
Сейрек кездешүүчү заттар үчүн согуш
Жаңылык:
Кытай сейрек кездешүүчү металлдардын экспортуна кеңири чектөө жарыялагандан кийин, АКШ менен болгон соода согушу кайра тутанып, дүйнөлүк базарларда тынчсыздануу жаратты. Бул тууралуу Британиялык ВВС агенттиги маалымдады.
“2025-жыл үчүн №62-билдирүү” деген аталыштагы Кытай Соода министрлигинин документи экспорттук шарттарды кескин катуулатты. Эми чет элдик компаниялар сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоодон мурда өкмөттүн алдын ала уруксатын алып, алардын колдонулушунун максатын көрсөтүүгө милдеттүү. Бул талап металл өтө аз өлчөмдө камтылган продукцияларга да тиешелүү. (Al Jazeera Net)
Комментарий:
Бүгүн адамзат салттуу курал менен жүргүзүлүүчү согуштардан айырмаланган жаңы согушту баштан кечирүүдө. Бул сейрек кездешүүчү заттар үчүн согуш. Анын фронту базарларда, кендерде жана лабораторияларда жайгашкан, ал эми башкаруусу стратегиялык пландоо бөлмөлөрүнөн жүргүзүлөт. Бул заттар заманбап өнөр жайдын жүлүнү жана XXI кылымдагы экономикалык жана аскердик күчтүн ачкычы болуп калды.
Литий, кобальт, никель жана башка сейрек кездешүүчү элементтер – смартфондордон тартып электромобилдерге, ракеталардан спутниктерге чейин азыркы жана келечектеги бардык технологиялардын негизи. Ошондуктан бул материалдар ири державалардын ортосундагы жашыруун куралга, экономикалык жана саясий үстөмдүк булагына айланды.
Көптөн бери Батыш – өзгөчө АКШ жана Европа өлкөлөрү – энергия булактарына ээ болуу дүйнөнү башкаруу үчүн жетишсиз экенин түшүнүштү. Алар келечек технологиянын жана анын сейрек кездешүүчү ресурстарды ээлөөдө экенин аңдашты. Ошондуктан дүйнөлүк таасир картасын эми нефть менен газдын эмес, кендер менен металлдардын негизинде кайрадан чие башташты.
Ал эми Кытай болсо, бул тең салмактуулукту бузуп, дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү заттардын 60 пайызынан көбүнө ээлик кылып, өнөр жай жеткирүү чынжырларынын башкаруусун өз колуна ала алды. Бул Батышты тынчсыздантып, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы экономикалык жана саясий атаандашууну курчутту.
Ислам өлкөлөрүнө келсек, кең аймактарына жана табигый байлыктарына карабастан, алар бул согуштун четинде турушат. Африкадан Азияга чейинки көптөгөн өлкөлөрдүн жер астында сейрек кездешүүчү металлдардын зор запасы бар, бирок стратегиялык көз караштын жоктугу жана саясий чечимдердин Батыш экономикасына көз карандылыгы аларды жөн гана чийки зат жеткирүүчүгө айлантты.
Бул материалдар мусулман жерлеринен казылып, арзан баада экспорттолот да, кайра кымбат баада иштетилген товар түрүндө импорттолот. Ошентип, үммөттүн байлыгы сыртка агып, анын өзүнө пайда алып келбейт. Мунун себеби, бул кен байлыктарды үммөттүн пайдасына колдонгон исламий долбоорлордун жоктугунда.
Эгер саясий эрк жана экономикалык биримдик бар болгондо, Ислам өлкөлөрү дүйнөлүк күчтөрдүн таразасында көз каранды эмес, тескерисинче, таасир этүүчү оюнчуга айлана алмак. Анткени Ислам дүйнөсүндө чоң географиялык аймак, стратегиялык жайгашуу, табигый ресурстар жана зор адамдык потенциал бар. Болгону, бул мүмкүнчүлүктөрдү бириктире турган жана тышкы үстөмдүктөн экономикалык чечимди бошото турган бирдиктүү долбоор керек.
Сейрек кездешүүчү заттар үчүн болгон согуш — бул жөн гана экономикалык эмес, акыл, аң-сезим үчүн, өз алдынчалык үчүн, жана келечекте ким чечим чыгарарын аныктоо үчүн болгон согуш.
Эгерде Ислам үммөтү бул эл аралык абалдагы өз ордун кайра аныктап, ордунан турбаса, анын байлыктары башкалардын кызматында калат. Ал эми өзү анын тагдырын башка бирөөлөр чечкен дүйнөдө айланып жүрө берет.
Биз бүгүн өтө маанилүү бурулушта турабыз: же биз байлыгыбызды сатып, продукциясын сатып алган көз каранды керектөөчүлөр болуп калабыз, же болбосо бул экономикалык согушту хазарий жана лидердик ролубузду кайра жандандыруунун мүмкүнчүлүгү катары түшүнөбүз.
Эгер үммөт Раббисине кайтып, катарын бириктирип, Ислам байрагын көтөрсө, бул нерсе ал үчүн кыйын эмес.
﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ﴾
«Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Алланыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы» (Мунафикун: 8).




