Комментарий

Өлкөдө күйүүчү майдын запасы бир айга жетпейт

Өлкөдө күйүүчү майдын запасы бир айга жетпейт

Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын запасы бир айга жетпейт, абал курч. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эки айга жеткидей запас турчу. Күйүүчү май импорттолуп жатканы менен аз көлөмдө келип жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү майдын кымбаттоосу учурда да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 80-82 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 74-76 сомго, дизел 73 сомдон 78-80 сомго көтөрүлдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азыр бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы абалга байланыштуу экенин билдирүүдө.

Комментарий:

Күйүүчү майдын кымбатташы, шексиз, транспорт жана жүк ташуу бааларынын көтөрүлүшүнө, арийне, дээрлик бардык товарлардын баалары кымбатташына алып келет. Ансыз да жакырчылык менен жумушсуздук күч алып, маяналар инфляцияны кубалап жетпей жаткан кыргызстандыктар үчүн бул кошумча түйшүк болуп эсептелет. Мунун себеби катары Орусия менен Украина ортосундагы согуш айтылып жатса да, түпкүлүгүндө мындай абал кыргыз бийлигинин Орусияга күнкор саясатынын натыйжасы десек болот. Анткени, Кыргызстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгын камсыздоону Орусия монополия кылып алган. Ал эми, жаныбыздагы Казакстан мунайын импорттоого жасалма түрдө ар кандай тоскоолдуктар коюлган.

Ал эми бул абалдын түпкү чечими Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуу жана шарияттын мүлккө карата көз карашын кабыл алуу болуп эсептелет. Ислам күйүүчү майды жалпы элдик мүлк түркүмүнөн кылган. Тагыраагы, бүткүл Ислам жериндеги мунай заттарынан жалпы мусулмандар пайдаланууга тийиш. Аны жеке компаниялар же мамлекет  менчик кылып алуусуна тыюу салынат. Балким, мамлекет аны жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө шарт түзүп берет.

Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ» رواه أحمد

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто» (Имам Ахмад риваяты). Бул болсо Кыргызстан сыяктуу мунай заттарына муктаж мусулман өлкөлөрү мунай кени үлкөн көлөмдө жайгашкан аймактар аркылуу камсыздалышын билдирет. Ал эми, Орусия сыяктуу каапыр мамлекеттердин биздин үстүбүздөн үстөмдүк кылышына, калктардын стратегиялык товарларын монополия кылып алуусуна жол берилбеши керек.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button