
Кыргызстандагы диний саясат
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин жетекчиси Азамат Юсупов, мамлекеттеги диний саясатты чектөөчү максаттарын ачык мойнуна алды. Бул тууралуу ал, 24.kg сайтына берген интервьюсунда билдирди.
Диний иштер боюнча улуттук агенттиктин башчысынын толук маегин келтирбестен, биз анын сөздөрүндө диний чөйрөдөгү чектөө саясаты ачык көрүнгөн айрым учурларын белгилеп кетебиз.
- Саясаттын жалпы багыты
Биринчиден, бул маек Кыргызстандагы диний чөйрөгө карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган туруктуу тенденцияны ачык көрсөттү. Дин тутуу эркиндиги жана чыр-чатактардын жоктугу тууралуу риторикага карабастан, сунушталган чаралар диний активдүүлүктү ырааттуу түрдө чектеп, аны жөнгө салууга жана борборлоштурууга багытталууда.
Расмий максат “тартиптештирүү” жана “сапатты жогорулатуу” деп айтылганы менен, иш жүзүндө бул диний уюмдардын көз карандысыздыгын чектөөгө кызмат кылууда.
- Диний инфраструктураны чектөө
Бийлик диний имараттарды курууну катуу көзөмөлгө алды: жаңы объекттер комиссиянын уруксаты менен гана курулуп, айланасында бир нече километр аралыкта, башка диний объект болбошу талап кылынат. Жеке менчик жерлерге курууга тыюу салуу менен демилгелүү топтор инфраструктураны өз алдынча өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.
“Сан эмес сапат” деген ураан, идеологиялык шылтоо катары иштетилип, диний мейкиндиктин өсүшү чектөөлүүдө жана көзөмөл мамлекет менен расмий диний башкармалыктын колуна топтолууда.
- Диний объекттерди борборлоштуруу
Бардык диний объекттер КМДБнын же мамлекеттик органдардын карамагына өткөрүлүүдө. Инвентаризациялоо жана мүлктү өткөрүп берүү, иш жүзүндө диний инфраструктураны мамлекетке өткөрүүгө алып келди. Бул жеке же коомдук диний демилгелерди жокко чыгарып, диний жашоону толук бюрократиялык башкарууга көз каранды кылууда.
- Диний таалимди көзөмөлдөө
Фатва чыгарууну монополиялоо, китептердин, окуу программаларынын жана долбоорлордун макулдашылышын милдеттендирүү – мунун баардыгы, алдын ала ар кандай диний мазмунду көзөмөлдөөгө шарт түзүүдө. Расмий сызыктан чыккан ар кандай диний ишмер, мыйзам бузуучу катары кабыл алынып, өз алдынча теология менен алектенүүгө тыюу салынууда. Натыйжада мамлекет колдогон “расмий диний версия” үстөмдүк кылып, башка агымдар кысымга алынууда
- Санариптик мейкиндикте динди көзөмөлдөө
Интернетте иш алып барган диний насаатчыларды милдеттүү каттоодон өткөрүү – диний билдирүүлөрдү лицензияланган ишке айландырууда. Соцтармактарды көзөмөлдөгөн бөлүмдөр, санарип мейкиндиктеги диний чөйрөнү толук байкоо астындагы аралыкка айландырууда. Андыктан, ар бир көз карандысыз пикир “мыйзамсыз аракет” болуп эсептелиши мүмкүн жана эркин диний талкуу жүргүзүүлөр чектелет.
- Даават ишин чектөө
Үймө-үй даават кылууга тыюу салуу жана даават ишин толугу менен КМДБнын көзөмөлүндөгү мечиттерге өткөрүү – диний идеяларды жайылтуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Насаат айтуу маршруттары жана өткөрүлүүчү жайлары диний структуралар жана жергиликтүү бийликтер тарабынан милдеттүү түрдө бекитилиши зарыл болгондуктан, жамааттардын өз алдынча ишмердүүлүгү кескин төмөндөйт.
