
ТМУ өкмөт башчыларынын саммити Кыргызстанда өттү
Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында айтылды.
Маалыматка ылайык ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу алгачкы жолу өтүп жатат. Бул саммит Уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү баскычы экени айтылды.
Жолугушууда Жапаров «Саясий эрк менен колдоого алынган практикалык кадамдар биздин Уюмдун мындан ары бекемделишине жана кадыр-баркынын жогорулашына өбөлгө түзөт”, – деп билдирди. Ал көптөгөн экономикалык, инфраструктуралык, гуманитардык маселелерди өкмөт башчыларынын деңгээлинде ийгиликтүү чечсе болорун кошумчалады.
Комментарий:
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу макамдагы өлкөлөрдүн Кипр жана “израил” боюнча карама-каршылыктуу позицияларына карабастан, өз ара кызматташтык чыңдалууда. Башкача айтканда, уюмга агалык кылган Түркия Түндүк Кипрдин эл аралык деңгээлде таанылуусун каалайт, бирок Европа Биримдигинин басымы жана экономикалык басымы себептүү ТМУга мүчө өлкөлөр Кипрди таануудан карманып келишет. Ошондой эле, Казакстан менен Азербайжан жана байкоочу макамдагы Венгрия ачык түрдө “израил” менен соода байланышты активдүү улантууда. Ал эми, калган өлкөлөр ооз эки түрүндө болсо да яхудий түзүмүнүн баскынчылык аракеттерин айыптап келишет.
А бирок, Түрк мамлекеттер уюмунун түзүлүшүнөн максат эл аралыкмайданда бир позицияны кармануу же биримдик эмес. Бул уюм Борбор Азия аймагындагы мусулмандардын улутчулдук туйгуларын козгоо аркылуу аларды Россия менен Кытайдын таасиринен алыстатууну максат кылат. Анткени, 175 миллион калкы бар, 4, 5 млн чарчы чакырым аймакты ээлеген жана 2,1 трлн Ички дүң продукциясы бар түрк дүйнөсү колонизаторлордун кызыкчылыгы кесилишкен чекит болуп эсептелет.
Бул уюмду мусулман дүйнөсүн куткаруучу күч катары карагандар да бар. А бирок, турмуш чындыгы мунун тескерисин көрсөтүүдө. Алыс барбай эле, 7-октябрь окуясынан кийинки абалды карасак, Азербайжан менен Казакстан Түркия аркылуу баскынчы яхудий өкмөтүн мунай жана газ менен камсыздап келүүдө. Газага бир уурттам суу жеткире албай жаткан бул өкмөттөр жөөт вужудуна азык-түлүк жана кийим-кечелерди да экспорттоп жатышат. Мындан белгилүү болгондой, Түрк мамлекеттери уюму эч качан мусулмандар жөнүндө кайгырбайт жана аларды коргобойт. Бул уюм Кытайда зулумдук чегип жаткан уйгурлар маселесинде да алсыз позицияны карманып: “Бул Кытайдын ички иши, биз башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпайбыз”, – деп айткан. Демек, Түрк мамлекеттери уюму Американын колундагы бир курал болуп, расмий Вашингтон аймактагы мамлекеттерге Эрдоган аркылуу таасир өткөрүүгө аракет кылат. Андыктан, Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнө АКШнын стратегиясынын алкагындагы иш катары карашыбыз керек.
Нурдин Асаналиев