Комментарий
Trending

Эки мамлекет чечими: пикир жана чындык

Эки мамлекет чечими: пикир жана чындык

Жаңылык:

Эрдоган: «Газа келишимин сактоо абдан маанилүү… Эки мамлекет чечими туруктуу тынчтыктын негизги шарты» (Аш-Шарк).

Комментарий:

Эки мамлекет чечимин дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер, айрыкча бул идеянын ээси жана жайылтуучусу болгон Америка жактап келет. Бирок суроо туулат: бул идеяны ишке ашырууда кандай тоскоолдуктар бар? Америка аны ишке ашырууга чындап кызыкдарбы? Же бул идея Жакынкы Чыгыш аймагы, Ислам өлкөлөрү жана яхудий түзүмү ортосундагы болгон жаңжалдарды курчутуп, Америкага аймакта калуу жана үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн берген долбоорбу?

Эки мамлекет чечими Британия сунуштаган «бир секулярдык мамлекет» долбооруна каршы Америка тарабынан иштелип чыккан идеологиялык негизге таянат. Ал долбоор ишке ашпай, «эки мамлекет чечими» деген долбоор анын ордуна келген. Бул долбоор боюнча аймакта эки коңшу мамлекет түзүлүшү керек. Алардын бири Палестинанын 75% аймагын камтыган яхудий түзүмүнө таандык мамлекет, экинчиси болсо калган 25% жерде жайгашкан Палестина мамлекети. Бирок бул долбоорду ишке ашырууда эсепке алынбаган же атайылап көз жаздымда калган бир катар тоскоолдуктар бар:

Биринчи тоскоолдук — акыйда маселеси. Палестина мусулмандар үчүн ыйык жер, демек ал үммөттүн акыйдасы менен түз байланышкан. Ошондуктан анын бир карыш жерин болсо да яхудий түзүмүнө таандык деп таануу катъий түрдө харам болуп эсептелет. Бул мажбурлоо астында болобу же өкүмүн билбегендиктен болобу, айырмасы жок. Ал эми Палестинанын өкүмүн билген адам о.э. Пайгамбарыбыз ﷺ  Исра түнүндө сапар кылган жер экенин, анын Мекеге байланышканын, ал биринчи кыбла жана үч ыйык мечиттин бири экенин, аны Момундардын Амири Умар رضي الله عنه  фатх кылып, ачкычтарын кабыл алганын, ал жердин топурагы Халифалык доорунан бери миллиондогон шейиттердин каны менен сугарылганын билет. Эгер бир мамлекет же эки мамлекет долбооруна макул болсо, анда ал, шексиз, фасык жана анык мунафык.

Ислам жеринин өкүмү мындай: эгер анын бир карыш жери басып алынган болсо, аны кайра кайтарып алуу жана баскынчыларды кууп чыгуу ар бир мусулман эркек жана аял үчүн фарз айн, намаз жана орозо сыяктуу милдет. Бул жолдо ким шахид болсо, ал Аллах алдында улуу даражага жетет.

Экинчи тоскоолдук тарыхый мураска болгон талаш. Бул жер боюнча яхудий түзүмү менен мусулмандар ортосунда талаш бар, анткени ар бир тарап өзүн ага ээ болууга татыктуу деп эсептейт. Бул эки тараптын тең тарыхый мурасы болгондуктан, бир тараптын аны жалгыз менчиктештирүүсүнө жол бербейт.

Үчүнчү тоскоолдук жашоо үчүн негиздердин жоктугу. Эгер жоромол түрүндө айтсак, Батыш жээктин калган бөлүгүндө палестин мамлекети түзүлсө, ал жашоого кандай жөндөмдүү болот? Анткени бул жер экономика, ресурстар, суу, чек ара жана аскердик мүмкүнчүлүк сыяктуу өз алдынча жашоонун негизги шарттарынын эч бирине ээ эмес.

Төртүнчү тоскоолдук, аль-Акса мечити. Аль-Акса мечитин яхудий түзүмү өздөрүнүн ойдон чыгарылган «ибадат сарайынын» (храмдын) орду деп көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Алар бул ойдон чыгарылган храмды куруу үчүн Аль-Акса мечитин бузуу керек деп эсептешет. Мына ушул коркунучтун өзү эле бүтүндөй аймакты чыңалтып жибере турган олуттуу себеп болуп, эки мамлекет долбоорунун ишке ашышына негизги тоскоолдук болуп турат.

Бул тоскоолдуктардын бардыгы белгилүү болгондон кийин, үстүнө демографиялык факторду да кошкондо, эки мамлекет долбоору — бул чынында курулай, жасалма жана атайылап чыр чыгарчу долбоор экени анык болот. Анын максаты, аймактагы жаңжалды тынымсыз кармап туруу, мамлекеттерди Америкага баш ийген абалда сактоо жана региондук саясий картаны каалагандай өзгөртүп турууга шарт түзүү. Америка каалаганда от жагып, каалаганда өчүрүп, мамлекеттерди артынан айдаган койлор сыяктуу бирдей көзөмөлдөп турат.

Ошондуктан бул түйшүктүн чечими жарым-жартылай ыкмаларда эмес, түбөлүк жана түпкү чечим менен т.а. Пайгамбарыбыз ﷺдын минхажы негизинде курулуучу Халифалыкты кайра орнотуу менен гана ишке ашат. Ушул аркылуу Ислам турмушу кайра жанданат, яхудий түзүмү менен Американын таасири толугу менен мусулмандардын жерлеринен жулунуп ташталат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button