- Тышкы таасирди жөнгө салуу
Чет өлкөдө диний илим алууну чектөө, макулдашкан жогорку окуу жайларынын тизмесин түзүү, жашы жете электерге илим алуу жолдорун бекитүү жана кайтып келген дин кызматкерлерин милдеттүү түрдө кайра даярдоо – мунун баардыгы диний ой жүгүртүүнү бөгөттөөчү чыпкага айланууда. Жергиликтүү диний мейкиндикти эл аралык жамааттардан бөлүп салуу үчүн чет өлкөлүк диний уюмдар каттоого киргизилүүдө. Бул өз учурунда, көзөмөлдү дагы да күчөтөт.
- Саясий активдүүлүктү чектөө
Диний ыйгарым укуктарды тапшырган соң, беш жыл бою саясатка аралашууну чектөө – бул диний лидерлердин саясий иш алып барууларын тыюуу үчүн иштеп чыгарылган жаңы бир ыкма. Натыйжада, диндин коомго жана саясий процесстерге болгон таасири азаят жана ошол эле учурда динчил адамдар саясатка катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, өз мейкиндигинде гана кала беришет.
- Турмуштагы диний көрүнүштөргө кийлигишүү
“Диний көрүнүштөрдүн кээ бирин жагымсыз” деген шылтоо менен, бетти жапкан кийимдерге тыюу салуу – бул диний көрүнүштөрдү көзөмөлдөөгө жасалган аракет. Ошентип, коопсуздук тууралуу айтылган расмий жүйөлөр, чындыгында, диний эркиндиктин жеке көрүнүштөрүн тартипке салуучу көмүскө курал катары колдонулууда.
- Комиссиянын көзөмөлдүк ролу
Расмий түрдө ишеним эркиндигин колдогон орган катары көрсөтүлгөн Улуттук комиссия, иш жүзүндө көзөмөлчү структура катары иш алып барууда. Ал теология, инфраструктура, билим берүү, коомдук билдирүүлөр жана саясий ишмердүүлүк сыяктуу маселелерге кийлигишүүдө. Сырттан өнөктөш катары көрүнгөнү менен, жогорудагы агенттик иш жүзүндө көзөмөлдөөчү механизм катары иш алып барууда. Муну «кой терисин жамынган карышкыр» деп атаса болот. Мындан көздөлгөн максат, динди мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүү. Андыктан, бул уюм динди колдобойт жана өнүктүрбөйт.
- Жалпы багыт
Бул өзгөрүүлөр диний чөйрөнү толук көзөмөлдөөчү, жөнгө салынган, өз алдынча демилгелерден тазаланган жана жогору жактан башкарылуучу системаны түзүүдө. Сапатты жогорулатуу жана радикализмди алдын алуу риторикасы менен кошо, диний автономияны ырааттуу түрдө кыскартуу ишке ашырылууда. Натыйжада, Кыргызстанда, дин барган сайын коомдук жашоонун мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бутагына айланып барууда. Анда дин тутуу эркиндиги оозеки түрдө гана сакталып, ал эми чыныгы диний ишмердүүлүккө катуу белгиленген эрежелердин чегинде гана уруксат берилет.
Жыйынтык
Жогорудагы сүрөттөлгөн системага жана болуп жаткан окуяларга ылайык, мусулмандар бул нерселерди чыныгы дин эркиндиги деп эсептей албайт. Расмий түрдө жарыяланган эркиндиктер, учурдагы дин ишмердүүлүгүн чыпкалоо, катуу көзөмөлдөө жана баш ийдирүү иш аракеттерине тап-такыр тескери келет.
Демек, саясат мусулмандар менен кызматташууга негизделбегенине дагы кандай далил керек? Мамлекет мусулмандарга карата копол саясатты алып барууда жана массалык маалымат каражаттары аркылуу динге каршы адилетсиз күрөш жүргүзүп, бул максатка карай ар түрдүү админстративдик куралдарды иштетүүдө.
Албетте, мунун натыйжасында мамлекет менен диний жамааттар ортосундагы ишеним деңгээли төмөндөйт. Ал эми диний чөйрөнү колдоо жана эркиндик жөнүндөгү сөздөр жөнгө салуунун реалдуулугуна дал келбеген жана бир гана максатты көздөгөн декларацияга айланат. Мындан көздөлгөн максат, Исламдын өнүгүшүнө каршылык көрсөтүү жана баскынчылардын пландарын ишке ашыруу!
Абду Шүкүр




