
Ташиевдин талабы ишке ашабы?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди.
“Мамлекетибизде электр тармагы боюнча президентибиз койгон негизги тапшырмаларды аткара баштадыңар деп ойлойбуз. Кыш келатат. Андан тышкары суубуз быйыл аз. Бирок ошого карабастан мамлекетте свет өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Мунун баары биздин энергетиктерге тапшырма”, – деди Ташиев.
Буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев маектеринин биринде калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырган. Ал эми, анын орун басары Эмилбек Ысманов Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,6 млрд кубометрге аз экенин, кыш мезгилине чейин суунун көлөмүн талап кылынган деңгээлге чейин чогултуу мүмкүн эместигин билдирген.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашат. Бул болсо кыш мезгилинде 4 млрд кВт/саат таңкыстык болоорун билдирет.
Комментарий:
Кыш мезгили келе электе Бишкекте жана аймактарда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Ал эми, электр энергиясынын баасы жыл сайын 15%дан ашык өсүп жатат. Буга чейин энергетика министри Ибраев электр энергиянын баасы инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын билдирген. А бирок, иш жүзүндө тариф инфляцияга эмес, өкмөттүн токтомуна ылайык көтөрүлүп жатат. Буга кошумча, калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү кубаттуулукта берилбей келет. Маселен, электр энергиясы калкка 220 кВт кубаттуулукта эмес, 160-180 кВт менен берилүүдө.
Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом инвестиция салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Белгилүү болгондой, расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда. Майнинг фермалар учурдагы бийликтин стратегиялык максаттарына кызмат кылгандыктан, мындан ары да алардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип бара бермекчи.
Демек, Ташиевдин тапшырмасы берилгени менен өлкөдөгү энергетика кризиси жакынкы жылдары чечилбейт. Анткени, бизге өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик мыйзамдар карапайым калктын эмес, капиталисттердин кызыкчылыгын коргоого кызмат кылат.
Нурдин Асаналиев




