Комментарий
Trending

Мисирдин Фараону “адилеттүү жана эр жүрөк тынчтыкты” даңазалайт!

بسم الله الرحمن الرحيم

Мисирдин Фараону “адилеттүү жана эр жүрөк тынчтыкты” даңазалайт!

Жаңылык:

Мисир президенти ас-Сиси Октябрь согушунун эки жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: «Мисир менен Израил ортосундагы адилеттүү жана эр жүрөк тынчтык өч алуу айлампасын токтотуп, душмандык дубалын бузду жана тарыхта жаңы барак ачты» (Шабака Расд, 06/10/2025).

Комментарий:

Чындыгында, адам уялбаса – каалаганын кыла берет! Бул фараон “адилеттүү жана эр жүрөк тынчтык” тууралуу айтып жатат, ошол эле учурда яхудий түзүмү жапайы жырткычтар да кылбаган ыпластык жана жырткычтык геноцид көрсөтүүдө. Алар Газаны толугу менен талкалап, жүз миңдеген адамдардын канын төгүштү. Мисирдин фараону ушундай түзүм менен адилеттүү жана эр жүрөк келишим тууралуу кантип сүйлөй алат?!

Ал “бул тынчтык өч алуу айлампасын токтотуп, Мисир эли менен яхудийлердин ортосундагы душмандык тосмосун бузду” дейт. Эгер ушинтип ойлосо, анда эмне үчүн бул фараон Мисир менен Газанын чек арасын ачып, элдин абалын өзү барып көрбөйт? Алар яхудий түзүмүн жер жүзүнөн кантип жок кыларын өз көзү менен көрсүн эле!

Ас-Сиси билип туруп эле калп айтууда. Ал яхудий түзүмү менен тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин душмандык жана өч алуу сезими жоголду деп айтууда. Бирок бул жалган, анткени алар эч кандай келишимге же макулдашууга маани беришпейт. Ар бир мүмкүнчүлүк болгондо келишимдерди бузуп, анттарын жокко чыгарышат. Бул боюнча далилдер өтө көп, мындай абал өткөндө да, бүгүн да болуп келе жатат. Жакында эле Аллахтын душманы Нетаньяху “Улуу Израил” долбоору тууралуу айтып, ага Сирия, Ливан, Мисир, Ирак жана Түркиянын бөлүктөрү кирерин жар салган. Бул яхудийлердеги душмандык жана өч алуу сезими жоголбогонун, тескерисинче, Сиси сыяктуу сионисттерде гана жоголгонун көрсөтөт.

Булардын баары – Сиси жана өзүнө окшогон ыплас өкүмдарлар тарыхта чындыгында эле жаңы барак ачышканын, бирок ал барак уят, кордук жана чыккынчылык менен толтурулганын далилдеп турат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button