, экстремизм жана улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. О.э Борбор Азия жана Афганстандагы туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн БУУнун аймактык борборун түзүүгө багытталган билдирүүлөргө кол коюлду. Мындан тышкары,
эл аралык маалыматтык коопсуздук жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Комментарий:
ЖККУ 1992-жылы 15-майда Ташкент шаарында түзүлгөн. Учурда уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, ОрусияжанаТажикстанмүчө. Өзбекстануюмдункурамынан 2012-жылы чыгыпкеткен.ЖККУнункурамында 26 миңтуруктуу аскер жана 4 миңденашыктынчтыктысактоочуаскердентурган 10 батальон бар. Анын 3 батальону Россияга, экөөКазакстанга, калган өлкөлөргөбирден батальон тиешелүү. Аба күчтөрүнөн 10 аскердикучакжана 14 тик учакКыргызстандагыОрусиянын авиа базасындажайгашкан.
ЖККУ уставында уюмдун максаты “тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргоо” экендиги жазылып турат. А бирок, бул уюм өзүнүн мүчөсү болгон бир мамлекетке кол салуу болгон учурда анын коопсуздугун коргобостон, окуяга көз жумуп койгон учурлар арбын. Маселен, 2020 жана 2022-жылдары Армения менен Азербайжандын ортосунда согуштук аракеттер жүрүп жатканда, Армения уюмдун мүчөсү болгонуна карабай, ЖККУ бул окуяга эч кандай реакция кылбастан, четте турган. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан чек ара жаңжалдарына дуушар болгон учурда, ЖККУ жөн гана билдирүүлөр менен чектелип, иш жүзүндө кийлигишкен жок. Бул фактылар ЖККУда кабыл алынган келишимдер Россия кызыкчылыгына төп келсе гана ишке ашаарын көрсөтүп турат. Ал эми, Уюмдун иш-чараларына катышпай жаткан Арменияга ар кандай басым өткөрүүгө аракет кылууда. Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Кыргызстанга жасаган расмий сапарында, Армения бийлигине карата төмөнкү билдирүүнү жасады: “Эгерде Армения союздаштарынан, өнөктөштөрүнөн жана кошуналарынан жүз бурса, армян эли мындан пайда көрбөйт. Арменияны уюмдун толук кандуу мүчөсү деп эсептейбиз. Бирок мында ЖККУнун уставдык документтеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, анын ичинде жыйым төлөө каралган. Биз армян бийлигинде тургандардан тактыкты, ачык-айкындуулукту күтөбүз”.
Көрүп турганыбыздай, ар түрдүү эл аралык уюмдар, союздар эч качан алсыз өлкөлөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Ал уюмдар колонизатор куфр мамлекеттердин таасирин күчөтүүгө гана кызмат кылат. Буга кошумча, аймактагы режимдер үчүн Ислам идеологиясы коомдук түзүлүшкө альтернатива болгондуктан, бул уюмдар Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүнү негизги максат кылып алышкан. Бул күрөш экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу астында алып барылат. А бирок, чыныгы экстремисттердин бийликти кулатып төңкөрүш жасоолоруна тескерисинче жардам беришет. Буга Казакстандагы Назарбаевдин бийлигин Токаевге өткөрүп берүү үчүн башаламандык учурунда ЖККУ күчтөрү аралашканы ачык мисал болуп берет.
Андыктан, Борбор Азиядагы мусулман өлкөлөр буга окшогон куфрга негизделген аскерий уюмдардан чыгып кетүүсү шарт. Бул аталган уюмдун уставына да каршы келбейт. Анын ордуна мусулман өлкөлөрү Ислам негизинде биригип, Халифалык мамлекети аркылуу калктын коопсуздугун камсыздап, душман коркунучтарына каршы туруу зарыл. Анткени, Расул (с.а.в) айткан: “Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат. Эгер адамдарды Аллах Тааладан коркууга буйруп, адилеттүү болсо ал үчүн сооп болот , ал эми башка нерсеге буюрса, ал үчүн жаза бар”. Муслим риваят кылган.
Нурдин Асаналиев